Аз кандуулук (анемия) — канда эритроциттердин (кызыл кан денечелеринин) жана гемоглобиндин азайышынан болгон оору.
ООРУНУН БАШТАЛЫШЫ.
Ага көбүнчө канды көп жоготуу (катуу кармаган жана өнөкөт кан агуудан), эритроциттердин бузулушунун күчөшү (гемолиздик Аз кандуулук), кан пайда болуунун бузулушу (организмде темирдин, кээ бир витаминдин жетишсиздигинен, чучуктун жабыркашынан), ошондой эле кээ бир жугуштуу оорулар (кургак учук, дизентерия жана башкалар) себеп болот.
Организмде В12 витамини менен темирдин жетишсиздигинен болгон аз кандуулук көп учурайт. Темир организмдин тиричилигинде чоң мааниге ээ, ал эритроциттеги гемоглобиндин, ферменттердин составына кирет. Темирдин жетишсиздиги көбүнчө кан жоготуудан (узакка созулуп, кан көп кеткен этек кир, геморой жана башкалар) болот. Темир жетишпеген аз кандуулуктун өөрчүшүнө көп төрөө, баланы көпкө эмизүү да түрткү берет. Эгер эненин организминде темир аз болсо эмчектеги балада да аз кандуулук өнүгөт. Жаш балдардагы темир жетишпегендиктен болуучу аз кандуулук аларды туура эмес тамактандыруудан — этти аз бергенден да болот. Мындай аз кандуулук ара төрөлгөн балада болушу мүмкүн, себеби алар энеден керектүү темирди алууга үлгүрбөй калышат. Ошондой эле организминде темир жетишпеген энеден төрөлгөн кыздарда жыныстык жетилүү мезгилинде да аз кандуулук өнүгөт.
БЕЛГИЛЕРИ.
Аз кандуулуктун белгилери — канда гемоглобиндин төмөндөшү, энтигүү, жүрөктүн тез кагышы; анда эритроциттердин саны анча өзгөрбөй, гемоглобиндин саны бир кыйла төмөндөйт. Мында оорулуу кубарып, бат чарчайт, башы ооруйт, көзү чыбырчыктап, башы айланат, чачы түшүп, тырмагы сынып, ичи өтүшү ыктымал; андай кишилер бар, аки таш жегиси келет, туздуу, өткүр тамакты жакшы көрөт.
Организмде В12 витамини жетишсиздигинен кан пайда болуу бузулуп, канда эритроциттердин көлөмү чоңоюп, саны азаят. В12 витамини жетишсиздиктен болгон аз кандуулук көбүнчө карындын былжыр чели жабыркаган, ошондой эле мите ооруларынан жапа тарткан кишилерде жолугат. Мында аз кандуулукка мүнөздүү белгилерден тышкаркы тил ачышат, ич өтөт, күчөп кеткенде нерв системасын жабыркатат.сурап билуу заказ кылуу 89775396206
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев