Айсулуу да Жаркынай да дарыгерлердин көзөмөлүндө эле. Алардын абалы тууралуу маалыматтар берилип, Белектин кызына гана кирүүгө уруксат берилди. Айсулуу үчүнчү күн дегенде өзүнө келди. Анын азыр абалы алсыз болгону менен өзүн жаңы төрөлгөн бөбөктөй сезди. Операцияга кирип баратканда кызын көрбөй калганына өкүнүп, бирок ал Белектин камкордугунда экенине ишенип, жашоосунун бардык көз ирмемдерин бир сыйра эстеп чыкты. Үй-бүлөдө жалаң кыздар. Атасы энесин кыз төрөдүң деп кечке какшыктап, кээ күнү ичип алып уруп, апасы менен бирге көчөдө качып, кошунаныкында жаткан күндөрүн элестетет. Кийин эмнегедир атасы намаз окуп, ичпей, үйдөгү апасына, кыздарына мамилеси кескин өзгөрдү.
Атасы нааразы болгон кыздар үй ишин колдон алып, ата-энесине өзгөчө камкордук кылышты. Үйдөгү эркектин иши болобу, аялдын иши болобу беш кыз баарын сонун кылып жасап коюшчу. Чөп кыркмай, мал карамай, айтор, кандай иш болбосун майы чыгып жасалчу. Айсулуу да, бир туугандары да мектепте эң жакшы окушту. Кийин окууну улантууда да көйгөй жаралбады. Окуу жайдын медицина факультетине оңой эле өтүп окуй баштады. Жакшы эле окуп жаткан мезгилде айылдаш баласы алып качып кетти. Ооба, жаш кезде нелер болбойт, мектепте окуп жүргөн мезгилде Айсулууну өзүнчө эле камкордугуна алып, бирөөлөр тийише калса же бир туура эмес сүйлөсө Айсулуунун тарабын алып, жаман сөз жуутчу эмес. Айсулуу ал жигитке ичинен ыраазы болуп, дилинде жакшы көрөр эле. Окууга тапшыргандан кийин ал балалык сезимдер кайдадыр учуп, аны эсинен деле чыгарып жиберген.
Окууга келгенден кийин көп кыздар арасында бойдок агайы Белекке ашык болду. Анын сабагын укпай телмирип эле карай берчү. Бирок, Белек аны караган жок, эмнегедир жакын курбусу Айканга башкача көз караш менен караганын сезчү. Ичинен кызганыч өрттөп, бирок бирге жүргөн курбусу үчүн ичинен билдирбей, жөн гана сыздап жүрдү. Өзүн Айкандан кем сезген жок, өзү да чынында жакшынай эле болчу. Бой дейин десе бою узун, чачтары жер чиет, өрүп артына таштап алса, баары чачына суктанып, жакшы сөздөрүн айтышчу. Кашы-көзү кара, өзү ак жуумал. Сабакты деле жаман окубайт. Айкандан эмнеси кем. Болгону Айкан куулук-шумдугу жок шаардык, орус мүнөз кыз болсо, ал шайыр, каткыра күлгөндө күлкүсүнө аппак тиштери жарашып эле калчу. Ашык болгон жигиттер көп эле болду, бирок негедир мени карайт деп үмүттөнгөн Белек ага маани берген жок. Аңгыча айылдашы алып качып кетип, отуруп калды. Бешенемде ушул экен деп, Белекти унуткарып, жашоосун улантамкчы болду. Башта бир-эки ай ушунчалык сонун жашады. Кийин эле кайын энеси сенин окууңа көп акча кетет деп капа болуп, кыр көрсөтө баштады. Анын сөзүн жерге таштабай күйөөсү окубайсын деп сабакка жөнөтпөй олтуруп алды. Үйдө олтурса да кайын энеси кылган ишине кынтык таба берчү. Баса, кайын атасы жаш кезинде эле кайын энесинен ажырашып кетиптир. Өзү балдарын багып, өзү чоңойткон эне эмнегедир баласын келининен кызганып эле өнөрүн көрсөтүп, таарынып, кээ бир учурда жаңжал чыгарчу болду. Мындай көрүнүш Айсулууну жадатып,бир жактан өзү жакшы көргөн окуусунан ажыратканы да капа кылып, турмушунан ажырады. Ата-энесинин, күйөөсүнүн кой дегенине болбой, жашабай койду.
Кайра окуусуна кайтып, улантып, көйгөйдөн запкы жеген жүзүнө аз да болсо нур жүгүрүп келечекти жакшы жагынан ойлоно баштады. Кийин эле Айкан менен Белек баш кошушту. Экөөсүнүн тоюна курбу кызы болуп барганы менен экөөнүн бактысына ичи күйдү. Эмнегедир Белекти Айкан андан тартып алгандай өзүн жаман сезип, курбусун сыртынан жакшы көрүп, ичинен жек көрдү.
