«Сен кандай болбо баары бир таттуусун, кечир сенден наалыганым учун. Сени менен коштошкум келбей турат, мени коюп жибербе. Мен жашагым келет, коптун катарында кучагына ал. Жашоо! мага дагы бир мумкунчулук бер. Ант берем кекчил болбойм, эч кимди издебейм, оч албайм.»
Бобой эле башы айлан кокчок болуп баратты, кокурок тушун кармап алаканы менен агып жаткан ыссык канды тосо жыгылып бара жатып, азыр эле озу коргон тааныш жузду эстеп тан калып , кайра баарын тушунгондой шыбырап,
-демек сен… акыры тубумо сен жеттинби? Деп илептерин алсыз кыймылдатып алды.
Акыркы коз ирмемдеринде жашап откон жашоосу коз алдына видео тасмадай тартылып жатты. Бала чагы ата энеси эркелетип бапестеп остургону, иниси менен урушуп топ талашып ойногондору, мектепте окуп кыз жандап, балдар менен мушташа кеткен учурлар. Чоноюп мектепти аяктап армияга барып чыныгы дос кутон. Кийинчерээк чон окууну бутуруп келип жумушка орношуп «ак иштеп элиме кызмат отойм, атанын уулу детиртем» деп, бирок кээде ал создорунун отосуно чыга албаганы. Биринчи махабатына жетип уй булоо курган кези. Мезгилдер алмашып бактылуу уй булоо кулап, суйуктуусунун ботодой боздоп сыздаганы, аны коруп турса да каалганы аста жаап, жаай басып уйдон чыгып кеткен. Экинчи турмушу, келечекке болгон кыялдары. Мезгилдер алмашып жаман жакшыны коруп, жумуштан оз оордун таап калган мезгилде достор тандалып отуруп душман кобойо баштаган. Кээлери ачык эле билгизсе, кээси ичи таарып коро албай бут тосуп жургондор. Баарын эстеп келип бугунку кунго такалды.
*****
-Болду токтот! Эсинде болсо бул уйдо эркек менмин, демек кожоюн да менмин.Торо айымдыгынды жумушта кыласын, уйдун босогосун аттаганда жумшак, жонокой айымга айланганды уйрон.
-Мага уйротуучу болбо, кай жерде кандай журом, эмне кылам озум билем.
-Эгер озун билсен, мен да кимге эмне берем озум билем, сеникин берип жаткан жокмун.
-Мага десе баарын бер, сенин туугандарынан кутулаар кун болоор бекен.
-Ал кун да алыс эмес, деп колунда кармап турган чыныдагы чайын ооз тийбестен столго коюп бата кылып туруп кетти.
Жолдошунун артынан карап калган Чынара анын акыркы айтылган создорунун маанисин тушуно албай турду. Бул менен эмне дегиси келди, акыркы кундору коп табышмактатып суйлой турган болду, деги нелерди ойлоп эмнелер жасап журду болду экен.
Тез кол телефонун алып тааныш номурду терип кулагына такап тыншап калды. Ары жактан жооб болгондо саламдашпай туруп,
-Ало, мага малекеттик каттодо иштеген ишенимдуу адам керек, деди.
-Чынара сенин жумушун ото маанилуу шашылыш болушу мумкун, бирок ал акыбал сурап кою ашыкча кылбайт, сен ар дайым саламдашышты унутасын, деди телефондун ары жагындагы конур ун.
Чынара анын бул создорун кулактын сыртынан кетиргендей шашыла
-демек табасын?
-албетте, тынчылыкпы?
-рахмат, деп суроосуна жооб бербей телефонду койо салды.
Бул анын кесиптик озгочолугу болсо керек, сот отуруму журуп жатканда жалан гана суроо берип, озу суралып корбогон жан жонокой жашоодо да баарын тергеп тургусу келет ондуу. Бир ааз ойлонуп алдында тарелкага салынып турган куурулган жумуртка менен сосисканы сайгылап отуруп, жегиси келбегенин тушунгондо туруп, столдун устун жыйнап, болмосуно барып жасанып, эшик алдында турган кара тустогу тайота камри улгусундогу унаасын айдап дарбазадан чыгып кетти. Бул кунумдук корунуш.
Бул учурда Акун Байсалович кичинекей 7 жашаар баласын жетелеп мектепке кирип бара жаткан. Ата бала бир нерсени катуу талкуулап баратышат.
-Балам экообуз суйлошкон создорду эч кимге айтпагын ээ.
-апама дагыбы?
-айрыкча апана, ал деген аял киши да, а биз экообуз эркекче суйлошуп жатпайбызбы, эркектердин арасындагы мамилеге аялдарды аралаштырбоо керек.
-тушундум, алар ачуусу келип уруш чыгарып жиберишет ээ?
-ооба уулум алар табиятынан ошондой болушат, бар эми сабагына кире кой, сабак буткондо сени озум ушул жерден кутуп алам. Кичинекей Арстандын бетинен ооп узата карап туруп, ал мектепке кирип кеткенде гана артына бурулуп унаасына отуруп жумушуна жоноп кетти. Жол ката ойлуу келип эми эле жумушуна жетейин дегенде телефондун катуу конгурасынан чочуп кетти .
-О Кудайым ай тан атпай кимге керек болдум экен, деп суйлонуп алып конгуроого жооб берди.
-угуп жатам.
-бул уйдо саламды сатып алышабы?
-эмне болуп кетти?
-о Кудайым ай, окшошпой калгырлар, силерди адептуулук мектебине жонотуу керек го.
- тагырагы?
-Чынара чалды, бироого чалсан саламдашпа деп уйротконсунбу?
Эмне сурады?
-мамлекеттик катто кызматын
-бир нерсе алам дейби?
-аны сенден сурайын дегем
-сураганын бер колундан келсе
-алдындан отуп койоюн дегем тушундум.
Телефонду очуруп, "демек мени текшергин келген экен. Чынара-Чынара эмнеден коркуп жатасын,коркпо сен мага жамандык кылбагандай эле мен да сага кыянаттык кылбайм", деп отуруп ойлонуп кеткен экен артындагы унаанын катуу сигналынан чочуп кетти. Унаасын четке алып, ичинде бир ааз отуруп кийин шашпай тушуп жумушуна кирип кетти. Столдун устундогу иш кагаздарын иретке келтирип, бугунку кунго жасалуучу кун тартибине коз жугуртуп, жагымсыз нерсени эстегендей чекесин бир ааз тырыштырып алды. «Эмне кылсам, булардыкы отту, эмне мынча мага жабышып алды, менден кыйын жактоочулар толтура, менде бар тааныш баарында бар. Бугун дагы бир тушундуруп коройун» деп ойлоп коюп столдун четинде жаткан жашыл папканы алдына тартып, ачайын деп баратып кайра ал оюнан баш тартып оордуна жылдырып койду да жумшак креслосуна чалкалай колун тобоосуно алып ойлуу отура кетти. Озу качандыр жай турмушта жашап коргонбу, качан болсо ары чап бери чап менен журот. Сот болуп иштеп жургон убагын эстеп «кайра ошол убак жакшы болгон экен, жактоочулукка отсом чыгарган чечимим учун бироолордон коркуп уркпой жашайм дебедимби. Кайдаан, женил оокат барбы озу. Бул жаатта кесип тандаганда ушулардын баарына даяр белем. Мамлекет берип жаткан айлыгын милдет кылып ар бир чечимимди сындады, эч ким соттун чыгарган чечимине кийлигишпейт деп ким айтса, так озу аралашты. Алардан кутулайын деп жактоочулукка оттум, кардар аткарган жумушум учун берип жаткан акчасын мага садака берип жаткандай коруп, ар бир кадамымды текшерип, мумкун болбогон нерселерди сурайт. Туура мен дагы ак эткенден так этип иштебедим. Акча,тубун тушкур акча, адамдарды кандай гана азгырып эмнелерди гана жасатпайсын, сага алданбаган, сени ээрчибеген адам бар бекен озу. Ушундан коро уйдогу Шердей болуп устачылык кесипти аркаласам кандай болмок. Жоок, эми кеч. Анан кандай айрымасы бар, ал деле коз каранды да бироодон, мен акча берип иштетип жаткандан кийин менин айтканымдай жаса деп жатпаймынбы мен деле. Уй булоомчу, Чынара сен качан озгордун же башынан эле ушундай белен, анда эмнеге байкабадым. Ооба байкаганга убактым болбогон, балким жеткиликтуу конул боло албай сени алыстатып жибергендирмин озумдон. Мен иниме берген ааз тыйыным козуно корунуп туруп алды, озунун синдиси менен энесине кочуштап берип жатканын эске албайт. Акча, акча эле дейт. озу деле иштеп жатпайбы, менден коп тапса табат кем таппайт, анан эле менин чонтогуму текшерип. Кантип ушул абалга келдим, кай жерден жаздым. Ооба Айганыш эле тороп бергенде, Чынарага жолукпайт да элем. Айганыш азыр кайда бодун, эмне кылып жаттын экен. Башкага жар болсон керек, сен албетте бироону бактылуу кыласын. Сен аял заттын айколусун, эркекке тенелбейсин, биздин жумушту талашпайсын, уйдо отуруп эркекти мактап кандай кучтуу, бийик экенин айтып отуруп андан да кучтуу кылып жибересин. Сендейлерди айтса керек, жаман эркекти жакшы кылып, жакшы эркекти хан кылат деп. Бактылуу болсон экен. Мен жинди куруюн, Чынардын форма кийип иштеп жургонуно кызыгып,ичинде эмне жатканын ойлобой артынан чуркап сенден кетипмин. Мага чала. Мындан ары мынтип жашоого болбойт , кундо жанжал. Кадырдын ишин бутурсом кийин ал менен алек болоюн.
Кадыр, кандай гана жан элен, турмодон тажабаган, кайра – кайра келе бересин, бул ишинди жабуу кыйынга турат корунот.Жаба албасамчы, эмне кылаар экенсин мени. Кийинки турмого келишиндин себеби мен болуп калсам керек анда. Менин канымды ичип ошону кусканы келесин дагы конгон жайын экинчи уйун болгон турмого. Мен эмне эле болуп турам, бул биринчиси да акыркысы да эмес, эмнеден чоочуп жатам, каарып баратымбы» деп коп ойлордун курчоосунда отурган, телефондун конгуроосу экинчи ирет чоочутту.Телефондун бетине тигилип, жагымсыз номурду коруп, бир ааз кечиктирип, айта турган создорун ичинен кайталап кийин гана жооб берди.
-угуп жатам.
-жакшы рахмат, сиз жонундо ойлонуп отургам. Менин жумуштарым аябай коп, сизге башка татыктуу жактоочу сунуштасам кантет. Ары жактагы адам безеленип кетти окшойт, унун окум чыгарып,
-тынчтаныныз, кандай айрымасы бар сизге, ишиниз бутсо болду да, мен ордумдамын келсениз суйлошолу, телефондо чечилчуу маселе эмес го, деп созун толук бутургончо телефону очту.
«кызык адам го бул. Экообуз келишим тузбосок, мен эч нерсе убада кылбасам, атасынан карыз алган адамдай кылып демитет да тим эле, келсин эскертип койоюн, мен деген жеке иш алып барам кожоюнум жок экенин, каалаган адам менен иштешем, каалабасам жок» деп суйлонуп алып ишке киришти. Саат 11_30га сот отуруму бар экен, ага чейин дагы бир жарым саат убакыт бар. Ойлонуп убакытты текке кетирбей мамлекеттик каттоого барууну чечти.Инисине телефон чалып аны да ошол тарапка отуусун айтып жоноп кетти. Эртерээк келип алган экен инисин кутуп туруп «Каап апамды да ала кел десем болмок» деп оукунуп калды. 10-15 мунот кечигип келген иниси унаадан тушуп келип.
-тынчылыкпы аке, деди саламдын оордуна.
-тынчылык, паспортун жанындабы?
-ананчы
-паспортунду ал да журу мени менен.
-эмне кылмакчыбыз?
-сага туштук чыгыш кичи райондогу 2 болмолуу батирди сатмакчымын
-кызык адамсыз го, менде аны алганга акча жок да азыр.
-мен берем
-аке тушундурунуз, эмне боду женем менен мулк болуштруп жатасыздарбы?
-жок, жон эле сага бергим келди,апамды да алганча кел дейин деп унутупмун, апама да белек берсемби дегем.
-женем билеби, кандай эле бу жон отуруп калды?
-билуусу шарт эмес, бул батирлер бар экенин да билбейт.
Экоо ээрчишип кирип жарым саатка жетпей алып сатуу келишимине кол коюп бутуруп чыгышты.
-куттуктайм иним, жакшылыктарына иштет, кийинки сапар апамды алып келебиз аман бол, деп коштошуп жумушуна жоноду.
Туура 11_30да шаардык соттун алдында болду. Унаада отуруп артта жаткан папканы алып бир сыйра коз жугуртуп алып имаратка кирип кетти.
Бугунку соту боло турган кылмышка шектуулор, кичинекей темир торлуу болмодо чакырууну кутуп турушат. Акун Байсалович оозго келип мойнун созуп, козу мене издей баштаганда эле Кадыр темир эшикке жетип келди.
-Салам алейкум.
-Ва алейкум, кандай батыр?
-кадимки баатырлардай. Иштер эмне болуп жатат, кандай чечим кутуудобуз?
-Куда кааласа баары жакшы болуш керек.
-болуш керек эмес, жакшы болот.Болбосо экообуздун тен жашоолор озгорот. Жегендин кусмайы бар дегендей.
-тушунбодум
-тушундун Акун Байсалович.
Ошол жерден катуу согуп артка бурулуп кетип калгысы келип озун куч менен кармады.
-Эсинде болсо мен окум чыгаруучу эмесмин, жактоочумун. Жактоочулук милдетимди толук аткарам. Унутпа айыптоочу эн тажрыйбалуу, жабырлануучу тарап да жонокой адамдар эмес. Сот менен суйлошууго мумкун эмес болду, ал да тиги тараптын адамдарынан коркуп турат ондуу. Ата журтун суруштуро келсе олко башчыга барып такалып жатат. Отурумдун жыйынтыгына карап окум чыгырам, боолушунча биз жакка басым жасайм деген. Ишти жасаштын алдын ойлонуш керке болчу.
-эй Байсалович токто, мага акыл болбо, мен эмне кылышты жакшы билем, сен да ар дайым оз ишинди жакшы билесин,качан эле сени жабырлануучу тарап коркута алчуу эле, кайсы сот сенин созунду укпай койот же тиги тарап менден коп сунуштап жатабы? Бул сапар да ар дайымкыдай ишти жакшы билсен болду жениш биздики болот ошондо. Эгер сен озуно озун ишенбей жатсан сотту кантип ишендирмексин. Кийин сага ким айтты бул иште менин колум бар деп. Айткан созуно этият бол, же менин эркиндигим же сенин эрксиздигин, болду бар даярдан.
Коп нерсе суйлойун деди бирок, бул адам менен суйлошуу эч кандай пайда алып келбейт, тескерисинче конулду гана тушурот.Тиштенген боюнча басып кетти. Жарым саатка кечигип сот отуруму башталды.Демейде тили тандайына тийбей сайраган Акун, бул ирет коп ойлонуп аз суйлоп отурду. Мына бул бийлик, байлык дегендин суру кандай кучтуу. Жабырлануучу тарап жонокой адамдар эмес, бийлик бутактарында тууган уругу жыш деген соз эле канча сурдотуп турду. Айыптоочу да козунун усту менен карайт,эми кантмексин деп Акунду шылыдындагандай. Сот залынын ичине киргенде эки тарап, айыптоочу менен жактоочу атам замандан бери келе жаткан кастардай атаандашышат эмеспи. Алар учун сот угузган окум айыпталуучу куноокор же ак дегендей эмес эле сен жендин сен утулдун дегендей сезилсе керек. Бул да озунчо бир кумар да. Сот окум чыгаруу учун залдан чыгып кеткенде Кадыр Акунду карап
-сен булар менен тил бириктирип алгансынго, тушунуктуу, деди.
Байсалович бул создоорду укпагандай ал тарапты карап да койгон жок. 20 мунот отуп отпой узун кара формасын чубалжытып, торт бурчек фемидасын кайкайтып сот кирип келди. Тике туруп, башка катышуучуларды да тике тургузуп коюп чыгарылган окумун угузуп жаттты.
Уландысы бар.
Dimedra.
Нет комментариев