Предыдущая публикация
(Обону Бакыт СЕЙТАЛИЕВдики)
Акылдан алып,
көзүмдү байлап азыткы,
Мен анда сен деп
ойлогон экем бакытты.
Кечирчи мени,
жаңылып сүйүп алыпмын,
Өзүңө деген
бул ырым дагы акыркы.
Мен сени анда
ушунча бийик дептирмин,
Башкача жан деп
жанына койбой эч кимдин.
Кечирчи мени,
сен деле көптүн бириндей,
Жөнөкөй пенде
экениң кийин кеч билдим.
Жыпара Исабаева
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1