Описание товара
Барпы акын Жеңижок акындын суроосуна жооп
бералбай "ак жеңилдим" дегенде, эл өзү эмне дейт экен деп Жеңижокту
карап калышат. Ошондо Жеңижок "Жакшы болот,
агайиндер, өз табышмагымды өзүм жандырып бербесем ар ким ар кандай ойдо калышы
мүмкүн, табышмакты жараткан адам чечпей калмак беле! Бирак, Барпы балам, деле
жакшы ырчы, мен да көктүгүмдү карматып, катуурак кетип калдым окшойт! Анткени
менен Жеңижок Барпы эмес! Барпы Жеңижок эмес! Булбулдун тили торгойдо эмес, торгойдун
тили күкүктө эмес! Ар кимиси өз-өз тилинде жакшы. Ар биринин өзүнө ылайык орду
бар эмеспи! Эмесе, өзүмдүн суроомо өзүм жооп берейин деп Жеңижоктун ырдап
турган жери:
Буйругу менен Алланын,
Жабраил периште,
Арафаттын тоосунан,
Уруксат алып кудайдан,
Адам жасап ылайдан.
Жан киргизген эмеспи! .
Ошол Адам-Атанын,
Кабыргасын чыгарып,
Обо-Эне жасап келтирип,
Чебердигин билгизип,
Ичине нурду киргизип,
Ал киргизген эмеспи!..
Жүрөктөрүн соктуруп,
Кан жүргүзгөн эмеспи!
«Раббил Алла» дегенде,
Адам-Ата, Обо-Эне,
Тура келген эмеспи!
Алла-Таала көңүлүн,
Бура келген эмеспи!
Адам-Ата, Обо-Эне,
Бейиштин төрүн жай кылды
Бейиште неге болот? деп,
Көрө албай шайтан кайгырды!
Жети кабат бейишти,
Жылан, тооз кайтарды.
Алтын берип экөөнө,
Минтип шайтан алдады.
Бейиштин кирип ичине,
Обо-Энеге жегин деп,
Ооз тийип көргүн деп,
Буудай берди кичине.
Обо-Эне бейиш булгаптыр,
Оңдуу жумуш кылбаптыр!
Каары келип кудайдын,
Адам-Ата, Обо-Эне,
Экөөбүн катар айдаптыр!
Тындырып көөнүн жайлаптыр!
Кудай кармап жыландын,
Кырк бутун шыпыра чаап кесиптир.
Кароолчусу бейиштин,
Түбүнө минтип жетиптир.
Кырк буттан жылан ажырап,
Бутсуз сойлоп кетиптир!
Ар жерге тууп, карабай,
Тооз куш болсо тентиптир!
Жылан менен тооз куш,
Жаза алышкан ушундай,
Жалганы жок кымындай!..
Уламадан уланып,
Бизге жеткен бузулбай.
Периште нурдан жаралган.
Кудайымдын кулдары,
Бирок көзгө көрүнбөйт,
Кызмат кылган бу дагы!
Ар пенденин күнөөсүн,
Жазып жүргөн ушулар.
Кыямат күнгө жеткенче,
Ташып жүргөн ушулар.
Кудайдан пайгамбарларга,
Болуп турган элчиси,
Азирети Жабраил!
Ырыскы бөлгөн пендеге,
Өз мөөнөтүн өткөрбөй,
Бир жерге катып, жашырбай,
Керек болгон учурда,
Бир тамчысын калтырбай,
Өкүм кылган булутка
Азирети Микаил!
Пенделердин жандарын,
Ала жүргөн ким десең,
Азирейл эмеспи!
Пенделердин жандарын,
Сандыгына чогултуп,
Сала жүргөн ким десең,
Исрафиил эмеспи!..
Калами шарип улук сөз,
Кудайдан келген ыйык сөз.
Кудай досу Мухаммед,
Барып келген эмеспи!
Бир барагын жоготпой,
Ыйык куран китебин,
Алып келген эмеспи!..
Жаан болуп турсун деп,
Булутту кудай жаратты.
Дүйнө жүзүн кыдыртып,
Шамалды кудай жаратты.
Ойлоп пенде чечпеген,
Амалды кудай жаратты.
Ай, Күн, жылдыз, Асман, Жер,
Баарын кудай жаратты!..
Түнү менен издешип,
Табышпаган Итак менен Сүтак дейт,-
Өз баласын башкага,
Табыштаган күкүк дейт.
Айта берсек кеп менен,
Бардык нерсе чек менен.
Бирисиз бири күн көрбөйт,
Жамгырсыз Жер көгөрбөйт,
Күндүн алтын нурусуз,
Сулуулука бөлөнбөйт!..
Токой кыйсаң суу болбойт,
Көл соолсо куу болбойт!
Кийиги болбой тоо болбойт,
Бешенеде болбосо,
Пейили жаман оңолбойт!
Башкарып турган каны бар,
Башкача күчтүү алы бар.
Ынтымактуу жашаган,
Үйрөнө турган жагы бар.
Муну кайсы десеңер,
Бул кумурска жаныбар! .
Топтолушуп жашаган,
Тили бар десең тили бар,
Тийип койсоң уюка,
Топтолуп кубар жини бар!..
Азыр айтам билип ал,
Аары деген жаныбар!..
Бир жубу өлсө, бир жубу,
Өлүп жүргөн куу болот.
Баш аягын жыйнабай,
Желип жүргөн суу болот!..
Дүйнө сырын чечмелеп,
Берген китеп куран дейт!
Он сегиз миң Ааламды,
Бийлеп турган кудай дейт!
Мухиттеги толкундун,
Күчтүү жери түбүндө.
Ыйманы бар пенденин,
Жакшы иш келет түңүлбө!..
Адамзаттын денеси.
Ак турпактан жаралган,
Акырындап көбөйүп,
Ар тарапка таралган.
Союлган мал адал дейт,
Союлбаган арам дейт.
Унутулат жакшы иштер,
Унутулбайт жаман дейт.
Буйрук, тагдыр деген бар,
Бешенеңден көрөсүң.
Тагдыр жазса айла жок,
Аргасыздан көнөсүң.
Ооруганы жаныңдын,
Ошол кордук эмеспи.
Кара ниет адамдын,
Иши зордук эмеспи!..
124 миң пайгамбар,
Булар өткөн эмеспи!..
Бул дүйнөдө ким калган?
Баарын жалмап, шыпырган,
Сен экенсиң, шум жалган!..
Күн менен Түн алмашып,
Өтүп келген эмеспи.
Өмүр көчү токтобой,
Көчүп келген эмеспи.
Эмгектенип адамдар,
Энчи табат эмеспи.
Оозун ачып жалкоолор,
Куру калат эмеспи.
Жер жүзүнө жалгыз Күн,
Нурун чачат эмеспи!..
Тозоктун кайсы белгиси?
Тоңдуруп суук кыш келди,
Тозоктон ушул бир белги!..
Жаннаттын кайсы белгиси?
Жайнатып жазда гүл берди,
Жаннаттан бул бир белги!..
Алсыздарда арыз бар,
Айтып берем, чырагым,
Куранда канча парыз бар?
Экинчи жолу жолуктук,
Экөөбүздө намыс бар.
Тил жүгүрүк, ой күлүк,
Оңой ырчы болбойсуң,
Жетилерсиң сен жүрүп!
Парыздын баары кырк болот,
Айтпасам көңүл бук болот.
Исламда болот беш парыз,
Илгиртпей айтам байкаңыз.
Биринчиси ыймандыр.
Мусулман кызмат кылгандыр.
Экинчиси намаздыр,
Шайтанды кудай көрсөтпө,
Жолуктурбай адаштыр!..
Үчүнчүсү зекеттир,
Үйдөгү мал, даныңдан,
Үлүшүн бөлүп береттир.
Төртүнчүсү орозо,
Бир ай кармап туптуура,
Мамиле кыл ошого!
Бешинчиси ажылык,
Барып келгин Мекеге,
Болсо жолго каржылык!
Ыйманда бар жети парз;
Биринчиси бул сенин,
Алла-Таала кудурет,
Бардыгына ишенгин!
Экинчиси периште,
Жардамы болот көп иште!..
Үчүнчү келген кезекте,
Ишенгиниң ишиңе,
Курани жарим китепке!
Төртүнчү келген кезекте,
Пайгамбардын бардыгы,
Болсун дайым эсиңде!..
Бешинчи келген кезекте,
Кыямат кайың болот деп,
Болсун дайым сезимде!..
Катарынан адашпа,
Он эки парз бар намазда!
Бир парзы болот илимде,
Берилгин илим-билимге!
Болсун дайым дилиңде!
Амри маруп бир парыз,
Аткарбасаң буларды,
Акыры кийин жагында,
Абыдан болот чоң наалыш
Оокатта эки парыз бар,
Ойго албай койсоң парыз бар,
Адал менен арамды,
Ажыратып тааныш бар!
Келип жеттик гусулга,
Үч парыз бар ушунда.
Тааныштырып айтабыз,
Таямумда төрт парыз,
Бардыгы болду кырк парыз!
Подробнее
Нет комментариев