Анан экөө кыздуу болушту. Кызы да бир жакшына мотурайган. Анын бир жашын белгилеп жатканда кичине ичимдик ичип, Белекке деген сезими сыртына чыгып кетип, аны куттуктамыш болуп жүзүнөн сүйдү. Эмнегедир буулуккан сезими чыгып кете албай, жанындагы сүйгөн кишисине жакындай албай дүйнөсү тарыды.
Анан... Анан эптеп Белекти азгырды, эптеди. Сүйүүгө мас болду. Белекти ушунчалык сүйгөнүнөн максатына жетти. Өзүн Айкандын алдында күнөөлүү сезгени менен барыбир “Мен да бактым үчүн күрөштүм. Мен сүйсөм эмне кылайын” деп өзүн соортчу.
Кийин кыздуу болушту. Кызы менен жакшынакай эле турмуш кечирип жатканда кайдан да илдет жабышты, ал илдет жарым өмүрүн алып кеткендей болду. Жаркынайды Белек анын апасына ыраа көрбөй, кызын алып кетип алды. Ооруп жатса да, энелик мээрим баарынан күчтүү экен, Белекти жек көрүп, кызын ойлоп сарсаанага батты. Белектен миң суранып, кызын берүүсүн өтүнсө да, Белек камырап да койгон жок. Тилинин учунан ар кайсы шылтоону бир айтып, Айсулуунун жан дүйнөсүн жабыркатты. Кызын көрүп көкүрөгү кусалыктан бошосо, бардык күнүн унутуп, оо дүйнө кетүүгө да даяр эле. Болгону анын айынан ооруган Айкандын алдында эсепсиз күнөөлүү экенин билет, андан тизе бүгүп кечирим суроого даяр. Бирок кантип? Өлүм алдында Айканды канча жолу жаман сөз менен Белекке көп сөздөрдү айтты. Ичинен кечирим сурады. Эми операциядан чыкпай калсам, кызымда бир гана Айкан карайт деп ага өмүр тиледи. Анын үстүнө Айканга ушунча кыянаттык кылса да, апасы, иниси жардам берип олтурушат. Бул адамгерчиликтүү мамилеге өмүр менен карыздар. Мына ушунду ойлорду ойлоп, кудайдан кечирим сурады. Эгер, ушул операциядан чыксам, Айкандан да, Белектен да тизе бүгүп кечирим сурайм деп оюнда катуу да чечим чыгарды.
Мына бүгүн көзүн ачты. Дарыгер баары артта калганын эптеп билдирди. Мунун баарын анын көз карашынан сезди. Өзүнүн да абалы бир аз жакшыдай эле.
Бир маалда Белек кирди. Айсулууну көрүп, колун кармап:
- Айсулуу, буюрса өмүрүң узун болот. Айыгасын, сен үчүн кубанычтамын, -деди.
- Белек, мен сага ыраазымын. Кечире алсаң кечир мени, -деди Айсулуу.
- Айсулуу, сен азыр айыгууга бел байла, калганы эч нерсе эмес, -деди.
Кийин Айсулууну көргөнү апасы, Бектур кирип чыгышты. Белек мүмкүн болушунча Жаркынайды ар жактуу колдоого алды. Көп убактысын аны менен өткөрүп, кызында Айкандын да, Айсулуунун мүнөздөрүн көрүп жатты. Бир жумада Жаркынайды ооруканадан чыгарышты. Эми Жаркынайга чындыкты айтчу да күн келди. Бирок, кантип айтат... Аны бала кантип кабыл алат? Мына ушул жагы туңгуюк эле.
- Жаркынай, эгер сенин апаң Айкан эмес башка десе эмне дейт элең, кызым? – деп сурады Белек.
- Менин апам Айкан дейм, -деди Жаркынай.
- Кызым, сен Айкандын да, менин да, дагы бирөөнүн да кызысын. Сени апаң катуу ооруп, сени Айкан апаң, таянең чоңойттук. Азыр мына чоңойдуң, сен апаңды өлүмдөн сактап калдың, -деди Белек кызынын кичине экенине карабай. Бирок, кызы түшүнгөндөй атасын карап, жөн гана кучактап койду.
- Сен апаңды көргүң келеби, кызым? – деди Белек мукактанып.
- Билбейм, ата.
- Жүр кызым, сен апаңдын өмүрүн сактадын. Биз көрбөсөк болбойт, анын өмүрүн узартуу үчүн апабызга киришибиз керек.
Жаркынай кичине болсо да, адамдын, мындайча айтканда атасынын кайгысын сезди. Атасын кармаган колун бекем кысып, жолугушуу кандай болоорун балалык дилинде элестете албай, атасы менен апасын көргөнү кадам шилтеди. (уландысы бар)
#Байтикова_Бактыгүл
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев