Ал өлтүрбөйт. Бирок ал ооруганда мени ушунчалык кыйнап азап берет. Андан кутулуунун эч кандай жолу жок болгону ансайын жанымды күйгүзөт. Ал дартка кай жерлерден гана дабаа издебедим. Алгач колума кармаганымды сүйкөдүм, оорусу басылсын деп. Кайра күчөйт. Мен кайра карбаластайм. Таңып салдым. Анда да айыккан жок. Ал жараат кансырап, мен боздоп ыйлачу болдум түндөрү. Көз жаш менен даарылагым келген күндөр да өттү.... жардам берген жок...
Жакшы сөз, аяр мамиле анан камкордук менен даарылап көрдүм, ишенесиңби андан да пайда болгон жок...
Айламды таппай ого бетер тыбырчылаймын. Айыккым келди ушунчалык, сен деген дарттан. Айыкмакчы болуп өзүмдү тоого, сууга бийиктикке кайра жерге чапчып ургулап жатып өзүмдү майда бөлүктөргө бөлүп алдым. Анан чарчадым. Мен эмес менин сезимдерим, жүрөгүм акылым чарчады көрүнөт. Күрөшпөй калдым. Дарманым да жок болчу дагы күрөшүүгө . Дабаа издебей калдым. Убакыт өттү. Көп эле убакыт. Ал дартка мен көндүмбү же айыктымбы мурункудай оорубай калдым. Дагы убакыт өтүп чын жүрөктөн күлүп баштадым. Дарт болсо унутулбаса да жанымды жеп оорутпай калды. Убакыт даарылады дегим келет, бирок андай эмес экенин билем. Бул дартыма сенден бөлөгү дабаа боло албасын убакыт жөн гана көрсөттү. Анын дабасы сенде экенин убакыттын өтүшү менен гана түшүнүп жеттим. Дарт айыкпайт экенин мойунга алып ал менен жашап жүрдүм. Бирок азыр кыйналбайм, ыйлабайм. Ошол дарт менен да бактылуумун.
Жалгызым (Назик)...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4