ЖАМГЫР ТИЛЕП НАМАЗ ОКУУ КИТЕБИ
«1005» حَدَّثَنَا أَبُو نُعَيْمٍ قَالَ: حَدَّثَنَا سُفْيَانُ عَنْ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ أَبِي بَكْرٍ عَنْ عَبَّادِ بْنِ تَمِيمٍ عَنْ عَمِّهِ قَالَ خَرَجَ النَّبِيُّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَسْتَسْقِي وَحَوَّلَ رِدَاءَهُ
1-БАП. Жамгыр тилеп намаз окуу[1].
516(1005). Абдуллах бин Зайддын (Апла ага ыраазы болсун) мындай дегени рабаят этилет: «(Бир жолу) пайгамбар алейхиссалам Алладан жамгыр сурап намаз окуу үчүн (тандапган жерге) жөнөп жатып ридасын башкача[2] (кийди)». (Сахих ал-Бухари)
1 Кургакчылык кезинде эки ракаат намаз окуп, аркасынан Аллага жамгыр жиберүүнү
сурап дуба кылуу назарда тутулган.
2 Башкача айтканда, айкарасынан кийүү, натыйжада риданын он өнүрү сол жакта, ал
эми он өңүрү сол жакта болуп капат.
(1011). Бул хадистин башка версиясында анын: «Анан ал эки ракаат намаз окуду», - дегени да рабаят этилет.
«1006» حَدَّثَنَا قُتَيْبَةُ حَدَّثَنَا مُغِيرَةُ بْنُ عَبْدِ الرَّحْمَنِ عَنْ أَبِي الزِّنَادِ عَنِ الأَعْرَجِ عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ أَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ كَانَ إِذَا رَفَعَ رَأْسَهُ مِنَ الرَّكْعَةِ الآخِرَةِ يَقُولُ: ((اللَّهُمَّ أَنْجِ عَيَّاشَ بْنَ أَبِي رَبِيعَةَ، اللَّهُمَّ أَنْجِ سَلَمَةَ بْنَ هِشَامٍ، اللَّهُمَّ أَنْجِ الْوَلِيدَ بْنَ الْوَلِيدِ، اللَّهُمَّ أَنْجِ الْمُسْتَضْعَفِينَ مِنَ الْمُؤْمِنِينَ، اللَّهُمَّ اشْدُدْ وَطْأَتَكَ عَلَى مُضَرَ، اللَّهُمَّ اجْعَلْهَا سِنِينَ كَسِنِي يُوسُفَ)). وَأَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: ((غِفَارُ غَفَرَ اللَّهُ لَهَا، وَأَسْلَمُ سَالَمَهَا اللَّهُ)). قَالَ ابْنُ أَبِي الزِّنَادِ عَنْ أَبِيهِ هَذَا كُلُّهُ فِي الصُّبْحِ.
2-БАП. Пайгамбар алейхиссаламдын: «Аны[3] Юсуфтун убагында канча убакытка созулса, ошончо узак кылгын» - деген дубасы.
517(1006). Абу Хурайрадан (Апла ага ыраазы болсун) рабаят этилгендей, акыркы ракааттан баш көтөрүп, пайгамбар апейхиссалам айтты[4]: «Я Алла, 'Аййаш бин Абу Раби’аны сактагын, Я Алла, Салама бин Хишамды сактагын, Я Алла, аль-Валид бин апь-Валидди сактагын, Я Алла, момундардын алсыз, бечараларын сакгагын! Я Алла, мудар уруу- сун казабыңа алып, ал үчүн ачарчылыкты Юсуфтун доорундагы (ачарчылык) канча убакытка созулса, ошончо узак кылгын![5]». (Сахих ал-Бухари)
3 Мында кургакчылык жана андан келип чыккан ачарчылык назарда тутулган.
4 Пайгамбар алейхиссалам бул дуба менен Аллага белгилүү бир убактарда гана кай-
рылгандыгын эсине салабыз.
5 №436-хадистин түшүндүрмөсүн кара.
Бул хадистин ушул версиясынын аягында Абу Хурайранын (Апла ага ыраазы болсун) пайгамбар алейхиссаламдын бул айткандарын рабаят эткен сөздөрү келтирилет: «Алла гифар уруусун кечирсин /гафара/, Алла аслам уруусун аман кылсын /салама/!».
«1007» حَدَّثَنَا عُثْمَانُ بْنُ أَبِي شَيْبَةَ قَالَ: حَدَّثَنَا جَرِيرٌ عَنْ مَنْصُورٍ عَنْ أَبِي الضُّحَى عَنْ مَسْرُوقٍ قَالَ كُنَّا عِنْدَ عَبْدِ اللَّهِ فَقَالَ إِنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ لَمَّا رَأَى مِنَ النَّاسِ إِدْبَارًا قَالَ: ((اللَّهُمَّ سَبْعٌ كَسَبْعِ يُوسُفَ)). فَأَخَذَتْهُمْ سَنَةٌ حَصَّتْ كُلَّ شَيْءٍ حَتَّى أَكَلُوا الْجُلُودَ وَالْمَيْتَةَ وَالْجِيَفَ، وَيَنْظُرَ أَحَدُهُمْ إِلَى السَّمَاءِ فَيَرَى الدُّخَانَ مِنَ الْجُوعِ، فَأَتَاهُ أَبُو سُفْيَانَ فَقَالَ يَا مُحَمَّدُ إِنَّكَ تَأْمُرُ بِطَاعَةِ اللَّهِ وَبِصِلَةِ الرَّحِمِ وَإِنَّ قَوْمَكَ قَدْ هَلَكُوا، فَادْعُ اللَّهَ لَهُمْ قَالَ اللَّهُ تَعَالَى: {فَارْتَقِبْ يَوْمَ تَأْتِي السَّمَاءُ بِدُخَانٍ مُبِينٍ} إِلَى قَوْلِهِ: {عَائِدُونَ يَوْمَ نَبْطِشُ الْبَطْشَةَ الْكُبْرَى} فَالْبَطْشَةُ يَوْمَ بَدْرٍ، وَقَدْ مَضَتِ الدُّخَانُ وَالْبَطْشَةُ وَاللِّزَامُ وَآيَةُ الرُّومِ.
518(1007). Абдуллах бин Мас’уддун (Алла ага ыраазы болсун) мындай дегени рабаят этилет: «Пайгамбар алейхиссалам ал адамдардын[6] (Исламга кирүүдөн) баш тартканын көрүп: «Я Алла, аларга Юсуфгун (доорундагы) кургакчылыктын жети (жылына) барабар жети (жыл кургакчылык жибер)!» - деди. Ошондон кийин апарда ушундай (кургакчыл) жыл болун, (өсүмдүктөрдүн) баары (куураи) жок болду, адамдар жаны- барлардын терисин жана тарптарын жегенге чейин барышты, алардан бирөө-жарымы (башын көтөрүп) асманга караганда (ачкалыктан) ага асмандан түтүн көрүнүп жаткандай сезилчү. Ошондо (пайгамбар алей- хиссаламга) Абу Суфйан келип: «Эй Мухаммад! Сен адамдарга Аллага моюн сунууга жана туугандар менен байланышта болууга буюрасың, чындыгында элиң кырылып жатат, андыктан Аллага алар үчүн дуба кыл!»-деди. Ошондо Алла таала: «Демек, сен асман ачык ( убакта баарына көрүнө турган) түтүндү келтире турган Күнгө көз туткун!»[7] - деген сөздөрдөн баштаи «...силер да шек-күмөнсүз кайтуучусуңар[8]. Биз коркуиучтуу кармоо менен кармай турган Күндо[9]...»-деген создорго чейинки аяттарды[10] жиберди».
(Ибн Мас’уд айткан:) «Бул кармоо Бадр күнү болду жана түтүн, кармоо жана зарылдык[11] жөнүндө (айтылган сөздөр), ошондой эле византиялыктар[12] жөнүндөгү аятта айтылган нерселер оңунан келди».
(Сахих ал-Бухари)
6 Башкача айтканда, курайшиттер.
7 Ибн Мас’уддун пикиринче сөз бул жерде курайшитгерге келгенкургакчылык жана ачарчылык жөнүндө болуп жатат, ал эми Курандын башка чечмелөөчүлөрүнүн пикири боюнча мында кыямат Күнү болоор алдындагы он аян-белгилердин бирөөсүнүн мүнөздөмөсү келтирилген.
8 Курайшиттер баары бир өздөрүнүн көп кудайчылдыгына кайтышат дегени.
9 Мында курайшиттер мусулмандардан катуу женилүүгө учураган Бадр согушу назарда тутулган.
10«Духан», 10-16.
11 «Лизам». Мында Ибн Мас’уд (Алла ага ыраазы болсун) «Та-ха» сүрөсүнүн 129-аятын назарда туткан, анда күнөөлөр үчүн жаза белгилүү бир мөөнөткө калты- рылаары, антпегенде жаза дароо ишке ашырылмак экендиги жөнүндө айтылган.
12 Кара: «Рум», 2-3. Бул аяттарда румдуктардын (византиялыктардын) жеңилип кал- гандыгы, бирок кийин алар женип чыгаары жөнүндө айтылат. Мында 613-614-жыл- дардагы согушта византиялыктардын перстерден женилип, көп жерлерден айрылып калгандыгы жана 627-628-жылдарда алардын перстердин үстүнөн болгон жениши назарда тутулган.
«1009» وَقَالَ عُمَرُ بْنُ حَمْزَةَ حَدَّثَنَا سَالِمٌ عَنْ أَبِيهِ رُبَّمَا ذَكَرْتُ قَوْلَ الشَّاعِرِ وَأَنَا أَنْظُرُ إِلَى وَجْهِ النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَسْتَسْقِي، فَمَا يَنْزِلُ حَتَّى يَجِيشَ كُلُّ مِيزَابٍ:
وَأَبْيَضَ يُسْتَسْقَى الْغَمَامُ بِوَجْهِهِ ** ثِمَالَ الْيَتَامَى عِصْمَةً لِلأَرَامِلِ
وَهْوَ قَوْلُ أَبِي طَالِبٍ.
519( 1009). Абдуллах бин Омардын (Алла аларга ыраазы болсун) мындай дегени рабаят этилет:
- Кээде мен Аллага жамгыр тилеп дуба кылган жана бардык жерден суу шаркырап агып баштамайынча (Минбардан) түшпөгөн пайгамбар алейхиссаламдын жүзүнө караганымда акындын ыр саптары эсиме келет. (Сахих ал-Бухари)
Бул - Абу Талибдин мындай деген сөздөрү:
Аруунун[13] ак жүзү деп жамгыр тилейт булуттар Жетимдерге нан берээр, жесирлерге паана ал.[14]
13 Текстте - «абйад» (ак), бул сөз Алланын элчиси алейхиссаламдын терисинин актыгын да, анын ички аруулугун да көрсөтүп турат. Бул ырда сөз пайгамбардын бала чагында болгон бир окуя жөнүндө болот, араб тарыхчыларынын баяндоолоруна караганда чон атасы Абд аль-Мутгалиб бир жолу аны жамгыр тилеп сыйынууга катыштырган. Ошол сыйынуу учурунда жаш Мухаммад Каабага далысы менен жөлөнүп турган.
14 210 бейттен (эки сап ырлардан) турган узун касыйдадан үзүндү.
«1010» حَدَّثَنَا الْحَسَنُ بْنُ مُحَمَّدٍ قَالَ: حَدَّثَنَا مُحَمَّدُ بْنُ عَبْدِ اللَّهِ الأَنْصَارِيُّ قَالَ: حَدَّثَنِي أَبِي عَبْدُ اللَّهِ بْنُ الْمُثَنَّى عَنْ ثُمَامَةَ بْنِ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ أَنَسٍ عَنْ أَنَسٍ أَنَّ عُمَرَ بْنَ الْخَطَّابِ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ كَانَ إِذَا قَحَطُوا اسْتَسْقَى بِالْعَبَّاسِ بْنِ عَبْدِ الْمُطَّلِبِ فَقَالَ اللَّهُمَّ إِنَّا كُنَّا نَتَوَسَّلُ إِلَيْكَ بِنَبِيِّنَا فَتَسْقِينَا وَإِنَّا نَتَوَسَّلُ إِلَيْكَ بِعَمِّ نَبِيِّنَا فَاسْقِنَا. قَالَ فَيُسْقَوْنَ.
520( 1010). Анастын (Алла ага ыраазы болсун) сөздөрүнөн рабаят этилгендей, (мусулмандар) кургакчылыктан жапа чеккенде Омар бин аль- Хаттаб (Алла ага ыраазы болсун) дайым аль-Аббас бин Абд аль-Мутта- либден Аллага жамгыр жиберүүнү сурап дуба менен кайрылууну өтүнүп, анан: «Я Апла, акыйкат, биз дайым пайгамбарыбыздан Сага жамгыр тилеп дуба кылууну суранчубуз, эми болсо Сага жамгыр тилеп кайрылууну пайгамбардын абасынан өтүнөбүз, бизге жамгыр[15] жибер!» деп кайрылганда жамгыр чын эле жиберилчү эле. (Сахих ал-Бухари)
15 Тирүү адамдардан Аллага жамгыр жиберүүиү сурап намаз окушун өтүнүүго болот, бирок мындай өтүнүч менен маркумга кайрылуу көп кудайчылдык (мушриктик) болот.
3-БАП. Чоң мечитте жамгыр сурап намаз окуу.
«1013» حَدَّثَنَا مُحَمَّدٌ قَالَ: أَخْبَرَنَا أَبُو ضَمْرَةَ أَنَسُ بْنُ عِيَاضٍ قَالَ: حَدَّثَنَا شَرِيكُ بْنُ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ أَبِي نَمِرٍ أَنَّهُ سَمِعَ أَنَسَ بْنَ مَالِكٍ يَذْكُرُ أَنَّ رَجُلاً دَخَلَ يَوْمَ الْجُمُعَةِ مِنْ باب كَانَ وُجَاهَ الْمِنْبَرِ، وَرَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَائِمٌ يَخْطُبُ فَاسْتَقْبَلَ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَائِمًا فَقَالَ يَا رَسُولَ اللَّهِ، هَلَكَتِ الْمَوَاشِي وَانْقَطَعَتِ السُّبُلُ، فَادْعُ اللَّهَ يُغِيثُنَا. قَالَ فَرَفَعَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَدَيْهِ فَقَالَ: ((اللَّهُمَّ اسْقِنَا، اللَّهُمَّ اسْقِنَا، اللَّهُمَّ اسْقِنَا)). قَالَ أَنَسٌ وَلاَ وَاللَّهِ مَا نَرَى فِي السَّمَاءِ مِنْ سَحَابٍ وَلاَ قَزَعَةً وَلاَ شَيْئًا، وَمَا بَيْنَنَا وَبَيْنَ سَلْعٍ مِنْ بَيْتٍ وَلاَ دَارٍ، قَالَ فَطَلَعَتْ مِنْ وَرَائِهِ سَحَابَةٌ مِثْلُ التُّرْسِ، فَلَمَّا تَوَسَّطَتِ السَّمَاءَ انْتَشَرَتْ ثُمَّ أَمْطَرَتْ. قَالَ وَاللَّهِ مَا رَأَيْنَا الشَّمْسَ سِتًّا، ثُمَّ دَخَلَ رَجُلٌ مِنْ ذَلِكَ الْبَابِ فِي الْجُمُعَةِ الْمُقْبِلَةِ، وَرَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَائِمٌ يَخْطُبُ، فَاسْتَقْبَلَهُ قَائِمًا فَقَالَ يَا رَسُولَ اللَّهِ، هَلَكَتِ الأَمْوَالُ وَانْقَطَعَتِ السُّبُلُ، فَادْعُ اللَّهَ يُمْسِكْهَا، قَالَ فَرَفَعَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَدَيْهِ ثُمَّ قَالَ: ((اللَّهُمَّ حَوَالَيْنَا وَلاَ عَلَيْنَا، اللَّهُمَّ عَلَى الآكَامِ وَالْجِبَالِ وَالآجَامِ وَالظِّرَابِ وَالأَوْدِيَةِ وَمَنَابِتِ الشَّجَرِ)). قَالَ فَانْقَطَعَتْ وَخَرَجْنَا نَمْشِي فِي الشَّمْسِ.
قَالَ شَرِيكٌ فَسَأَلْتُ أَنَسًا أَهُوَ الرَّجُلُ الأَوَّلُ قَالَ لاَ أَدْرِي.
521(1013). Анас бин Маликтин (Алла ага ыраазы болсун) бул айтканы рабаят этилет: «(Бир жолу) жума күнү Алланын элчиси алейхисса- лам кутба айтып жаткан учурда минбардын тушундагы эшиктен мечит- ке бир адам кирди. Ал Азланын элчиси алсйхиссаламдын алдына келди да, отурбастан туруп ага бул сөздөр менен кайрылды: «Эй Расулулла, биздин малдарыбыз кырылды. биз жолго чыга албай жагабыз[16], Аллага дуба кылгын. бизге жамгыр жиберсин!» Алланын элчиси алейхисса- лам колдорун асманга кылып дуба кыла баштады: «Я Алла, бизге суу бер, я Алла, бизге суу бер, я Алла. бизге суу бер! /Аллахуммаскинаа. Аллахуммаскинаа, Аллахуммаскинаа!/».
(Анас) айгкан: «Аллага ант ичемин, (ошол кезде) асманда бир үзүм да булут жок эле, ал эми биз менен Сал тоосунун[17] ортолугунда эч кандай имарат же үй жок болчу».
(Анас) айткан: «Анан (кокусунан эле) тоонун ары жагынаи көрүнүшү калкан сьтмал бир булут чыга келди, ал так тобөгө келип, (чар тарапка) карап чоноё баштады, анын жамгыр жаап кирди».
(Анас) айткан: «Аллага анг ичемин, (ошондон кийин) алты күн бою күндү көрбөдүк, кийинки жума күнү Алланын элчиси алейхиссалам кутба окуп жатканда ошол эле эшиктен бир адам кирип, анын алдына келди да: «Эй Расулулла, биздин мал-мүлкүбүз (суу алдында калып) жок болду, жолдордо жүрүп болбойт, Аллага дуба кыл. жамгырды токтот- сун!» - деди».
(Анас) айткан: «Ошондо Алланын элчиси алейхиссалам колун ас- манга кылып айтты: «Я Алла, биздин үстүбүзгө эмес, тегерегибизге! Я Алла, адырларга, тоолорго, дөбөлөргө, дөнсөөлөргө, өрөөндөргө жана дарак өскөн жерлерге (жаадыр)!»
(Анас) айткан: «Жамгыр заматта басылды, биз (мечитген) чыкканы- бызда күн тийип гурган эле». (Сахих ал-Бухари)
16 Мал менен койлор кырылып, төөлөр ошончолук алсырагандыктан аларды минүүгө
мүмкүн эмес эле.
17 Сал тоосу Мединанын жанында жайгашкан.
4-БАП. Кыбылага карабай туруп Алладан жамгыр сурап дуба кылуу.
«1014» حَدَّثَنَا قُتَيْبَةُ بْنُ سَعِيدٍ قَالَ: حَدَّثَنَا إِسْمَاعِيلُ بْنُ جَعْفَرٍ عَنْ شَرِيكٍ عَنْ أَنَسِ بْنِ مَالِكٍ أَنَّ رَجُلاً دَخَلَ الْمَسْجِدَ يَوْمَ جُمُعَةٍ مِنْ باب كَانَ نَحْوَ دَارِ الْقَضَاءِ، وَرَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَائِمٌ يَخْطُبُ، فَاسْتَقْبَلَ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَائِمًا ثُمَّ قَالَ يَا رَسُولَ اللَّهِ هَلَكَتِ الأَمْوَالُ وَانْقَطَعَتِ السُّبُلُ، فَادْعُ اللَّهَ يُغِيثُنَا فَرَفَعَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَدَيْهِ ثُمَّ قَالَ: ((اللَّهُمَّ أَغِثْنَا، اللَّهُمَّ أَغِثْنَا، اللَّهُمَّ أَغِثْنَا)). قَالَ أَنَسٌ وَلاَ وَاللَّهِ مَا نَرَى فِي السَّمَاءِ مِنْ سَحَابٍ، وَلاَ قَزَعَةً، وَمَا بَيْنَنَا وَبَيْنَ سَلْعٍ مِنْ بَيْتٍ وَلاَ دَارٍ. قَالَ فَطَلَعَتْ مِنْ وَرَائِهِ سَحَابَةٌ مِثْلُ التُّرْسِ، فَلَمَّا تَوَسَّطَتِ السَّمَاءَ انْتَشَرَتْ ثُمَّ أَمْطَرَتْ، فَلاَ وَاللَّهِ مَا رَأَيْنَا الشَّمْسَ سِتًّا، ثُمَّ دَخَلَ رَجُلٌ مِنْ ذَلِكَ الْبَابِ فِي الْجُمُعَةِ وَرَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَائِمٌ يَخْطُبُ، فَاسْتَقْبَلَهُ قَائِمًا فَقَالَ يَا رَسُولَ اللَّهِ هَلَكَتِ الأَمْوَالُ وَانْقَطَعَتِ السُّبُلُ، فَادْعُ اللَّهَ يُمْسِكْهَا عَنَّا. قَالَ فَرَفَعَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَدَيْهِ ثُمَّ قَالَ: ((اللَّهُمَّ حَوَالَيْنَا وَلاَ عَلَيْنَا، اللَّهُمَّ عَلَى الآكَامِ وَالظِّرَابِ وَبُطُونِ الأَوْدِيَةِ وَمَنَابِتِ الشَّجَرِ)). قَالَ فَأَقْلَعَتْ وَخَرَجْنَا نَمْشِي فِي الشَّمْسِ. قَالَ شَرِيكٌ سَأَلْتُ أَنَسَ بْنَ مَالِكٍ أَهُوَ الرَّجُلُ الأَوَّلُ فَقَالَ مَا أَدْرِي.
(1014). Анастын (Алла ага ыраазы болсун) мындай дегени рабаят этилет: «Алланын элчиси алейхиссалам колдорун асманга кылып. анан айтты: «Я Алла, бизге жамгыр жибер. я Алла, бизге жамгыр жибер, я Алла, бизге жамгыр жибер! /Аллоохумма агиснаа Аллоохумма агиснаа Аллоохумма агиснаа !/[18]». (Сахих ал-Бухари)
18 Бул учурда пайгамбар алейхиссалам минбарда адамдарды карап турган эле.
5-БАП. Пайгамбар алейхиссаламдын адамдарга далысын сашп турганы жөнүндө.
«1025» حَدَّثَنَا آدَمُ قَالَ: حَدَّثَنَا ابْنُ أَبِي ذِئْبٍ عَنِ الزُّهْرِيِّ عَنْ عَبَّادِ بْنِ تَمِيمٍ عَنْ عَمِّهِ قَالَ رَأَيْتُ النَّبِيَّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَوْمَ خَرَجَ يَسْتَسْقِي قَالَ فَحَوَّلَ إِلَى النَّاسِ ظَهْرَهُ، وَاسْتَقْبَلَ الْقِبْلَةَ يَدْعُو، ثُمَّ حَوَّلَ رِدَاءَهُ، ثُمَّ صَلَّى لَنَا رَكْعَتَيْنِ جَهَرَ فِيهِمَا بِالْقِرَاءَةِ.
522(1025). Абдуллах бин Зайддын (Алла ага ыраазы болсун) мындай дсгени рабаят этилет: «Мен пайгамбар алейхиссаламдын Аллага жамгыр сурап намаз окуу үчүн (намаз ордуна) барганын көргөнмүн. Ал адам- дарга далысын салып кыбыла турупка бурулду да, Аллага дуба кыла баштады, анан чапанын башкача кийди[19], анан Куранды үн чыгарып окуп, биз менеи эки ракаат намаз өткөрдү». (Сахих ал-Бухари)
19 №516-хадистин түшүндүрмөсүн кара.
6-БАП. Алладан жамгыр сурап дуба кылып жатып имам колдорун асманга көтөрөт.
«1031» حَدَّثَنَا مُحَمَّدُ بْنُ بَشَّارٍ حَدَّثَنَا يَحْيَى وَابْنُ أَبِي عَدِيٍّ عَنْ سَعِيدٍ عَنْ قَتَادَةَ عَنْ أَنَسِ بْنِ مَالِكٍ قَالَ: كَانَ النَّبِيُّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ لاَ يَرْفَعُ يَدَيْهِ فِي شَيْءٍ مِنْ دُعَائِهِ إِلاَّ فِي الاِسْتِسْقَاءِ، وَإِنَّهُ يَرْفَعُ حَتَّى يُرَى بَيَاضُ إِبْطَيْهِ.
523(1031). Анас бин Маликтин (Алла ага ыраазы болсун) мындай дегени рабаят этилет: «Аллага дуба кылгаида пайгамбар алейхиссалам жамгыр сурагандан башка учурларда колдорун асманга көтөрчү эмес, (ал учурда) ал колдорун колтугунун ак жери көрүнө тургандай кылып бийик көтөрчү[20]».
(Сахих ал-Бухари)
20 Мүмкүн Анас (Алла ага ыраазы болсун) пайгамбар алейхиссалам колдорун жамгыр тилеп дуба кылганда гана көтөргөнүн көргөндүр, анткени башка хадистерде, маселен пайгамбар алейхиссаламдын ажы аткаргандыгы жөнүндөгү хадистерде шайтандарга таш ыргыткандан кийин Аллага дуба кылып жатып колдорун көтөргөндүгү айтылат.
7-БАП. Жамгыр жааганда эмне деил керек.
«1032» حَدَّثَنَا مُحَمَّدٌ- هُوَ ابْنُ مُقَاتِلٍ أَبُو الْحَسَنِ الْمَرْوَزِيُّ- قَالَ: أَخْبَرَنَا عَبْدُ اللَّهِ قَالَ: أَخْبَرَنَا عُبَيْدُ اللَّهِ عَنْ نَافِعٍ عَنِ الْقَاسِمِ بْنِ مُحَمَّدٍ عَنْ عَائِشَةَ أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ كَانَ إِذَا رَأَى الْمَطَرَ قَالَ: ((صَيِّبًا نَافِعًا)). تَابَعَهُ الْقَاسِمُ بْنُ يَحْيَى عَنْ عُبَيْدِ اللَّهِ. وَرَوَاهُ الأَوْزَاعِيُّ وَعُقَيْلٌ عَنْ نَافِعٍ.
524(1032). 'Аишанын (Алла ага ыраазы болсун) сөздөрүнөн рабаят этилгендей, Алланын элчиси алейхиссалам жамгыр жаап баштаганын көргөндө: «Бул жамгыр пайда келтирсин! /Соййибан нафиьаа!/» - дечү.
(Сахих ал-Бухари)
8-БАП. Шамал сого баштаган учурларда.
«1034» حَدَّثَنَا سَعِيدُ بْنُ أَبِي مَرْيَمَ قَالَ: أَخْبَرَنَا مُحَمَّدُ بْنُ جَعْفَرٍ قَالَ: أَخْبَرَنِي حُمَيْدٌ أَنَّهُ سَمِعَ أَنَسًا يَقُولُ كَانَتِ الرِّيحُ الشَّدِيدَةُ إِذَا هَبَّتْ عُرِفَ ذَلِكَ فِي وَجْهِ النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ.
525(1034). Анастын (Алла ага ыраазы болсун) мындай дегени рабаят этилет: «Катуу шамал сого баштаганда пайгамбар алейхиссаламдын жүзүнөн (анын кабатырланып жагканы)[21] билинип турчу».
(Сахих ал-Бухари)
21 Пайгамбар алейхиссалам катуу шамал адамдарга Алланын жазасы катары жиберилип жатпасын деп чочулаган.
9-БАП. Пайгамбар алейхиссаламдын: «Жеңиш мага ас-Саба[22] аркылуу тартуу кылынган», - деген сөздөрү.
«1035» حَدَّثَنَا مُسْلِمٌ قَالَ: حَدَّثَنَا شُعْبَةُ عَنِ الْحَكَمِ عَنْ مُجَاهِدٍ عَنِ ابْنِ عَبَّاسٍ أَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: ((نُصِرْتُ بِالصَّبَا، وَأُهْلِكَتْ عَادٌ بِالدَّبُورِ)).
526(1035). Ибн Аббастан (Алла аларга ыраазы болсун) пайгамбар алейхиссаламдын бул сөздөрү рабаят этилет: «Жеңиш мага ас-Сабанын жардамы аркылуу гартуу кылынды, ал эми ’ад (уруусу) ад-Дабур[23] тарабынан жок кылынды». (Сахих ал-Бухари)
22 Ас-Саба - чыгыштан соккон шамалдын аты.
23 Ад-Дабур - чандуу бороондорду жана куйкалаган аптапты алып келүүчү батыш- тан соккон шамал. Курандын көп аяттарында ’ад уруусунун эли өзүнө жиберилген пайгамбар Худга моюн сунбагандыгы үчүн ошол шамал тарабынан кырылгандыгы айтылат.
10-БАП. Жер титирөөлөр жана башка аян-белгилер жөнүндө эмне айтылгандыгы тууралуу.
«1037» حَدَّثَنَا مُحَمَّدُ بْنُ الْمُثَنَّى قَالَ: حَدَّثَنَا حُسَيْنُ بْنُ الْحَسَنِ قَالَ: حَدَّثَنَا ابْنُ عَوْنٍ عَنْ نَافِعٍ عَنِ ابْنِ عُمَرَ قَالَ اللَّهُمَّ بَارِكْ لَنَا فِي شَامِنَا وَفِي يَمَنِنَا. قَالَ قَالُوا وَفِي نَجْدِنَا قَالَ: قَالَ اللَّهُمَّ بَارِكْ لَنَا فِي شَامِنَا وَفِي يَمَنِنَا. قَالَ قَالُوا وَفِي نَجْدِنَا قَالَ: قَالَ هُنَاكَ الزَّلاَزِلُ وَالْفِتَنُ، وَبِهَا يَطْلُعُ قَرْنُ الشَّيْطَانِ.
527(1037). Ибн Омардын (Алла аларга ыраазы болсун) сөздөрүнөн рабаят этилгендей, бир жолу пайгамбар алейхиссалам: «Я Алла, биздин Шамда жана биздин Йеменде бизди жалгай көр!» - деди. Адамдар: «Биздин Неждде[24] дагыбы?» - деп сурашты. (Ага жооп кылбастан ал дагы бир жолу): «Я Алла, биздин Шамда жана биздин Йемепде бизди жалгай көр!» - деди. (Адамдар кайрадан:) «Биздин Неждде дагыбы?» - деп сурашты. (Ошондо пайгамбар алейхиссалам) айтгы: «Ал жерде зил- залалар жана (башка сыноолор) болуп, ал жерден шайтандын башынын чекеси көтөрүлөт[25]». (Сахих ал-Бухари)
24 Нежд деп Мединадан чыгышка карай кеткен, Иракты да өзүнө камтыган жапыс тоолуу аймак аталган.
25 Ал жерде шайтан өз күчүн көрсөтөт дегени.
11-БАП. Жамгырдын качан жаашын Алла тааладан башка эч ким билбейт.
«1039» حَدَّثَنَا مُحَمَّدُ بْنُ يُوسُفَ قَالَ: حَدَّثَنَا سُفْيَانُ عَنْ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ دِينَارٍ عَنِ ابْنِ عُمَرَ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: ((مِفْتَاحُ الْغَيْبِ خَمْسٌ لاَ يَعْلَمُهَا إِلاَّ اللَّهُ لاَ يَعْلَمُ أَحَدٌ مَا يَكُونُ فِي غَدٍ، وَلاَ يَعْلَمُ أَحَدٌ مَا يَكُونُ فِي الأَرْحَامِ، وَلاَ تَعْلَمُ نَفْسٌ مَاذَا تَكْسِبُ غَدًا، وَمَا تَدْرِي نَفْسٌ بِأَيِّ أَرْضٍ تَمُوتُ، وَمَا يَدْرِي أَحَدٌ مَتَى يَجِيءُ الْمَطَرُ)).
528(1039). Ибн Омардын (Алла аларга ыраазы болсун) мындай дегени рабаят этилет: «Алланын элчиси алейхиссалам айткан: «Бекем кулпу артында турган беш нерсе бар, аларды Алладан башка эч ким билбейт: эч ким эртең эмне болоорун билбейт, эч ким курсакта (уул жс кыз) болоорун билбейт, эч ким эртең ырыскыга ээ болоорун билбейт, эч ким өзүнүн каерде өлүшүн билбейт жана эч ким качан жамгыр болушун[20] билбейт». (Сахих ал-Бухари)
26 Кара: «Улукман», 34.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев