Аллах Таала бейишке киргендерди сүрөттөп айтты:
«Аллах аларды ал күндүн (Кыямат Сотунун) жамандыгынан сактап, анан аларды нурдуу жана кубанычтуу кылды. Алардын сабырдуулугу үчүн Бейиш жана жибек (кийим) менен сыйлады.
Алар Бейиште, орундуктарда жөлөнгөн абалда күндүн аптабын да, ызгаарды да көрүшпөйт. Аларга көлөкө да жакын болуп, жемиштери ылдый салаңдап турат. Аларга тамактар тунук күмүш чөйчөк-идиштер менен алып келинет.
Суусундуктар болсо күмүштөн айнектей жука чөйчөктөр менен керектелуу өлчөмдө гана ичилет. Аралашмасы "занжабил" аттуу суусундукту чөйчөктөрдөн (ичишет). Жана ошол жерде агып турган "салсабил" аттуу булактан суу ичишет.
Алардын айланасында түбөлүк жаш уландар кызмат кылышат, силер аларды көргөн кезде чачып жиберилген бермет маржандарбы деп ойлойсуңар. Качан гана (Бейишти) карасаң түгөнгүс жакшылыктарды жана зор бийликти көрөсүң.
Жука жана калың, жашыл жибек кийимдерди кийип жүрүшөт; колдорунда күмүштөн билериктер; Аллах аларды Бейиштин суусундуктарына кандырат. Анткени, бул силердин аракетиңер (Аллах тарабынан) кабыл болгондуктан жана Кудайдын мындай сыйына сооп иштериңерден улам татыктуу болдуңар»
(Куран, Инсан 76:11-22)
Абу Хурайра баяндайт Пайгамбарыбыз ﷺайтты🌹
«Кудуреттуу Аллах Таала айтты🌹
"Мен өзүмдүн салих кулдарыма көз көрбөгөн, кулак укпаган, жан туйбаган нерселерди даярдап койдум". Эгер кааласаңар окуп алгыла: "Бир да жан алардын (жакшылык) кылгандары үчүн сыйлык катары бериле турган - көздөрдүн кубанычтуу жыргалдарды, билбейт" (Куран, Сажда 32:17)» (аль-Бухари, Муслим)
—Бейиштегилердин ахвалы кандай?
—О-о, Бейиш бул адам көрбөгөн бакыт, өлүм жок түбөлүк рахат🌹
Ким бейишке кирсе эч качан чыкпайт. Ал жерде өкүнүч, кайгы-капа, душмандык болбойт, тек гана акылды жана жанды сергиткен куунак жашоо. Көз жайнаткан жемиштер, түркүн-түркүн эттер, көңүл көтөргөн шарап ичимдиктер. «Биз аларга өздөрү каалагандай жемиш менен этти мол беребиз. Алар бири-бирине суусундуктарды сунушат, ал жерде пайдасыз жана күнөөлүү сөздөр сүйлөнбөйт» (Куран, Тур 52:22-23).
—Бейиш ээлери да жеп-ичеби? Жеген жана ичкен адам кысталат да? Бейиштеги тамактар кандай?
—Ооба. Аллахка ант болсун, Бейишке кирген киши жейт да, ичет да. Бирок ал аш ичке кирип житип жок болуп, адамдын денесинен тер түрүндө чыгып турат. Ал тердин жыты – мускус (атыр). Пайгамбарыбызданﷺриваят кылынат🌹
«…Бейиште ар бир кишиге тамактанууга жана шарапка 100 эркектин күчү берилет, жанада, ар бирине аялдарын сүйүүгө 100 эркектин күчү берилет».
— Бейиште ар бир кишиге аялдыкка кыз берилеби? Бейиштин кыздары кандай?
—Ооба. Алар тууралуу Аллах Таала Куранда төмөнкүчө баяндайт🌹
«…Алар үчүн анда таптаза жубайлар (болот) жана алар анда түбөлүктүү калышат» (Куран, Бакара 2:25)
«Экөөндө тең жакшы мүнөздүү, татынакай кыздар (бар). Раббиңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгарасыңар?! Чатырларда жашырылган кара көз хур кыздар (бар)» (Куран, Рахман 55:70-72)
«Биз аларды жаңыдан (керемет менен) жараттык. (Эч кимди көрө элек) кыздар кылдык. Күйөөсүн чындап сүйгөн жана жаш курактары бирдей…» (Куран, Вакиа 56:35-37)
Хурлар – айдай аппак денелүү, кара көздүү айчүрөк сулуулар. Алардын чырайы айыптан, жүрөгү кирден тазаланган. Бейиштеги адам жаздыгында жыргап жатып – бейиш мөмөлөрүнөн татат, хурлары менен чер жазып маектешет.
—Бейиштеги үйлөр кандай?
— «Раббисинен корккондор үчүн алдыларынан дарыялар агып туруучу кабат-кабат салынган бөлмөлөр бар…» (Куран, Зумар 39:20)
Абу Муса аль-Аш'ари айтат Пайгамбарыбызﷺайтты🌹
«Чындыгында, бейиште чатырга түспөл үй бар. Ал тек гана берметтен жасалып узундугу 60 миль. Ал чатырда момун мусулмандын үй-бүлөсү турат. Качан ал жакындарын зыярат кылганда, биринчилери экинчилерин көрүшпөйт» (аль-Бухари, Муслим)
Пайгамбарыбыз ﷺайткан хадисте бейиш үйлөрү баалуу асыл таштардан (бермет, жахонт), атыр жыттуу мускустан, кирпичтери алтын менен күмүштөн болуп салынган деп баяндап кеткен.
—Бейиштин канча даражасы бар?
—Пайгамбарыбыз ﷺайткан🌹
«Чындыгында, бейиште 100 даража (деңгээл). Аллах аларды дин жолунда күрөшкөндөргө даярдап койду. Ар бир деңгээлдин арасы асман менен жердин аралыгындай. Эгерде Аллахтан сурачу болсоңор – Фирдаус бейишин сурагыла. Чындыгында, Фирдус – бейиштин төрү жана чокусу, анын үстүндө Аллахтын тактысы бар (арш), жана андан бейиштин дарыялары булактанып агып чыгат» (аль-Бухари). Деги, бейиштин бир жоолукка эле бата турганчалык жери – бул дүйнөдөн да жакшыраак, баалуураак.
—Бейиштин "эң кедей" жана "эң бай" тургуну ким?
— Бейиштин эң төмөн жерин ээлеген пендеге – Аллах бул дүйнөдөн10 эсе көп нерселерди даярдап койду. (аль-Бухари жана Муслим).
Анда эң байы кандай акыбалда болот, элестете да албайбыз?
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7