Аз амал кылып, көп соопторго жетүү- инсан үчүн кандай улуу бакыт🌹
Инсандын жан дүйнөсү амал, иш -аракет, сооп иштерде жарышуу майданында албан албан ийгиликтерге , улуу жеңиштерге жетүүсү ал үчүн кандай кубанычтуу!
Төмөндө аз амал болсо да, ал үчүн көптөгөн сооптор бериле тургандыгы тууралуу Пайгамбарыбыздын хадистеринин бир тобун келтиребиз🌹
· «Ким таңкы намазды жамаат менен бирге окуп , андан соң күн чыкканча Аллах тааланы эстеп зикир кылып , андан соң эки рекет (напил) намаз окуса, ага ажылык менен умра кылгандын сообу толук, толук, толук иретте берилет»🌹
· «Ким эки салкын убактагы намазды окуса бейишке кирет» (Багымдат, аср намаздары)🌹
· «Ким Аллах таала үчүн бир күн орозо тутса, Аллах Таала андан тозок отун жүз жылдык аралыкка алыстатып коет»🌹
· «Ким Аллах тааланын жолунда бир кишини казатка дайындаса, чындыгында ал өзү казатка чыккан болот жана ким казатка чыккандын үй -бүлөсүн жакшы караган болсо, ал да казатка чыккан болот.» ( б.а. сообун алат)🌹
· «Ким Бешим намазынан мурда жана андан кийин төрт рекет (сүннөт) окуса , Аллах таала аны тозок отуна арам кылат»🌹
· «Ким : «Субхааналлохи ва бихамдихи» – деп бир күндө жүз ирет айтса, анын күнөөсү деңиздин көбүгүндөй болсо да , өчүрүлөт»🌹
· «Ким ар бир намаздын аягында аятул курсийди окуса, анын бейишке кирүүсүн бир гана өлүм тосуп турат»🌹
· «Ким таң аттырганда жана кечке киргенде мага он жолудан салават айтса, кыямат күнүндө ага шапаатым жетет»🌹
· « Ким бир күнү- түнү менен биргеликте он эки рекет ыктыярдуу (напил) намаз окуса, Аллах таала ага бейиштен бир үй курат»🌹
· «Ким арапа күнү орозо тутса, Аллах таала анын эки жылдык күнөөсүн , (т.а.) өткөн жыл жана келерки жылдык күнөөсүн кечирет»🌹
· «Ким – Кул хуваллоху ахад- сүрөсүн он жолу окуса, Аллах таала ага бейиштен бир үй курат.»🌹
· « Тозок отунан курманын жарымы менен болсо да өзүңөрдү куткаргыла. Эгер аны таба албасаңар , анда жакшы сөз менен болсо да»🌹
· «Ким Аллах тааланын китебинен бир тамга окуса , ал үчүн бир сооп алат. Ал эми бир сооп он эсеге барабар. Мен : «алиф лам мим» бир тамга деп айтпаймын, бирок «алиф» бир тамга , «лам» бир тамга жана «мим» бир тамга»🌹
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев