Эл Аралык Кыргыздар Ассоциациясы 2018-жылдын 19-январь күнү Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы 12 мектептин окуучуларына «Даанышман Таймаш» интеллектуалдык оюнун өткөрдү. Жалпысынан оюнга 12 мектеп катышып, тандоо турунда кызуу таймаш менен 7 тайпа финалдык бөлүккө өтүшүп эң мыкты оюн көрсөтүштү. Финалда атаандаштык күч болуп оюн дээрлик 2 саатка созулду. Колдоп келген көрүүчүлөр оюндун көркүн ачып, окуучулардын билимге болгон кызыгуусун ан сайын арттырып жиберди десек туура болот. Эң башкысы окуучулардын эки көзү “билим” дегенде төрт болоору кубандырды. Бул биринчи жолкусу, окуучулардын жана эже-агайлардын суранычы боюнча 2018-жылдын апрель айында дагы бир жолу жолуга турган болдук. Эли-жерибизде аманчылык болуп, келечек ээлери болгон окуучуларыбыз, билим жолунда жарышын токтотпошуна колдон келген жардамыбызды берели...
Өзүнүн жардамын аябай, уюштуруу иштерине жардам берип жана демөөрчүлүк кылган, бизнесмен Орозбаев Эрк байкебизге терең ыраазычылык билдиребиз!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2