Предыдущая публикация
МАХАБАТ ТҮНҮ
(Эски дептерден)
Сагынычтан саргайышкан эриндер
Тийишсе эле кетер окшоп өрттөнүп,
Мен да сенин карегиңде кайыгып,
Менин дагы карегимде сен чөгүп,
Кол кармашсак, жан бириге калышкан,
Сөз жетпести көздөр айтып салышкан,
Жүрөгүбүз сүйүү гимнин кагышкан,
Арзуу түндөр да кетет ээ жарыктан!...
Эки жүрөк бир сүйүү деп кагышса,
Эч кандай күч ажыратпас араны!..
Суу ордуна күлкүң сурайм өлөрдө,
Сен күлбөгөн күнү дүйнө караңгы.
Кое бербей көздөр көздү сүйүшүп,
Колдор сүйүү трансына киришип,
Эрктен танып, турса эриндер күйүшүп...
Кудай алсын, Кудай алсын, Ажалды!!!..
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев