Хызыр алейхи салам ислам дуйносундо атактуу фигура. Ал тууралуу ар кайсы элде ар кандай кептер айтылып жургону бугунку кунго чейин белгилуу. Кыргыз элинде Кыдыр ата деп аталып,ал бир адамга омурундо жети жолу кезигет деген тастыкталбаган кептер бар. Кыдыр ата ар жуз жылда 18жашка тушуп,жашарып турат. Анан жолуккан адамга озуно кандай мамиле кылса ошондой жооп кайтарат. Турк элинде аны менен саламдашканда он колунун бармагында соогу (кости) жок болот делинип,баскан изинен гул осуп чыгат деген маалыматтар бар. Илипоздор изилдеп чыга элек,адамдын ою жетпеген аллах тааланын дагы бир жаратуусу. Кыдыр атанын барлыгына коптор ишене беришпейт. Ал ар кандай кейпте,жада калса бир тууганындай да болуп коруно алат. Ошол учун илгерки адамдар досун менен суйлошкондо да,суроолоруна туура жооп берип,бир нерсе сураса аябай бере бериш керек,анткени ал Кыдыр ата болуп калышы мумкун деп коп айтышчу.
Жакында эле болгон бир нече окуяларды мисал катары жаза кетели:
Бир киши жайлоодо буудайга суу коюп жургон болот. Бир кезде ылдый жактан бир кишинин келе жатканын корот. Жакын келгенде саламдашып туруп калат. Берки бечара чалдын "эмне эктин,уулум?"-деген суроосуна буудайга суу койгон киши "Таруу эктим!"-деп алдап коёт. Тиги чал кишини карап туруп "оозундан осурак болуп кал,калп айтканын учун! Оомийн!"-деп алып баса берет. Киши ошондон бери ар дайым ыктыта берчуу болуп калган. Чай ичип жатса да,кочодо бара жатса да,суйлоп жатса да ыктытып,кекире берет экен.
Эски чапан кийген чал автобуска чыгат. Артында олтурган эки курбу кыз тигинин кейпин коруп шылдындап кулуп калышат. Нааразы болгон Кыдыр ата,автобустан тушуп баратып айдоочуга акча сунат да "Тиги эки эшекке да алып койчу!"-деп тушуп кетиптир. Кийинки аялдамадан жанагы эки кыз автобустан тушушуп туруп баса албай калышыптыр. Басса буттары такылдайт экен. Карашып алып экоонун ен чачтары тик туруп калат. Алардын аяктары эшектикиндей туяк болуп калыптыр!
Бир аял кышкысын мештен чыккан кYлдY короонун ичинде дайыма бир жерге токчу экен. Бир жолу кошунасы келип кулундон алайынчы эшиктин алдындагы музга чачам деп сурап кетет экен. Кийин дагы бири сурап келиптир. Печкеден чыккан кул аябай коп болуп кеткен экен,баарына керек болсо ала бергиле деп коёт. Ошентип уйдо олтурса бир чал келип:
- Кызым,кулундон алсам болобу?-деп сурап калыптыр.
- Ыы,ала бериниз! Беймарал ала бериниз! Кошуналардын баарына берип жатам!-дептир. Ошентсе тиги киши кокустан:
- Ордуна эмне берейин?-деп сурап калыптыр.
- Жоок,эч нерсе керек эмес! Бекер эле! Каалашынызча алыныз!
- Чын эле эч нерсе керек эмеспи?
- Жоок! Берсениз да албайм. Уят ко! Жон эле ала бериниз!-десе,берки чал колун жайып:
- Омурундон береке таап,бактылуу бол да,эч качан эч нерсеге муктаж болбо!-деп бата берип коюп,кайра короодон чыгып кетет. Тан калган келин акырын артынан сыртка чыкса жанагы чал жок болуп кетиптир. Кошунасына айтса,кошунасы эч кимди коргон жокмун дейт имиш. Корсо Кыдыр ата келген экен. Ал эже азыр Бишкектин Кызыл-Аскер деген жеринде жашайт. Оздору Оштон болот. Куйоосу депутат. Эч нерсеге муктаждыктары жок,эки баласы бар. Аябай кичипейил,ак конул адамдар.
Кыдыр ата тууралуу коптогон окуялар бар. Кызыктууларын дагы жазабыз.
Илгери мусулман олколорунун бириндеги бир медреседе окуучулар Хызыр алейхи салам тууралуу суйлошуп калышыптыр. Алардын айтымында Хызыр алейхи саламдын он колунун бармагында соогу жок экен. Анан да баскан изинен гул осуп чыгат имиш. Жолукканда сураган уч нерсенди берет дешет. Буларды тыншап олтурган бир жаш жигит аябай кызыгып калып,Кыдыр атаны издеп жолго чыгат. Кайдан издешин билбей,эл коп жерге барып,баары менен саламдашып чыгып текшерем да,ошентип таап алам деген чечимге келип,жоноп кетет. Узак жол журуп,чарчаган окуучу бир дарактын колокосундо эс алганы олтура кетет. Олтурса,тээ нарактан бир киши келе жаткан болот. Жакын келип,учурашып алып,жанына олтуруп алат.
- Ии жигит кайда бара жатасын?
- Мен Кыдыр атаны издеп журом!-дейт.
- А сен аны тааныйсынбы?
- Жоок.
- Анда кантип табасын?
- Анан баш бармагында соогу жок,жумшак болот экен.
- Мына мындайбы?-деп колун берсе,тиги бала:
- Ии,ушундай болот деп уккам!
- Дагы кандай озгочолуктору бар экен?
- Кыдыр ата баскан изинен гул осуп чыгат экен!-дейт. Берки киши ордунан туруп ары басып,бутун жерден которот да,осуп чыккан гулду корсотуп:
- Ушундайбы?- дейт.
- Ооба! Ушундай! Кана,дагы бассаныз?
- Мына...
- Кыдыр атанын изинен ушинтип гул чыгат экен!- деп кызыгып тигинин изин карап тура берет.
Берки киши "мындайбы? Ушундайбы?"-деп олтуруп узап кеткен экен. Корсо Кыдыр ата жолуккан экен. Берки бала ойлонуп корсо азыр эле жанына озу келген экен.
Дагы бир окуя Бишкектеги кыз менен болгон. Ал кыз анча сулуу эмес болгондуктан,эч бир жигит аны карачу эмес экен. Бир жолу бир жигит жолугуп калат. Экоо суйлошуп бара жатып,жигит кыздан сурап калат:
- Айтчы,эгер Кожой Кыдыр жолугуп калса,эмне сурайт элен?
- Эх,чындап жолугуп калса ,биринчи аябай сулуу болоюн деп сурамакмын. Кийин ото бай болоюн демекмин. Анан,жигиттердин баары артыман чуркай турган болсун демекмин. Мени баары жакшы коруп калышмак дейт экен. Жанындагы жигит бара жатып "тилегине жет!"-деп коюп,астына басып кетет экен. Кыз болсо,муну таарынтып алдым окшойт деп,ойлонуп бара жатып бир баштык акча таап алат экен. Коздоруно ишенбей,баштыкты которуп алып уйуно барат. Ал акчаларга машине сатып алат. Анан сулулук салондоруна барып аябай жасанат. Кочого чыкса жигиттердин баары карап,тийише баштайт экен. Маанайы жогору,кубанычы коюнуна батпай машинеде бара жатып авария болот. Ошол бойдон олуп кете берген экен. Корсо,ичээр суу тугонойун дегенде Кыдыр ата келип сураган экен. Эгерде омур сураганда омуру узун болмок экен.
Ошондуктан,достор ким сиздерден тилек же каалоонуздарды сураса биринчи кезекте омур,экинчиден ден-соолук,учунчудон оз ара ынтымакты сураныздар! Ушул учоо болсо иншааллах байлык да болот. Анан да Кыдыр ата ар кимге окшошуп келе алат.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 23