БИСМИЛЛАХИР РОХМАНИР РОХИИМ
Албетте мактоолор Аллага болсун, биз андан жардам кечирим сурап, тообо келтиребиз. Биз Алла менен куноолорубуздун, нафсибиздин жамандыгынан жана амалдардын жамандыгынан сактанабыз. Кимди Алла туура жолго баштаса, эч ким аны адаштыра албайт. Кимди Алла адаштыра турган болсо, эч ким аны туура жолго сала албайт. Алладан башка сыйынууга татыктуу зат жок, ал жалгыз жана Мухаммад анын кулу жана элчиси. Алладан ага жана анын уй-булоосуно жана сахабаларына жана аны жакшылык менен ээрчигендерге коптогон салават-саламдар болсун.
Тарых хижратынын 1100-жылында Букара эли таат ибаадатка жалкоо болуп бидаат(куноо) иштерди жасай башташат. Алар тогуз жыл бидаат (куноо) иштердин артынан тушуп, диндин негиздерин аткарууда алсыз калышат. Букаранын Ристан деген базарында бир Хабибулла аттуу жигит коон-дарбыз сатып журор эле. Бир куну ал жигит ушундайча пикир кылат: "Ушул кундо Букара ушундай адашууга туш болду, олуялар илими жоголду, Я раббим!, ушул пенденди азис кылып, бул элге амру-маруф кылууга ылайыктуу илим бер" деп Алла Таалага зар-зар ыйлап, дуба кылат. Бир куну шаршемби куну Кожо Бахауддин олуянын кабырына зыярат кылып барып, ал жерде дагын Аллага жалбарат ошентип жатып уйкуга кетет, тушундо Кожо Бахауддин олуяны туш корот, ал ушундай сыпатта эле: Орто бойлуу, кок коздуу, кызыл сакалдуу. Ал минтип айтат: "Эй бир боорум Хабибулла, Сен Самаркандга баргын ал жерде менин бир шакиртим бар, андан сен таалим алгын андан сон Букарага келип, Букара элин ак жолго ундогун". Жигит уйкудан ойгонуп кетет. Ошентип ал коргон тушу боюнча Самаркандга келип, ошол айткан кишиге жолугат. Анын аты Андаржан болот. Анын коп шакирттери бар экен Хабибулла да ага шакирт болуп, коп жыл андан таалим алат. Кундордун биринде Шайх Андаржан:"Киминер Букарага барып таалим бересинер?, Букара эли азгын болуп олуялар илими жыгылды" деп шакирттерине кайрылат эч бир шакирти жооп бербеди. Шайх Хабибуллага карап, Букарага сен баргын аларга таалим бергин деди. Ошентип Хабибулла Алла таалага тобокел кылып Бухарага кирип келди. Бир эски уйго кирип жашай баштайт. Ошентип калктын арасында шариатка каршы иштерди корсо амру маруф нахи мункар кылы турду. Ошол турган жеринен жакын жердегилерге сабак берип, базардагылардын кобу ага шакирт боло башташат. Анын илими Букарага жайыла баштайт. Бир куну Букара ханы озунун аалымдарын адаттагыдай мажилиске чакырып, пайгамбардын хадистеринен окуп олтурушат.Ошондо алардан бироо: "Эй падышам, омурунуз узун болсун!Биздин Букарага бир жалганчы келди озун улук коргозуп, шакирт тарбия кылып жатат имиш сиз аны дагы бир мажилисте чакыртсаныз биз андан акыйда(ишеним) боюнча сурап королу эгер кабары болбосо аны шаардан кууп чыгабыз" дейт. Ошентип алар бир созго келишип, аны кундордун бир куну мажилиске чакырышат. Хабибулланын бир хинди эшеги бар эле ага минет да падышанын мажлисине келет. Ал кирип аалымдардын арасында ал-абалдарын сурашып, суйлошуп олтуруп калат. Ошондо олтурган аалымдардан бироо: Эй, дамылла Хабибулла, Кудайды кантип тааныйсын жана кайсыл сыпаттар менен билесин? деп суроо салат. Уландысын анан жазам.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2