Абаа таза туруп мен кулач керем.
Коргон жактан атыр .жели аркыраган,
Көчөсү асфальт айылымдын жаркыраган.
Теңдеши жок менин айылым,
Ой Чий .Кыргоо Котунбектей жайыгым.
Айлымдан чыккан куудулдар,
Бектурсундай . Жаныбектей шайырым
Айылымдын Токой аймагы,
Беретда сонун пайданы.
Нарын суунун боюнда,
Кара Дөбөнүн оюнда .
Айылымдын үстү жагында,
Назарбектин тамында,
Курулду тамдар уланып,
Өсүп барат кыштак суналып.
Эки айылымдын ортрсунда көпүрөөм,
Көрүп алып өзүмчө эле эзилем.
Кадимкидей бала кезим элестеп
Ат сугарып келгенимди жетиген.
Жакын экен жүрөгүмө көпүрөөм,
Эстен кетпейт сайдын суусу эсимден.
Мен бир жолу куу түлкүнү кубалап,
Салдым эле муз жээкте будалап.
Көпүрөөдөн өтөн жолду көрөмүн,
Улам тиктеп сүрөтун да өбөмүн.
Эки тоонун ортосунда унаа жол
Ак Кыяма кетчү экенин билемин
Ушул жолдо далай далай баскамын,
Чуркап чуркап мектебиме шашкамын
Же болбосо клубда концерт даярдап.
Созолнуп өзүм ырдап жаткамын.
Айланып бир бараармын сагынанда.
Жүрөк ооруп көзүмдөн жаш агылганда
Айлам жок олтурамын чоочун жакта,
Бир кунү жолго кире табылганда.
Автор : Ишекеңер. Алтын .Булак Сентябрь . 2021 .ж.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев