Предыдущая публикация
Анда комуз ышкыбоздору паркка чогулуп, күү чертип, ыр ырдашат.
Жаш активисттердин демилгесинен жаралган бул саамалык ар бир айдын төртүнчү күнүндө "Ататүрк" паркында уюштуруулууда. Соңку үч иш-чарага комузда кол ойноткон чоңдордон жаш жеткинчектерге чейин катышты.
"Комуз Party" иш-чарасынын уюштуруучуларынын бири Сайкал Малик кызынын айтымында, комузчулардын акысыз концертин ар бир шаар тургуну келип көрсө болот.
Бул саамалык алгач 4-июлда башталган. Жаштардын демилгесин "Устат-шакирт" коомдук корунун комузчулары колдоого алышкан.
Адатта комуз ышкыбоздору кечке маал жолугушат. Айрым учурда "Комуз Party" караңгы киргенге чейин уланат.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев