Окууп жат жакшы жатасын)))) 1. Окуя: Ар бир иштин башы – Бисмиллах
Мындан бир топ кылым илгери Ислам динин бекем кармаган Салиха атуу бир аял жашап откон экен. Анын жакшы бир адаты бар эле. Ал ар бир ишин ар дайым « Бисмиллах» - деп баштачу. Бирок анын жолдошу коп деле Исламга маани бербеген адам эле. Ал аялынын» Бисмиллах» - дегенин укканда озунчо кыжыры кайначу.
Бир куну ал «жубайына ар дайым «бисмиллах» - деп айтуунун эч пайдасы жок экенин бир коргозойун» - деген максатта ага бир кесе алтын берип, аны ишеничтуу жерге сактап коюуусун эскертет. Жубайы кесени алаарда дагы» Бисмиллах»- деп торку болмону коздой жонойт. Куйосу артынынан билгизбей ээрчип, тымызын андыйт. Жубайы тордогу сандыктын жанына келип, сандыктын оозуне «Бисмиллах» - деп ачы, колундагы кесекни салып койот.
Арадан бир эки -кун откондон кийин куйоосу сандыкка жашыруун барып , андагы кесени алып, сырты коздой шашыла жонойт. Айылдын чет жакасында жайгашкан кудукка келип, кесени кудукка ыргытып жиберет. Уйуно келип, жубайына: -Салиха акча керек болуп жатат, кесени алып келчи – дейт. Жубайын кытмыр карап, эми кантеер экен деп ичинен кымындап отурат. Келинчеги торку болмого кирип «Бисмиллах» - деп сандыкты ачат. Караса, кесе сууланып калыптыр. «Кызык, Булл кесе кайдан журуп сууланып калган» - деп озунчо кубуронуп тан калат. Жолдошу торку болмодон чыгып келаткан жубайынын колундагы короор замат мууну кылчылдап, апкаара тушот. Бир ааздан сон уну дирилдеп: - Билесинби, Салиха! Кесени кудукка мен оз колум менен ыргыткан болчумун. «Бисмиллах» сени уят кылган жок. Бисмиллахтын кереметине эми ишендим! Кечир мени, куноо менден кетти – деп козунон жашы тегеренет.
2. Окуя: Ал – Аллах
Сырры Сакати кундордун биринде Аллахтын бир суйууктуу пендесине зыяратка барат. Олуя айылында жок болуп чыгат. Тааныгандардан сураштырса, анын того кеткенин ай тышат. Сырры Сакати дарро тону коздой бет алат. Того барса, бир адам Аллахтыты данктап зикир чалып отурган болот. Ага жакыгндап келип: «Ассалоому алейкум» -деп салам берет. Олуя Сырры Сакатинин саламын угуп учурашат. Андан сон Сырры Сакати менен олуянын ортосунда томонку суроо жооп иретиндеги маек башталдат: -Сен кимсин?
- Алл – Аллах
- Эмне менен алексин?
- Ал - Аллах!
- Эмне жейсин?
- Ал – Аллах !
- Эмне ичесин?
- Ал – Аллах!
Анда Сырры Сакати:
- Кун-тун дебей, ушинтип Аллахты танктап, зикир чаласынбы? - деп сурайт. Олуя «Аллах» - деген ысымды угар замат ошол жерден бакырып жан берет.
3. Окуя: Койчунун Аллахка шукур келтириши
Кундордун биринде карапайым бир койчу Жаратканга шукур келтири,
озунун ан-тушунугуно жараша:
- Оо, Жараткан! Кайсыл жерде болсон да, менден сура! Кааласан сага койлорумдун жылуу, даамдуу сутунон саап берейин… Жаткын келсе, жаздыгымды берейин… - деп кайрылып жаткан болот.
Койчунун булл создорун угуп калган азирети Мусса пайгамбар ачуусу келип.
- Сен эмне деп жатасын?! Аллах сут ичкендей, же уктагандай адам бекен?! Аллах Таала баардык кемчиликтерден аруу! Ал эч кимге жана эч нерсеге муктаж эмес! Экинчи мындайсоздорду айтпай жур! – деп койчуну урушат. Карапайым койчу ынгайсыз абалда калып, айткан создоруно абдан окунуп, бушайман болот да, эмне кылаарын билбей, дароо ордунан одула туруп, шашкан6 бойдон жоноп кетет.
Аллах Тала ошол замат азирети Мусага:
«Булл эмне кылганын! Пендем чын журогунон колунан келишинче мага жалынып, Мени эстеп жаткан. Сен аны эмне учун уруштун?! Ал тили менен адепке ылайык создорду айтканды билбесе дагы, жан дили мегнен мени эскерип, мага шукур келтирип жаткан болчу» - деп эскертуу берет.
Азирети Мусса кылган ишине аябай окунуп, дароо койчунун аркасынан издеп жонойт. Коп отпой койчуну таап:
- Сен оз каалаганындай Аллахты эскере бер, - деген экен
(Мавляна Жалаладдин Руминин « Маснави» аттуу китебинен).
Тообо кылуу – тигил же бул куноого чын журоктон окунуп, Аллах Таалага алакан жайып ал ишти экинчи жасабоого соз берип кечирим тилоо – дегенди тушундурот.
4. Окуя: Аллахтын жакшылыгы жана ырайымдуулугу
Зайд ибн Халид (р.а ) аттуу сахаба мындай дейт : Пайгамбарыбых( с.а.в.) Худайбияда туну менен ношоорлоп жааган жамгырдан кийин танкы багымдат намазын окутуп имам болду. Намаздан кийин жамааттын алдына чыгып:
- Жараткан эгенер эмне дегенин билесинерби? – деди.
Жамаат:
Эн туурасын Аллах жана анын элчиси билет - дедик. Анда Пайгамбарыбыз мындай деди:
- Алла Тала: - Пенделеримдин бир болугу момун – мусулман, бир болугу каапыр болуп туношту. «бизге Аллахтын жакшылыгы, ырайымдуулугу менен жамгыр жаады» - дегендер мага ыйман келтирип, жылдыздарды четке каккан (б.а., жамгырды жылдыздардын жаадырганына ишенбеген) момун- мусулман катары, ал – Бизге баланчы жвлдвздардын аркасы менен жамгыр жаады» - дегендер, мага ыйман келтирбей, жылдызга ишенип ( б.а., жамгырды жылдыздардын жаадырганына ишенип) каапыр болуп тун откорушту! – деди.
Сахаба – Азирети Мухаммад ( саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбызды коргон жалгыз Аллахка ишенип Ислам диинин кабыл алаган адам.
5. Окуя: Жалгыз озундон корккондугум учун
Омурундо эч жакшылык кылбаган бир абышка уй-булоосуно
кереезин айтып: - Мен коз жумганда, менин соогумду орттоп, кулумду асманга сапырып жибергиле, - дейт. Ал коз жумгандан кийин балдары анын кереезин, анын айтканындай кылып аткарышат. Аллах Тала Жерге: «Анын кулдорун чогулкула - деп буйрук берет. Жер дароо буйрукту аткарып, анын кулун чогултуп койот. Тиги адамга кайрадан жаны салынып тирилет. Андан сон Аллах Тала:
- Булл кадамга эмне учун бардын? – деп сурайт.
- Оо, Жараткан! Се бут нерсени билуучу Затсын мен булл кадамга Жалгыз озундон корккондугум учун бардым – дейт. Ошол замат ал Аллахтын кечиримине ээ болуп, Анын чексиз мееримине болонгон экен. (Абу Хурайра).
6. Окуя: Ишенбейт бекен:
Убайдуллаах ибн Адий (р.а.) мындай дейт: Бир куну пайгамбарыбыз (с.а.в.) менен чогуу олтурганбы. Сырттан бей тааныш бир адам Пайгамбарыбыздын жанына келип, кулагына бир нерселерди шыбырады. Эмне жонундо шыбырашканын эч кимибиз уккан жокпуз. Акыры Пайгамбарыбыз (с.а.в.) аны озу айтып берди.Корсо, ал адам ушакчылардын бироосун олтуруу учун урукст сурап келген экен. Ал адамдан Пайгамбарыбыз (с.а.в.):
- Ал Аллахтан башка кудай жок Мухаммад ( с.а.в.) Аллахтын кулу жана элчиси экендигине ишенбейт бекен? – деп сурады
Ал :
- Жок Ал ишенбейт деп жооп берди.
- Намаз окуйт бекен?
- Жок, намазда окубайт. Анда Пайгамбарыбыз:
- Аллах Тала мага дал ушундай адамдарды олтурууго тыю салган – деди
7. Окуя: Пайгамбарыбыздын жалгыз Аллахка ишенууго чакырган каты
Азире Мухаммад (с.а.в.) Пайгамбарыбыз бутпарас коомдордун падышаларына жоноткон каттарында чексиз илимдин ээси болгон Аллахтын жалгыз экендигин, Андан башка кудай жок экенин жар салып, озу Аллахтын элчиси болгондугу жонундо кабар берген. Булл каттардын Иудей жана Христиан коомчулуктардга жиберилген каттардан айырмасы. Аллах Тааланын барлыгы, жана жалгыздыгы озгочо баса белгиленген. Маселен ошол каттардын биринде мындай деелет:
Бисмиллахир- рахманирр-рахиим,
Аллахтын кулу жана элчиси Мухаммаддан ирандыктардын башчысы Кисрага. Саламымды акыйкат(адал) жолдо жургон, Аллахка жана анын элчисинекишенген, Аллахтан башка кудайдын жок экендигине, анын жалгыз жана тендешсиз экендигине, Мухаммаддын анын кулу жана элчиси экенедигине ишенгендергеь жолдоймун. Сени Исламга чакыракм. Анткеним мен жандуунун баарына эскертуучу катары, Аллахтын каапырларга болгон окумун (жеткирип) толуктоо максатында бутундой адамзатына жиберилген Аллах Таалапнын элчисимин. Андыктан Исламды кабыл алып, туболук бакытка жет! Эгер кабыл албай баш тарта турган болсон, анда отко сыйынгандардын куноолору дагы сага жазылат.
8. Окуя: Ырыскыны Аллах берет!
Кундордун биринде Ибрахим бин Адхам олуядан бир пол:
- Эмне менен жан сактайсын? - деп сурайт.
- Кай жактан жибергенин менин ырыскымды берген Заттан сура! Мен билбейм.
- Кун сайын ибаадат кыласын, Эмне жеп, эмне ичип жан сактайсын?
Анда Ибрахим бин Адхам ага жооп иретинде тиштерин коргозот. Олуя муну менен «тегирменди жасаган зат суусун дагы жиберет» деген маанини айткысы келдген.
9. Окуя: Кызыл же сары нур
Аллахтын ар турлуу нурлары бар. Алардын ичинде кызылы, жашылы жана агы бар. Бирок, кызыл жана сары нурга алданбоо керек, анткени ал шайтандын нуру болуп калышыда мумкун. Аллах Тала шайтанга да нур корсотууго укук берген.
Баязид бастами олуя рамазан айларынын биринде шакирттери менен биргечоогу чолго барып, сукбат курат. Сукбаттан сон бары эс алышып олтурушат. Ооз ачаарга жакын асмандан бир жаркыган нур пайда болот. Нурдун жогору жагында жайгашкан тактыда олтурган бироо: «Эй кулдарым! Мен силерге ыраазымын. Оозунарды ача берсенер болот» - деп айтат. Булл созду ан-тан абалда карап турган шакирттердин бары угат. Ошол убакта Баязид бастами эмне кылаарын билбей алдастапт калган шакирттерине:
Эч нерседен ооз тийбегиле! Бул- шайтандын дал озу! – деп эскертет. Шайтан ошол замат коздон кайым болот. Шакирттери устатына кайрылып:
- Сиз анын шайтан экенин кайдан билип койдунуз? – деп тан калып сурашат.
Анда устат:
- Анын шайтан экенин тмындан билдим.: Биринчиден ал белгилуу бир жерде корунду. Экинчиден танын уну бир жактан угулду. Ал эми Аллахтан келе турган ун ар тараптан ткелет. Ошондой эле Аллах Тала белгилуу бир жерде эмес. ( Анын белгилуу бир жерег жана белгилуу бир убакытка муктаждыгы жок. Ал турлуу кемчиликтерден кескин турдо алыс!) – деп жооп берет.
10. Окуя: Аллах корбой турган эч бир жер таба албадым
Мындан бир топ кылым илгери устаттардан бири шакирттеринин ичинен бироосун, башкача айтканда, ары акылдуу, ары эмгекчил бир шакиртин озгочо коро турган. Устаттын мындай сезимин башка шакирттери дагы билчу. Алар ичтеринен кызганым, устан эмне себептен озгочо жана жакын мамиле жасайт деп кеп кылышчу. Устат дагы булардан кабардар эле.
Кундордун биринде устат сабакка бардыгына жеткиликтуу санда тоок алып келип, ар кимисине бирден таркатып берет. Ал: - Кана шакирттерим, булл тоокторду эч ким корбой турган жереге алып барып, мууздап келгиле! Бирок абайлагыла кимдир бироо коруп калбасын, - деп эскертет. Ошентип шакирттеринин бары туш-тушка тарап кетишет. Коп отпой тооктордун канын агызып, которуп келе башташат. « Мен баланча жерден мууздам, эч ким коргон жак,» деп кее бири мактанып кирет. Бардыгы кайткандан кийин устаттын жакшы колргон шакирти колундагы тоокту мууздабастан, тиру бойдон которуп келет.
- Уулцм, сен эмне себептен мууздаган жоксун? Досторунду карачы, бары мууздап ккелишти же эч ким коро албай турган жер таба албай койдунбу? Анда шакирти адеп карманып:
- Ооба, устатым. Адамдар корбой турган жерди мен дагы тапмакмын.
Бирок Аллах корбой турган эч бир жерди таба албадым, - деп жооп берет.
Ошентип булл жооп калаган шакирттердин баарын терен ойго салып, кетирген кемчиликтерин козго сайып корсоткондой болот.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев