Аллах Таала мындай деген.
«Алардан кийин келгендер мындай дешет: Оо, Эгебиз бизди жана бизден мурун ыйманга келген (диндеш) туугандарыбызды кечир. Ыйман келтиргендерге карата биздин жүрөгүбүзгө кек салба» (-дешет) (59 Хашр 10 аят)
رَبَّنَا اغْفِرْ لَنَا وَلِإِخْوَانِنَا الَّذِينَ سَبَقُونَا بِالْإِيمَانِ وَلَا تَجْعَلْ فِي قُلُوبِنَا غِلًّا لِلَّذِينَ آمَنُوا رَبَّنَا إِنَّكَ رَءُوفٌ رَحِيمٌ
Аллах Таала ошондой эле мындай деген.
Билгин: Чындыгында, Алладан башка кудай жок! Өзүңдүн күнөөлөрүңдүн, момун эркектердин жана момун айалдардын (күнөөлөрүнүн) кечирилишин сура. Алла силердин жумушчу ордуңарды да, тыныгуучу ордуңарды да билет. (47 Мухаммад. 19 аят)
Аллах Таала ошондой эле Иброхим ьалайхиссаламдын мындай дегенин кабарлайт.
(О) Эгебиз! Мени, ата-энемди жана момундарды сурак боло турган (Кыямат) Күнү кечир”, (деди)
(14 Иброхим 41 аят)
رَبَّنَا اغْفِرْ لِي وَلِوَالِدَيَّ وَلِلْمُؤْمِنِينَ يَوْمَ يَقُومُ الْحِسَابُ
1494. Абу Дарда розияллооху анху Аллахтын Элчиси соллоллооху алайхи васалламдын мындай дегенин кабарлайт. «Ислам динин карманган ар кайсы пенде өзүнүн жанында болбогон (диндеш) тууганы үчүн Аллахка кылган кезде (анын жанында ар дайым болуучу) периште. Сага да ошондой болсун деп турат». (Муслим)
1495 Абу Дарда розияллооху анху Аллахтын Элчиси соллоллооху алайхи васалламдын мындай дегенин кабарлайт. «Мусулман өзүнүн (диндеш) тууганы үчүн анын көзү жок жерде кылган дубалары (Аллах тарабынан) кабыл кылынат, (анткени) анын башынын жанында (өзгөчө) тапшырмаларды аткаруучу периште болот жана ал (периште) тигил (киши) өзүнүн (диндеш) тууганына (Аллахтан жакшылыктарды тилеп) ар бир жолу дуба кылган сайын, ошол (өзгөчө) тапшырма алган периште. Амиин, сага да ошондой болсун деп турат». (Муслим)
Булак. Риязуссолихин. Момундардын бакчасы. 868 бет.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев