2017-жылдын 7-октябрь куну Эл Аралык Кыргыздар Ассоциациясы мектеп окуучуларына арналган "ДААНЫШМАН ТАЙМАШ" интеллектуалдык оюнун өтүп баштады. Алгачкы оюнчулар болуп Сокулук районунун Исмаил айылдык орто мектебинин 5-7-классынын жана 8-11-классынын окуучулары болду. Таңкы саат 8:00дө башталган оюнубуз көпкө чейин уланып, Озёрный айылынын орто мектебинин окуучуларына "Тил үйрөнүүнүн жолдору" темасындагы семинар жана интеллектуалдык оюн өткөрүү менен жыйынтыкталды. Жакшы иштерди кылсаң сага эч ким ал иш үчүн акча бербеши мүмкүн бирок, жан дүйнөңдө акчадан да кымбат тынчтык, гармония орнойт. Жакшы иштерди кылуунун аркасында өзүбүзгө баа берүү, өзүңдү баалоо сезимдери жогорулайт.
Бул биз жасачу иштерибиздин башы гана, буюрса алдыда бизге кошулган жаштар менен биргеликте көптөгөн жаны идеяларды ишке ашыра бермекчибиз.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев