Предыдущая публикация
Кечээ эле бүткөн сымал мектепти,
Окуучулук күндөр эстен кетпеди.
Кош айтышып, айрылышкан күндөрдөн,
19жыл өткөн экен эстечи.
Ушул күнү бантик байлап чачтарга,
Жүрөк толкуп сезимдерда башкача.
Катарынан кыналыша тизилип,
Турган элек мектебимдин алдында.
Коңгуроонун шыңгыр үнү жанырып,
Кош болгун деп, көздөн жаштар агылып.
Кадам таштап узак турмуш жолуна,
Биз учканбыз канат байлап талпына.
А биз бүгүн сүйүктүү жар, ата эне,
Отуз жаштын кырын аштык жаны эле.
Ошентседа окуучулук күндөргө,
Баргым келет силер менен дагы эле.
Классташтар- алтындарым, асылдарым,
Балалыкты эске салаар жакындарым!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев