"Өзгөн районундагы "Төөчү" участкасына заманбап тоо лыжа базасын курууга бизде толук шарт бар",- деп билдирди депутат Абдимуктар Маматов 27-февралда SUPER.KG порталына. Демилгечи депутат бул лыжа базасы курулса республиканын түштүгүнө турсттердин саны өсөөрүн айтты. "Бул жер деңиз деңгээлинен 2000-2200 метр бийиктикте туруп, кар калың түшүп, Ош, Өзгөн шаарларына эң жакын жайгашканы жана коңшулаш Өзбекстан менен Тажикстанды өзүнө тарта турган ыңгайлуу база болуп каларына ишендирип кете алам", - деди Маматов. Депутат жакында эле Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин мүчөлөрү "Төөчү" участкасын жеринен барып көрүп келгенин кошумчалады. "Депутаттар "Төөчү" участкасын жана Өзгөн шаарындагы 11-12-кылымдарга таандык, 1 мунарадан жана 3 күмбөздөн турган Өзгөн архитектуралык тарыхий комплексин көрүп келишти. Тарыхий комплексти ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүүнү сунуш кылып, комитеттин көчмө жыйынында каралып, өкмөткө сунуштарды тез арада чечүү боюнча ар тараптуу аракеттерди көрүүсүнө багытталган чечими кабыл алынды", - деди ал.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев