Айкан да Жаркынайды жакшы көргөнү менен апасы менен Белектей мээрим төгө албады же Жаркынай өзү ага жакын болбогону үчүнбү же апасы аны бакканы үчүнбү, айтор эбедейинен эзилип, өзүнүн балдарындай сүйө албайт. “Кимдин кызысын?” десе эле ал да апасын көздөй чуркап жөнөчү.
Жаркынайды эмне үчүн апасы да, Белек да калтырып койгонуна таң калат. Ошол учурда алардын оюна кошулуп бала кала берсин дегени менен кыздын келечегинде бакма экенин укса кандай абалда калат деп көп ойлонот.Кимдин кызы болушу мүмкүн деген суроо бүгүн да жүрөгүн өйүгөнү өйүгөн.
Мезгил эч нерсеге карабай зымырап өтүп жатты. Белек акыркы жылдарда Бишкекке окууга, семинарга деп көп каттоочу болду. Эмнегедир ал жактан келгенден кийин эле “Чарчап калдым” деп эле түнөрүп, өзү жалгыз болууну каалайт. Мындай кескин өзгөргөн мүнөзүнө Айкан бир чети таң калса, бир чети чын эле оор болгондур деп боору ооруйт. Андайда эч кимди анын жанына киргизбей, тамак-ашты да бөлмөсүнө алып кирип берчү.
Бир күнү да сапардан келгенде маанайы абдан суз келди. Анын тынчтыгын бузбайлы деп Айкан өзү тамак-ашты алып кирүү үчүн бөлмөсүнө аста кирип барды. Белек диванда олтурган боюнча уктап жатыптыр. Аны ойготпоюн деген максатта бутунун учу менен басып кайра чыгып баратканда, Белектин телефонунан үн чыгып калды. Телефон дагы Белекке тоскоол болбосун деп аны колуна кармап сыртка чыкты. Эрксиз анын телефонуна кайдан кабар келди экен деп көзү түштү. Кабар WhatsAppтан келген эле. “Сулууай” деп сакталган байланыштан келген катты барыбир карагысы келди. Буга чейин Айкан эч качан Белектин телефонун аңтармак түгүл, аны кармаган эмес. Эмнегедир “Сулууайдын” аты да кызык көрүндү. Кимдендир корунуп, ууру иш кылгандай, бир жактан өзүнөн-өзү жүрөгү ылдам согуп, эч ким жок бөлмөгө кирип, телефонду ачып, катты окуп кирди.
“Белек, мени кечирип койчу, ушунун баарын айтууга аргасызмын. Ар дайым келгениңде бир ооз жакшы сөз айтпайсын же мени түшүнбөйсүң. Менин бардык нерсемден ажыраттың. Сага деген сүйүүмдү алдың, жада калса баламды, Жаркынайды алып кеттиң. Кандай таш боорсун! Бул катты да ыйлап олтуруп жазып жатамын, мени качан түшүнөсүн. Сен ал жакта Айканың, балдарың менен, анын ичинде менин кызым менен бактылуу турмушту өткөрө бер. А мен жабышкан оору менен алпурушуп, сени күтүп зарыгып, жок дегенде өзүмдүн баламды эркелете албай жалгыздык менен күрөшүп келем. Ооба, жанымда апамдар бар, бирок алар мага толук кандуу үй-бүлөнү, жүрөгүмдүн тынчтыгын камсыз кыла албайт. Кудай ай, Жаркынайды кайдан дагы сенин айтканыңды кылып сага бердим. Кыйналсам да баламды өзүм карасам ушунчалык болбойт белем... Мынча шордуумун... экөөбүздүн да урушушубуздун түбү ошол, баарына сен күнөөлүүсүң, ушул сен эле Жаркынайды толук кандуу үй-бүлөдө чоңойсун деп менден тартып алдың... Ооба, сен мага келип-кетер коноксуң, бирок сен менин сезимдерим менен эсептештиңби? А мен болсо сени жоготуп албайын деп,баарына кайыл болдум. Анда жаш экенмин, эми мына оору ар тараптан курчап турганда өз баламды жүзүнөн сүйүп “Мен апаңмын” дей албаганыма армандамын. Бүгүн сен кеттиң, а мен көз жашымды агызып ушул катты жазып олтурам. Бардык өмүрүм сага байланып, же кетип калбай, же кызымды алып калбай, кандай өмүр кечирем? Мен бул сөздөрдү миң жолу кайталап айтканмын,сага жат болуп калган, ошентсе да дагы айттым. Жаркынайдын сүрөтүн жөнөт. Сагындым кызымды”.
Айкан катты окушуна окуп алып, эмне кылаарын билбей олтуруп калды. Бул “Сулууай” ким болду экен деп бир ойлосо, экинчи жактан Жаркынай Белектин кызы экенине, канча жылдан бери анын көзүнө чөп салып жүргөнүн бир ойлоп, башы эч нерсеге жетпей жатты. Ордунан туруп Белекке бир нерсе деп айтууга да даай албай, муундары калтырап, кантээрин билбей, өзүн жаман сезе баштады. Көздөрүнөн жашы тамчылап, эриндери өзүнө баш ийбей шишигенсип, буркурап ыйлай баштады.
Сүйүп, сүйүлүп жашагысы келген Айканга азыр эмнегедир баары караңгы эле. Жаркынай. Анын ою бир жактан Жаркынайга барып такалды. Азыр бул тууралуу айтса анын жүрөгүн жаралап коёру бышык. Башын мыкчып, жерге уруп, азыр эле өлүп калгысы келди. Сулууайымды күнөөлөп, бир нерсе дейин десе анын каты да бир аянычтуу экен. Ушунча жыл аны да, өзүн да арасатка салган Белекти жек көрдү.
Канча олтурганын билбейт, бир маалда Белектин "Менин телефонумду көрбөдүңөрбү?" деген үнү угулуп, Белек Айкан олтурган бөлмөнүн эшигин ачып кирди.
- Айкан, сага эмне болду? –деди Айкандын жаштан кызарган көзүн карап.
- Мага эч нерсе болгон жок. Сизге эмне болгонун сурайын деп жаттым эле.
- Мага эч нерсе болгон жок. Жөн эле иш көп болду. Уктап калыпмын.
- Сулууайлар жүрүшөбү анан Бишкекте? –деди Айкан эми чындап кыжырданып.
- Эмне деп жатасын, Айкан? – деп Белек эч нерседен капарсыз суроо берди
- Белек, эмне деп жатканымды жакшы билесиз, көп анткорлонуп түлкүлөнө бербеңизчи...- деди Айкан күйөөсүнүн жообуна ачуусу келип, - Сулууай ким? Жаркынай, демек сенин кызың экен да, - деп кантип сизден сенге өтүп, бакырганын да сезбей калды.
Белек иштин төркүнүн түшүнүп, алардын урушун бирөө угуп калбасын дегенсип, Айкандын оозун колу менен жаба салды:
- Чыгарба үнүңдү, угат Жаркынай! Экөөбүз бул жөнүндө башка жерде сүйлөшөбүз, Айкан!
- Менин оозумду жаппа, сен кылгылыкты кылып, эми оозумду жаап жатасыңбы?!
- Айкан, түшүнчү, баланын жүрөгүн жаралабайлы, бас, азыр эле, мен сага түшүндүрөйүн.
- Баспайм! Баарын түшүндүм! – деди Айкан ыза-ый аралаш жерде жаткан телефонду Белекке ыргытып.
- Айкан, токтотчу! Жүрчү, эшикке чыгып келели.
- Чыкпайм! Жек көрөм сени! Жогол! – деди Айкан өзүн кармай албай бакырып ыйлап. (уландысы бар)
#Бактыгүл_Байтикова
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3