Бир күнү ардактуу сахабалар азирети Алинин (Алла андан ыраазы болсун) мартабасын билүү үчүн Пайгамбарыбыздан (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) мындай деп сурашты:
- Оо, Алланын Элчиси! Азирети Алини (Алла андан ыраазы болсун) ушунчалык жакшы көрүүңүздүн себебин айтасызбы?
Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун):
- Андай болсо Алини (Алла андан ыраазы болсун) чакыргыла! – деди.
Бирөө азирети Алини (Алла андан ыраазы болсун) чакырууга кетти. Калгандарынан Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) мындай деп сурады:
- Бир адамга жакшылык кылсаңар, ал эми ал адам силерге жамандык кылса силер эмне кыласыңар?
- Жакшылык менен жооп беребиз.
- Кайра жамандык кылса дагы жакшылык кыласыңарбы?
- Ооба, жакшылык кылабыз.
- Силерге үчүнчү жолу жамандык кылса эмне кыласыңар?
Үчүнчү жолу сураганында эч ким жооп берген жок. Үнсүз баштарын төмөн каратышты. Азирети Али (Алла андан ыраазы болсун) келгенде Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) андан да дал ушул суроолорду сурады:
- Эй, Али! Бир адамга жакшылык кылсаң, ал сага жамандык кылса эмне кыласың?
- Жакшылык кылам.
Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) жети жолу сураганда да ушул жоопту алды.
- Баары бир жакшылык кыламын, оо, Алланын Элчиси! Убара болбоңуз, канча сурасаңыз да берер жообум ушул.
Сахабалар бул жоопту укканда таң калып, Пайгамбарыбызга (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) мындай дешти:
- Оо, Алланын Пайгамбары! Азирети Алини (Алла андан ыраазы болсун) эмне үчүн мынчалык жакшы көрүүңүздүн себебин билдик. Биз да аны өтө жакшы көрөбүз...
Ислам Дини сайты
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев