Предыдущая публикация
Ош-Өзгөн унаа жолунда кырсыкка учураган окуучулар көбөйүп жатат. Муну КСДП фракциясынын 19-декабрдагы жыйынында депутат Мамат Орозбаев билдирди. Аталган унаа жолунда бир дагы жол чырагы жок экенин айтат депутат. “Өзгөндөн Ош шаарына чейинки жолдун узундугу 50 чакырым. Бирок эч кандай жол чырак орнотулган эмес. Мисалы, Өзгөндөгү Шералы айылынын мектеби жол боюнда жайгашкан. Ал жерде автокырсыкка кабылып, көптөгөн жаш балдар каза болуп кетишти. Өкмөткө кат жолдоп, жооп ала албай койдум. “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирсе, ушул айылга жол чырак коюуну өтүнөм”,- деди Орозбаев.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев