Урматтуу мусулман бир туугандар!
Бул кайрылуу ар бирибиздин бейишке жана Алла Тааланын ыраазылыгына жетелеген берекелүү Пайгамбарыбыз Мухаммаддын (Алланын мээрими жана берекеси болсун) төрөлүү күнүнө арналат.
Жер жүзү адамзат баласынын көп жамандыктарына күбө болуп. Адам азып, эл тозуп, жакшылык калбай бара жаткан убакыт. Жер жүзу бакыттан, кубануудан, ыймандан куру калган эле. Ар ким ар нерсеге табынып, жаратылган нерселердин баарын Кудайга айланткан учур.
Мына ушундай оор учурда эки дүйнө мээримдүүсү, көзүбүздүн нуру, башыбыздын таажысы, сүйүктүү Пайгамбарыбыз (Алланын мээрими жана берекеси болсун) дүйнөнү нурга бөлөгөн. Миладий жыл санагы боюнча 571-жылы, Рабийул-аввал айынын 12-чи күнү таңга маал дүйнөнү нурланткан. Амина энебиз башка аялдар сыяктуу толгоо кыйынчылыгын көргөн эмес, жаркыны нурга толгон энебиз төрөт учурун мындай баяндайт🌹
“Түшүмдө бир киши: “Эй, Амина! Сен, чынында адамзаттын эң ардактуусуну төрөйсүң. Төрөгөндө атын Мухаммад деп коёсуң!” – деди.Төрөө убактысы жакындаганда, бир ак куш келип, канаты менен аркамды сылады. Корккон абалымда түшүмдөн ойгондум.
Бир жагымда мага бир ак чыны менен суу сунду. Ичип жибердим, тегерегим нурга толду, айланама карасам, Абдуманап кыздарына окшош бирок узун бойлуу бир периште айланып жатты. Азирети Мухаммадды (Алланын мээрими жана берекеси болсун) төрөөдө эч кыйынчылык көргөн жокмун, төрөө кезинде Амина энебиз хур кыздарды, периштелерди жана бир нече керемет нерселерди көргөн.
Пайгамбарыбыз (Алланын мээрими жана берекеси болсун) адамзатты эң ардактуусу. Пайгамбарлар чынжырынын соңку жылдызы болуп, бүткүл адамдар менен жиндерге жиберилген. Пайгамбарыбыздын (Алланын мээрими жана берекеси болсун) келүүсүн касиеттүү аяттарда мындай баяндалат🌙
”Чындыгында силерге өз араңардан чыккан ызаттуу элчи келди, ага силердин түйшүгүңөр оор келседа, ал силерге өтө камкор, момундарга мээримдүү, боорукер” (Тообо:128).
Сахабалардын бири Пайгамбарыбыз (Алланын мээрими жана берекеси болсун) жөнүндө мындай дейт🌙
«Алланын элчиси ак жана жарык жүздүү эле. Анын колу жибектен да жумшак, анын жыты атырдан да жыпар болчу»
11-декабрдан 12-декабрга караган түнү, жекшембиден дуйшөмбүгө өткөн түнү Алланын элчиси (Алланын мээрими жана берекеси болсун) дүйнөгө келген куттуу түн🌹
Бул айда мүмкүн болушунча салават-салам, мунжия салават, наария салават, фатхия салаваттарын көп-көп окуу керек. Айрыкча бул кеченин руханий байлыгынан пайдаланып калуу учун бир таспих намазы окулат. Таспих намазына🌙
“Оо Аллахым бул күнү ааламдарды нурга бөлөгөн сүйүктүүбүз, башыбыздын таажысы пайгамбарыбыз Мухаммаддын (Алланын мээрими жана берекеси болсун) урматына мендей күчсүз кулунду кечир”- деп ниет кылынат. Алла Тааланы сүйүү пайгамбарды (Алланын мээрими жана берекеси болсун ) сүйүү менен гана болот🌹
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2
РАБИ' АЛ-АВВАЛ АЙЫНЫН 12-ТҮНҮ (МАВЛИД ТҮНҮ)
Мына ушул түнү Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам) төрөлгөн
Бул ушундай куттуу түн: мына ушул түнү нечендеген кылымдар бою наадандыктын караңгылыгы каптап жаткан бул дүйнөгө биздин улуу руханий лидерибиз, теңдешсиз көсөмүбүз, салыштыргыс залкар жол башчыбыз Мухаммад Пайгамбар (саллаллооху алайзи ва саллам) бүткүл ааламдарга Аллахтын ырайымы катары жиберилген
Ал алып келген Ислам нурунун жардамы менен жалпы адамзаттын бир бөлүгү наадандыктын караңгы баткагынан суурулуп чыгып, каапырлыктан - ДИНГЕ
Бул ушундай куттуу түн: мына ушул түнү биздин улуу төрөбүз Мухаммад Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам)дын урматы үчүн жер бетиндеги бардык МОМУНДАРГА ЖАРАТКАНДЫН ырайымы менен айкөлдүгү ак жаандай ...ЕщёРАБИ' АЛ-АВВАЛ АЙЫ
РАБИ' АЛ-АВВАЛ АЙЫНЫН 12-ТҮНҮ (МАВЛИД ТҮНҮ)
Мына ушул түнү Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам) төрөлгөн
Бул ушундай куттуу түн: мына ушул түнү нечендеген кылымдар бою наадандыктын караңгылыгы каптап жаткан бул дүйнөгө биздин улуу руханий лидерибиз, теңдешсиз көсөмүбүз, салыштыргыс залкар жол башчыбыз Мухаммад Пайгамбар (саллаллооху алайзи ва саллам) бүткүл ааламдарга Аллахтын ырайымы катары жиберилген
Ал алып келген Ислам нурунун жардамы менен жалпы адамзаттын бир бөлүгү наадандыктын караңгы баткагынан суурулуп чыгып, каапырлыктан - ДИНГЕ
Бул ушундай куттуу түн: мына ушул түнү биздин улуу төрөбүз Мухаммад Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам)дын урматы үчүн жер бетиндеги бардык МОМУНДАРГА ЖАРАТКАНДЫН ырайымы менен айкөлдүгү ак жаандай жаап турат
Ошондуктан ушул түнү биз аткарууга тийиш болгон жана Аллахка жагымдуу амалдардын айрымдары төмөнкүлөр
1) Мухаммад (саллаллооху алайхи ва саллам)га мол-мол салаваттарды айтуу
2) бизди Өз Элчиси жана ырайымы катары жиберилген Мухаммад Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) түз жолуна салганы үчүн Аллах Таалага көп-көп шүгүрлөрдү келтирүү
3) биз анын жолун татыктуу жолдой албай жаткандыгыбыз үчүн Аллахтан кечирим сурап, истигфор тартып
4) Роббил-ааламиндин ыраазычылыгына жетүү үчүн адаттагыдан көбүрөөк саждалуу намаздарды окуу. Ушул түнү тасбих намазын окуу да кыйла пазилеттүү амалдардан бири болуп саналат
اللَّهُمَّ صَلِّ صَلاَةً كَامِلَةً وَسَلِّمْ سَلاَماً تَامًّا عَلَى سَيِّدِنَا مُحَمَّدٍ الذي تَنْحَلُّ بِهِ الْعُقَدُ وَتَنْفَرِجُ بِهِ الْكُرَبُ وَتُقْضَى بِهِ الْحَوَائِجُ وَتُنَالُ بِهِ الرَّغَائِبُ وَحُسْنُ الْخَوَاتِمِ وَيُسْتَسْقَى الْغَمَامُ بِوَجْهِهِ الْكَرِيمِ وَعَلى آلِهِ وَصَحْبِهِ فِي كُلِّ لَمْحَةٍ وَنَفَسٍ بِعَدَدِ كُلِّ مَعْلُومٍ لَكَ
«Аллоохумма солли солаатан каамилатан уа саллим салааман таамман алаа саййидинаа махаммадиниллазии танхаллу бихил укоду уа танфарижу бихил куробу уа тукдоо бихил хауааижу уа тунаалу бихир-рогооибу уа хуснул хоуаатими уа юстаскол гомааму би уажхихил кариими уа алаа аалихи уа сохбихи фии кулли ламхатин уа нафасин биадади кулли маалуумин лака»
Оо Жараткан! Анын берекелүү ажары менен түйүндөр чечилген, кайгы-капалар тараган, муктаждыктар бүткөн, максаттарга жана жакшы жыйынтыктарга жетилген, жамгыр тиленген төрөбүз Мухаммадка жана анын үй-бүлөсүнө, жоро-жолдошторуна ар бир көз ирмемде жана дем алууда Сага маалым болгон санчалы...ЕщёНААРИЯ САЛАВАТЫ
اللَّهُمَّ صَلِّ صَلاَةً كَامِلَةً وَسَلِّمْ سَلاَماً تَامًّا عَلَى سَيِّدِنَا مُحَمَّدٍ الذي تَنْحَلُّ بِهِ الْعُقَدُ وَتَنْفَرِجُ بِهِ الْكُرَبُ وَتُقْضَى بِهِ الْحَوَائِجُ وَتُنَالُ بِهِ الرَّغَائِبُ وَحُسْنُ الْخَوَاتِمِ وَيُسْتَسْقَى الْغَمَامُ بِوَجْهِهِ الْكَرِيمِ وَعَلى آلِهِ وَصَحْبِهِ فِي كُلِّ لَمْحَةٍ وَنَفَسٍ بِعَدَدِ كُلِّ مَعْلُومٍ لَكَ
«Аллоохумма солли солаатан каамилатан уа саллим салааман таамман алаа саййидинаа махаммадиниллазии танхаллу бихил укоду уа танфарижу бихил куробу уа тукдоо бихил хауааижу уа тунаалу бихир-рогооибу уа хуснул хоуаатими уа юстаскол гомааму би уажхихил кариими уа алаа аалихи уа сохбихи фии кулли ламхатин уа нафасин биадади кулли маалуумин лака»
Оо Жараткан! Анын берекелүү ажары менен түйүндөр чечилген, кайгы-капалар тараган, муктаждыктар бүткөн, максаттарга жана жакшы жыйынтыктарга жетилген, жамгыр тиленген төрөбүз Мухаммадка жана анын үй-бүлөсүнө, жоро-жолдошторуна ар бир көз ирмемде жана дем алууда Сага маалым болгон санчалык толук берекеңди төккүн жана чексиз мээримиңди жаадыргын!