Предыдущая публикация
Уч жашында ат жалына жабышкан
Азоо тайды жөө кубалап жарышкан
Жүрөгү тоо жырткычты да тенсинбей
Билек түрүп бөрү менен алышкан
Намыс үчүн артка кадам баспаган
Тике келген өлүмдөн да качпаган
Сакташ үчүн катардагы адамды
Келе жаткан поездге бой таштаган
Мүнөзү курч, өткүр анан дагы көк
Кыргыз балдар күйүп турган жалын өрт
Чопонбайды, Дуйшонкулду, Чынгызды
Деги койчу санай берсең саны көп
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2