Биздин жашообуздагы оор болгон, кайдыгерлик каптап муздактык ээлеген соңку күндөрдү жөн гана унут. Экөөбүз жат адамга айланып кеткен акыркы күндөрдү мээңден өчүрүп сал...
Жаңы таанышкан, сезимибиз эми гана бүчүр байлап келе жаткан убактар менен эскер мени. Бакытка толгон учурларыбыз көп болгон. Ширин күндөрүбүз санаксыз өткөн...
Ошол бойдон сенин тарыхыңда калайын... Мени гана күнөөлөбө, менин мойнума гана илбе. Тан ал, сенден да көп жаңылыштык кетти. Биз экөөбүз тең ката кетирдик. Сендеги чечкинсиздик, мендеги кур намыс биздин ааламда жок сүйүүбүздү жок кылды...
Мен дале сени сагынам, мен дале сени эстейм... Сенин мени көрүүгө ашыккан сүйүү толгон, бактылуу көздөрүңдү ошол бойдон карегиме катып, сактап алгам. Мен ошол таттуу элес менен сени эскерем...
Билем сен да эстейсиң...
Сенден суранаарым кайгылуу күндөрүбүз менен мени эстебе...
Жалгызым (Назик)...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 6