2017-жылдын 2-сентябрь күнү Чүй облусунун Сокулук районунун Белек айылында “Кыргыз майрам – КУРМАН АЙТ” аттуу майрамды Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы, КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Өкмөттүн Чуй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Сокулук райондук администрациясы “Ас-Салам” гуманитардык фонду, “Адекс” курулуш компаниясы”, “Эл Аралык Кыргыздар Ассоциациясы” жана “Көк Бөрү”, “Аргымак”, “Эр-Эңиш”, “Кыргыз-Күрөш”, “Салбуурун” спорт федерациялары эң жакшы деңгээлде өткөрүштү.
Майрам саат 10:30да башталып кечки саат 19:00гө чейин кызуу жүрдү. Спорттун 17 түрү боюнча жарышка түшкөн спортчуларга 85 баштык 9 кыргыз ак боз үйлөр, үй салууга 2500000 сомдун сертификаттары, ак боз аттар, кызыл төөлөр, муздаткыч, телевизор, гироскутерлер ж.б кызыктуу белектер белекке берилди. Кыргызстандын 7 дубанынан келген коноктордун саны 20000ге жакын болду.
Кыргыз элинин эле эмес дүйнө жүзүнүн залкар жазуучусу Ч. Айтматов “ааламга жол айылдан башталат” деп бекеринен айтпаса керек. Себеби башында айылдан башталган иш-чара эми минтип Республикалык деңгээлге айланып жатат. Дүйнө жүзүндө тынчтык болуп, Кудай алты саныбызды аман кылса, бул майрамды Эл аралык деңгээлге чыгарганга болгон аракетибизди жумшайбыз.
Алдыда "миң окугандан бир көргөн" демекчи, биздин сүрөттөр кызматта..
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев