Туура эмес тамактануунун негизинде адам баласы өзүнө “бир букет” ооруну камсыз кылат. Алардын бири - өт оорулары. Биздин өлкөдө бул дартка жылына эки миңден ашык жаран кабылса, алардын көбүн аялдар түзөрү белгилүү болду. Мына ушул өт оорулары тууралуу кенен маалымат алып, бул органыңызды сактап жүрүңүз.
Өт эмне кызмат аткарат?
Өт - боордун астында жайгашкан кичинекей мүшөкчө түрүндөгү орган. Боор иштеп чыккан өт суюктугу өттө чогулат. Өттүн негизги милдети – он эки эли ичегини өт суюктугунун керектүү өлчөмү менен камсыз кылып туруу. А он эки эли ичегиге өт суюктугу тамак сиңирүүдө өз ишин жакшы аткаруу үчүн керек. Өт адам өмүрү үчүн анчалык деле зарыл орган эмес, адам ансыз деле жашай алат. Болгону толук кандуу жашоодо бир аз өзгөрүү болушу мүмкүн.
Өттөгү таш оорулары
Бул өттө же өт жолдорунда таштын пайда болушу. Бул таштар холестерин таштары, пигменттик жана аралашма таштар болуп бөлүнүшөт. Алардын эң көбү (90%ы) - холестерин таштары. Ал аты айтып тургандай эле тамак-аш менен кирген холестериндин натыйжасында пайда болот. Холестерин ташка айланат да, ал таштар өттүн астына чөгө берет. Убакыттын өтүшү менен чоңоюп отурушат. Пигменттик таштардын пайда болушунун себеби – эритроциттердин жогорку ылдамдыкта бөлүнүшү. Ал эми аралашма таштардын курамында холестерин, кальций, пигменттик таштар болот. Өттөгү таш ооруларынын негизги себеби болуп өсүмдүк майын аз, жаныбар майын көп колдонуу эсептелинет. Мындан тышкары гормоналдык бузулуу, аз кыймылдуу жашоо образы, көпкө ачка жүрүү да бул оорунун себептери болушу мүмкүн. Бул оору өзү тууралуу белгини ар кандай бериши мүмкүн. Мисалы, оң капталдагы кабырганын асты сайгылашып ооруйт. Оору капысынан пайда болот да, бир аздан кийин оң жак ийинге, моюнга, далыга өтөт. Оорутуу көңүл айлануу менен коштолот. Мындай абал ар кандай татымалдарды, майлуу, ачуу тамактарды, алкоголдук ичимдиктерди колдонгондон кийин пайда болот. Таштардын көлөмүнө жараша дарылоо ыкмасын сизге дарыгер сунуштайт. Адатта бул оорунун аягы өттү алдыруу менен аяктайт.
Өт жолдорундагы кыймылдын бузулушу
Медициналык термин менен айтканда, дискинезия – бул өттүн өзүнө эч кандай таасир этпей, болгону кыймылдоочу функциясынын бузулушу. Мында өттүн жыйрылышы өтө эле көп болот, же тескерисинче, нормасына жетпей калат да, натыйжада өт суюктугунун бөлүнүп чыгуусунда маселе жаралат. Бул оорунун себеби стресс, айрым тамак-аштарга болгон аллергия, гормоналдык бузулуу, климакс болушу мүмкүн. Ал эми белгиси - оң тараптагы кабырганын асты кыска аралыкка ооруп турат. Ошондой эле адам тез чарчап, такай маанайы чөгүңкү болуп жүрөт, уйку бузулуп, тамакка болгон табит жоголот. Мындай учурда өт суюктугунун бөлүнүп чыгышын жөнгө салуучу тамак-ашка басым жасоо зарыл. Алар: өсүмдүк майы, чийки жашылчалар жана жемиштер. Ошондой эле өт айдоочу өсүмдүктөр бар. Алар: жүгөрүнүн чачы, чалкан, календула, төө жалбырак, каакым. Кургатылган бул өсүмдүктөрдүн үстүнө кайнак суу куюп 12 саат тыныктырып, күнүнө 2 маалдан ичип турсаңыз болот.
Өттү алдыргандан кийинки синдром
Жогорудагы себептерден улам өттү алдырып салгандан кийин байкалган оору. Бул дароо эле операциядан кийин же бир нече айдан, атүгүл жылдардан кийин пайда болушу мүмкүн. Негизги себеби болуп өт суюктугунун айлануусунун бузулушу эсептелинет. Өт ооруларынын башка түрлөрү сыяктуу эле белгилери катары оң капталдын оорлошуп оорушун, ичтин көбүшүн, майлуу тамакты аш кыла албоону, көңүл айнып кускусу келүүнү, тердөөнү, дененин саргарып кетүүсүн айтсак болот. Өттү алгандан кийин врач бекеринен майлуу тамактарды чектөөнү сунуш кылбайт. Өт он эки эли ичегиге өт суюктугун бөлүп-бөлүп жөнөтүп турса, өт жок болгон шартта суюктук ичегиге такай барып турат, бирок аз өлчөмдө. Дал ушул себептен улам ал майлуу тамактарды аш кылуу үчүн жетишсиз болуп калат. Жогорудагы белгилерди байкасаңыз сизди операция кылган хирургга барыңыз. Ал бузулуунун себебине жараша дарылоонун түрүн – диета кармоону, өт кубалоочу каражаттарды же кайра операция жасоону сунуштайт.
Өттөгү шишик
Өттөгү залалдуу шишик оорусу аз учураганы менен рак клеткалары бул органда да өрчүйт. Жалпы рак ооруларынын себеби аныкталбагандай эле өттөгү рактын да так себебин айтуу кыйын. Ошентсе да болжолдуу себептери булар: өттө таштын пайда болуп, сезгенүүнүн күч алышы - зыяндуу өндүрүш. Бул органда пайда болгон рак оорусу көп учурда уулуу химиялык заттарга байланыштуу өндүрүштөрдө иштеген кызматкерлерде көп кездешет. Бул оору алгач таптакыр билинбейт, анткени көп убакытка чейин белгилери башка өт ооруларынын белгилерине окшош болот. Шишик боордун артында жашырынып жаткандыктан УЗИден да көрүү кыйын. Ошондуктан көп учурда метастаз жакын жайгашкан башка органдарга өтүп, дарылоого кеч болуп калганда билишет.
Өнөкөт холецистит
Өнөкөт холецистит - өттүн сезгенүүсү. Акырындык менен өнүккөн бул оору 40 жаштан өткөн аялдарда көп кездешет. Холецистит көп учурда өттөгү таш ооруларынын натыйжасында өнүгөт. Анткени убакыттын өтүшү менен өттүн дубалчалары калыңдап, кыймылы азаят, өттүн ички чел кабыгы капталып калат. Бул болсо өт суюктугунун чыгышын начарлатып, жаңы таштардын пайда болушуна алып келет. Холециститке чалдыккандардын көп бөлүгүнүн өтүндө ичеги таякчалары, стрептококктор сыяктуу инфекциялар бар болсо, аз бөлүгүндө инфекция болбойт. Өнөкөт холециститте адам оң капталдагы ооруну, ичтин көбүшүн, көңүл айнып кусууну, тамактангандан кийин ич өтүүнү башынан өткөрөт. Мындай абал майлуу, ышталган тамак жегенден 2-4 сааттан кийин пайда болушу мүмкүн. Же болбосо унаада жүргөндөн кийин же болбосо өтө үшүп кеткенде, стресс алганда жана денеге физикалык жактан оорчулук келтиргенде да приступ кармайт. Бул ооруга кабылгандар сөзсүз түрдө диета кармоосу керек. Ышталган, ачуу, майлуу тамактар, консервалар, колбаса, какао, шоколад, алкоголдук жана газдалган суусундуктарды рациондон чийип салып, сүт азыктарын, кайнатылган балык, эт пайдалануу сунуш кылынат. Эгерде холециститти өттөгү таш оорулары чакырган болсо хирургиялык дарылоо, башкача айтканда, операция кылдыруу керек болот.
Оттун баардык оорусуна Алоэ вера жакшы жардам берет,оттун клеткаларын жанылайт,тамак жакшы синирет.Отту алдыргандан кийин алоэни узбой ичип туруу зарыл,себеби тамак аш синируу системаны жакшыртат.Жана башка ооруларга эн пайда.
Алоэде адам баласына керектуу био кошумчалар бар.75 питательный веществ.22 минерал.18 аминокисота.12 витамин.Иммунитети тез которот.
Суроо боюнча
🇰🇬🇰🇬🇰🇬
0504-18-75-18
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев