Предыдущая публикация
эртеңкимди биле
албайм,
Койгун напсим
айтканыңа тил албайм.
Көзүм
көргөн периштедей кыздарды,
Жеңил карап жагалданып
сүйө албайм.
Кокус бутум
тайган кезде мүрзөгө,
Тоодой
толгон күнөө менен кире
албайм.
Жаңылганмын таза
аппакмын дебейин,
Тобоо
кылдым акыбетин көрөйүн.
Сага
кошуп шайтан менен күрөшүп,
Жеңилбестен жеңип туруп
өлөйүн.
Талаадагы гүлгө
чуркап жүргөнчө,
Апакемдин
таманынан өбөйүн.
Мейли
жашайм атак-даңктан кур
калып,
Жүрөгүмдөн өчпөсө
дейм нур жанып.
Кудайсыздар
каалагандай айтышсын,
Жеңилдеймин турган сайын
сындалып.
Койчу напсим
азгырбачы -дүйнөгө,
Ыйлап
келгем кетейинчи жылмайып.
Женишбек Жумакадыр
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 11
Сырларыңда ыйлар бар.
Сүйүшкөндөр түбөлүк,
Бирге болсун көбөйүп.