Ден-соолук, окуу, иштериңер жакшыбы?
Акырындык менен мектептерибиз үчүн көптөгөн иштерди кылуу максатыбыз бар... Азырынча "башталат баары майдадан" дегендей, кичине иштерден баштасак деген ой бар...
Төмөндөгү сунуш боюнча оюңарды билгим келип атат.
Сураныч, окуган соң сөзсүз комментарий кылып койгула. Макул же жок,
шартым бар же жок дегендей.
Акыркы коңгуроо күнүнө карата бүтүрүп кеткендердин атынан мектептин жакшы ийгилик жараткан окуучуларга (мыкты окуучу; активист окуучу; спортсмен окуучу ж.б.) окууларына стимул, дем күч болуп, башка окуучуларды да шыктандырат деген ниетте грамота, кызыктыруучу белектерди берип ишибизди баштасак деген ниет бар...
Буга оюңар кандай?
Кошумча-алымча сунуш-пикириңер болсо билдиргиле...
Бул ишке катышууга каалагандардын базасы түзүлүп, "биримдиктин" мүчөсү катары каттоодон өтүлөт. Кийинки иштерде толук кандуу мүчө катары катышууга, өз идеяларын сунуштап, ишке ашырууга мүмкүнчүлүк болот.
Акыркы коңгуроого карата уюштуруп аткан иш-чарага ар кимдин ШАРТЫНА, КААЛООСУНА жараша каражат (акча) топтолот.
Каражат (денежный) топтоодоо негизги шарт:
- ким канча бергени белгиленип, бирок, анонимдүүлүк түрдө айтылбайт. Ар ким өз шартына жана каалоосуна жараша берсе болот.
- максималдуу түрдө 300 сом деп белгиледик. 300 сомдон ашык алынбайт. Ал эми шартына жараша (20; 50; 100; 200) бере берсе болот;
- такыр мүмкүнчүлүгүм жок эле, бирок, жакшы иштерди кылууга кызыктармын дегендерге да "эшик ачык".
Сураныч, окуган соң сөзсүз комментарий кылып койгула. "Макулбуз же жок, шартым бар же шартым жок эле" дегендей.
Ар нерсени түшүнүү менен кабыл алабыз.
Рахмат, терең урматым менен...
Бул иш-чаранын негизги максаты:
*мектеп бүтүрүүчүлөрүн жакшы иш үстүндө бириктирип, мектеп менен
бүтүрүүчүлөр ортосунда көпүрө түзүү;
*мектеп окуучуларынын терең билим алышына, дагы изденип окууларына стимул болуу ж.б.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев