Пайгамбардан ﷺ сурашты:
эң жакшы адамдар ким?
Айтты:
"менин муунум, андан соң экинчилери, андан соң үчүнчүлөрү"
(Ибн Аби Шайба)
БЕЙИШКЕ КИРЧҮҮ ЖАЛГЫЗ ТАЙПА КИМ?
Пайгамбар ﷺ айтты: "Бүгүнкү күндө МЕН ж'а МЕНИН #САХАБАЛАР'ЫМ карманганды кармангандар”
(Тирмизи: 2641)
🌼🌼🌼🌼🌼🌼🌼🌼🌼🌼🌼🌼🌼🌼🌼
✔ДИНДИ САХАБАЛАР ТҮШҮНГӨНДӨЙ ТҮШҮНҮҮ ФАРЗ ЭКЕНДИГИ КУРАНДЫН КӨПТӨГӨН ЖЕРЛЕРИНДЕ АЙТЫЛГАН✔
9:100, 4:115, 2:137, 2:13 ж.б. аяттар.
«Жер которгондордон (мухажир Мэккеден Мадинага ислам дини үчүн алгаяючкы көчкөндөр) ансарлардан (мухажирлерди сый менен тосуп алган алгачкы Мадиналык мусулмандар) алгач ыйман келтиргендер жана жакшы иштерде аларды эрчигендерден Аллах ыраазы болду, Алар да Аллахтан Ыраазы болушту. Ошондуктан, Аллах алар үчүн ичинде түбөлүккө кала турган, алдыларынан дарыялар агып туруучу Бейиштерди даярдап койгон. Бул (бейишке кирүүгө татыктуу болуу) эң чоң ийгилик». (Тавба сүрөөсү 100 аят)
«Ким өзүнө туура жол ачык айкын болгондон кийин пайгамбарга каршы чыгып ыймандуулардын жолу менен ээрчибегендерди ал өзү кай тарапка бурулган болсо ошол тарапты каратабыз жана аны тозоко ыргытабыз». (Нисаа сүрөөсү 115 аят)
«Эгер алар силер ишенип жаткандай ишенишсе, анда Туура жолду табышкан болмок. Эгер алар моюн толгошсо, анда тек гана талаш тартышта. Аллах Сени аларга жетиштүү кылып койот. Ал Угуучу жана Билүүчү». (Бакара сүрөөсү 137 аят)
«Аларга "Башкалар (сахабалар) ишенгендей эле ишенгиле "- деп айтылса, Биз эмне кем акылдар ишенгендей ишенебизби? - дешет. Аныгында өздөрү кем акылдар. Бирок аны өздөрү билишпейт». (Бакара сүрөөсү 13 аят)
🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥
✅КУРАНДЫН АЯТТАРЫН САХАБАЛАР АЙТКАНДАЙ ТҮШҮНҮҮ КЕРЕК✅
Качан аяттарды өзүлөрү каалагандай түшүнгөндөр чыкканда - секталар пайда болот!
Сахабалар ыйман келтирген нерселерге ыйман келтирүү - Туура Жолдун белгиси.
2:13, 2:137, 4:115, 9:100 ж.б. аяттарды окуңуз.
(Аларга башкалар ишенгендей эле ишенгиле деп айтылса, биз эмне кем акылдар ишенгендей ишенебизби дешет. Аныгында өздөрү кем акылдар. Бирок муну өздөрү билишпейт. 2. 13)
💗💗💗💗💗💗💗💗💗💗💗💗💗💗💗
💡САХАБАЛАР ЭҢ ЧОҢ ААЛЫМДАР💡
Алар ар бир аяттын түшкөн тарыхын, андан кандай маани чыгаарын, ага кандай амал кылынаарын эң жакшы билишкен.
Пайгамбар ﷺ айтты:
"Менин сахабалар'ыма сый урмат менен мамиле кылгыла. Алар силердин араңарда эң жакшы адамдар"
(Ибн Мажа: 2/64)
"Менин сахабалар'ым үммөтүмдүн аманчылыгы. Качан сахабаларым кеткенде үммөтүмө убада кылынган нерсеси (бидат, фитна) келет"
(Муслим: 2531)
Имам Бухарий Имран бин Хусейн деген Сахабадан риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (ﷺ) мындай деген: «Силердин (мусулмандардын) арасындагы эң жакшылары мага замандаш болгон Сахабалар. Кийинки жакшылар алардан кийинки муундар (табеиндер), кийинки жакшылар алардан (табеиндерден) кийин жашаган муундар (таба_ат_табеиндер). ...Кийин кыянатчы, аманатты сактай албаган, күбөлүккө жарабаган, опосуз коом келет. Аларда семиздик байкалат».
Абу Ханифа сахабалар тууралуу айтты:
"Алардын Пайгамбардын ﷺ жанында 1 саат болуусу, биздин өмүр бою кылган амалдан жакшыраак"
Сахабалар'дан кийин келген адамдар, аларды сүйүп, жакшы гана сөз менен эскерип, кетирген кемчиликтерине кийлигишпеши керек.
59:10 аятты караңыз
(Алардан кийин келгендер мындай дешет. Эгебиз бизди жана бизден мурун ыйманга келген туугандарыбызды кечир. Биздин жүрөгүбүзгө ыйман келтиргендерге кек салба.)
❇❇❇❇❇❇❇❇❇❇❇❇❇❇❇
ПАЙГАМБАРДЫН ﷺ ЖОЛУ МЕНЕН ЭЛЕ КОШО, САХАБАЛАРДЫН ЖОЛУН ДА ЭЭРЧҮҮНҮ АЛЛА БИЗГЕ ФАРЗ КЫЛДЫ
(Куран 4:155, 9:100, 2:137, 2:13)
73 тайпанын ичинен Бейишке кирчүсү тууралуу Пайгамбар ﷺ айтты:
"Алар мен жана менин #сахабалар'ым карманган жолду карманышат".
Булак: ИсламЖолу
➖➖➖➖➖➖➖➖➖
✅ БИДА'АТ Аллахка эң жакпаган иштерден✅
🔵 Улук сахабалардан болгон Абдуллах Ибн Аббас (Аллах андан ыраазы болсун) айтты:
إِنَّ أَبْغَضَ الْأُمُورِ إِلَى اللَّهِ الْبِدَعُ
«Аллахка эң жагымсыз (жакпаган) нерселерден - (бул) бида'а (динге жаңылык киргизүү).
Мухаммад Ибн Наср аль Марвази "Ас-Суннада" келтирген.💠
✅Имам Ибну Бади'ис ( رحمه الله) айтты:
«Шайтандын бидъатына Пайгамбардын (صلى الله عليه وسلم) Сүннөтүн таратуудан башка даары жок».
[📚 Аль-Асаар: 2/248 бет].
💥💥💥💥💥💥💥💥💥💥💥💥💥
⏺️
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев