Алхамду лиллаахи раббил ааламиин
вассалаату вассалааму алаа расуулихи
Мухаммадан ва аалихи ва асхаабихи ажмаиин
намазда канча фарз бар? 15 фарз: 12си фарз иттифааки,3 у фарз ихтилаафи.
12 фарздын канчасы фарз Даахилии?
12 фарздын 6сы фарз даахилии=намаздын ичиндеги фарз.
Намаздын тышындагы 6 фарз кайсы?
1. Таарат: 2. Таза кийим: 3. намаз окуй турган орду таза болмок: 4.Намазды убактында отмок: 5.Жузун кыбылага каратмак: 6.Ниет кылмак.
Намаз ичиндеги 6 фарз кайсы?
1-Такбир тахрима: 2-кыям: 3-краат: 4-руку: 5-сужууд: 6-кадааи ахир (акыркы отуруш).
3 фарз ихтилаафи кайсы?
1-хурууж, 2-тартип, 3-таадил аркаан.
Намаздын ичиндеги фарздардын бири кайсы
такбиир тахрима.
Такбир тахриима кандай мааниде?
Такбир = улук тамак маанисинде тахрима- харам кылмак маанисинде: намаздын тышында мубаах нерселерди намаз ичинде хараам этмек демек.
Такбиир тахриима таабих канча ваажиб, канча суннот жана канча мустахаб бар?
2 ваажиб, 3 суннот, 1 мустахаб бар.
2 ваажиб кайсы?
1-Лафзи такбир=аллооху акбар демек. 2-Имамага уюган киши ымамды кайсы убакта тапса, ымамадан калбай ымамага ээрчимек.
3 суннот кайсы?
1-тахрима убактында эркек киши колун эки кулак жумшагына барабар которуп, алаканын кыблага туура кылмак. Аял киши эки колун муру башына барабар котормок. 2-ымамга уюган киши ымамдын такбиринен калбай намазга киришмек. 3-такбир. Тахримаддан кийин санаа окумак:"Субхаанака аллоохумма ва бихамдика ва табааро касмука ва таала жаддука валаа илааха гайрук".
1 мустахаб кайсы?
Тахрима убактында эркектер колдорун жендеринен чыгармак. Аялдар колдорун жендеринен чыгарбайт.
2-фарз кайсы?
Кыям=намазда тике турмак.
Кыям кайсы намазда фарз?
Фарз ваажиб намаздарда кыям фарз, нафил намаздарда фазилат.
Кыямда канча суннот, канча мустахаб бар?
1 суннот, 2 мустахаб бар. Кыямда он колун сол колунун устуно коюп, эркек киши киндик астына коймок, аял киши кокурогуно коймок.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев