Белек экөө ал күнү кол кармашып,бирде карды бири-бирине чачып, бир башкача сезимде болушту. Ал Айканды үйгө жеткирип жатып, аны бетинен сүйдү да: “Мындан ары тез-тез жолугалы, макулбу?”- деди. Айкан жүзү тамылжып, көздөрү нурданып, жөн гана күлүмсүрөп баш ийкеп койду.
Айкандын башкача маанайда кирип келгенин байкаган апасы Айканды жылмайып тосуп алды.
- Кызым маанайың жакшы го ээ?
- Ооба, апа, Белек агай менен кичине олтуруп келдим. Жолугушууга чакырганынан бардым. Аны билесиз да, мурун ушундай жигитке жолуксаң дедиңиз беле, а мен ушундайына эмес, так өзүнө жолугуп олтурам го, апа!
- Кызым, түбөлүгүң түз болсун! Канткен күндө да жашсың, сулуусуң, тил билгисиң, акылдуусун. Белекпи, башкабы, кадырыңа жетсе болду.
- Ооба, билем. Буюрса, бактылуу болом.
- Айтканың болсун, кызым.
Эне-бала ошол күнү ушинтип сүйлөшүштү. Айкан төшөгүнө жаткандан кийин бүгүнкү күндү ойлоду. Уйкусу жок, Белек экөөнүн кантип олтурганы, сүйлөшкөнү, айтор баары-баары көз алдынан чубуруп өтө берди. Өзүнө таң калат, буга чейин бир дагы жигитти жандап же жакшы көрүп, жигиттер тууралуу такыр ойлогон эмес. Эми болсо, “Сүйөм же жакшы көрөм” деген сөздү укпай эле, бир чакырууда, кучактап, өөп, сүйгөн кыздын ролун аткарып калганына, өзү да жооп таппай, башы бушайман. Мен аны мурунтан эле жакшы көргөм да дейин десе, жакшы көрүү деле болбоптур. Баарын курчуткан балдар, жок, балдар эмне аны Белекке алып барып берди беле?! Кыскасы, Айкандын жаш жүрөгү демейдегиден ылдам согуп, өзүн эмнегедир арасат сезимде уйгу-туйгу болгондой сезди. Бүгүнкү жолугушуу ырахат тартуулаганы менен, экинчи жактан “Кандайча, дароо эле Белекке азгырылып кеттим?” деп өзүн-өзү жемеледи.
Адамдын жашоосу өз нугу менен өтө берет дегендей, Айкан менен Белектин мамилеси күн өткөн сайын ысып, бири-бирисиз күн өтпөй калды. Айкан мурун окуусун, үйдөгү иштерди, оорукчан атасын көбүрөөк ойлосо, эми ошол ойлордун баарын басып өткөн сезимди, Белекти ойлоо сезимин алдында башка ойлор эч нерсе эмес болуп калды.
Ырас, Айкан үчүн жашоо абдан кооз эле, бирок ошол кооздук да кайсы бир күнү жабыркатаарын кайдан билди.
Ошондой бактылуу көз ирмемдерди өткөрүп жатканда атасы дагы ооруп калды. Атасынын оорусу күчөп, ооруканага жаткырышты. Кант диабети деген балакет оору анын ашказанын катуу жабыркатып, кала берсе өпкөсү да шамалдап, оорудан запкы жеди. Апасы жумуштан кечке бошобой, Бектур атасын ооруканада карап, үй-тиричилигин алып кетүү кыйынчылыкка учурады. Кээде ушунчалык кыйналып кеткенде Айкандын окугусу келчү эмес. Үйдөгүлөргө кантип жардам берсем экен, канткенде атамдын оорусунан айыктырып алабыз деген ой көкүрөгүн эзгилеп, чүнчүп кетти. Белек сүйгөнүнүн бардык кыйынчылыгын сезип, жок дегенде жылуу сөзү менен жардам берип жатты. Акыры ажал атасын алып тынды. Мындай жоготуу баарына оор эле. Адамдын тагдыры жашоодогу таянган жакшы көргөн кишисинен ажыратса, өзүн коёрго жер таппай, туңгуюкта жашап калат турбайбы. Жандай көргөн атасын жоготуу менен Айкан турмуштун башка барагын ачты. Атасынын иштебесе дагы тоодой карааны анын боорун бүтүн кылган турбайбы. Армандуу дүйнө! Эми мындан аркы жашоосун кандай ирмемдер коштойт,бир гана жаратканга белгилүү. Бирок, адамдын көзү өткөндө бир гана анын жакшы жагы көрүнүп калабы, атасынын өткөнүн көкүрөгүнөн чыгарам деп анын жаман жактарын ойлоюн деп эч таппады. Буркурап, ичи эзилип ыйлады. Ыйлаган менен асыл кишисин таппагандан кийин не чара?!
Бектур да эмнегедир ындыны өчүп, Айкандан өтүп күйдү.Эки бир тууган ошондо атасынын туугандары менен жакшы катышпаганын сезишти, ошондо сүйөй турган жакындары жок экенин билишти. Тайлары келип, аларга жардамга кол сунганы менен ата журт деген башка болот турбайбы...
Атасынын мааракелерин өткөргөндөн кийин, Айкан окуусун уланткысы келбей, иштесемби деген ойдо Белек менен кеңешип, окуусун бир жылга токтотуп турууну туура көрдү. Бирок, Белек макул болгон жок. Анын окууну бүтүп алуусун суранды. Айкан окуусун улантканы менен мурдагыдай сабакка дит коюп, көңүл бурбай калды. Ошентсе да, Белек ага колунан келишинче жардам берип, сессияларын тапшырды.
Апасы мурунку эле жумушунда иштеп жатты. Бектур болсо аз акчага канааттанбай, дагы бир нече кара жумуштарга орношту. Айкан да аларга кол-кабыш кылам деп, балдар ооруканасына жумушка кирди. Бирок бүтпөгөн диплому менен эч канча маяна ала турган эмес.
Атасынын жылы өткөндөн кийин Белек Айканга үйлөнүү тууралуу сунуш кылды. Мындай жүйөөлүү кадамга бир чети кубанса, бир чети апасы менен инисин кантип таштаарын билбей башы катты. Апасы менен инисине Белектин сунушун айтты эле, алар мындай кабарды кубануу менен кабыл алышып, анын турмушка чыга берүүсүнө ыраазычылык билдиришти.
Ошентип, Белек күздүн август айында туугандарын Айкандыкына кудачылыкка жөнөттү. Тойдун күнү белгиленип, калың бычылды. Мындан кийинки убакыт эмнегедир зымырап өттү. Үйдү ремонттоп иретке келтирмей, базарлык кылмай, кем-карчты толуктамай сыяктуу иштер эмнегедир убакыттын кандай өткөнүн билдирбей, учуп жатты.
Той. Бактылуулук. Аппак көйнөк, аппак жоолук, аппак арзуулар. Айкан азыр ушунчалык бактылуу эле. Кандай гана керемет, арзуу кылган, өзү сүйгөн адамына баш кошуп, өмүрлүккө бирге болуу! Бүгүн үйүнөн узап чыгат, ал чыккан жол башка жол. Эми анын таянары, ишенер адамы бар.
Бирок, үйдөн чыгаарда эмнегедир көкүрөгүн бууган бир нерсе демиктирип, аба жетпей сыгылып чыкты. Ал балалыгы, апасынын мээрими, инисинин деми, жылуу үйү менен коштошуп жатты. Үйдөн узаган кыздар эмне эле муңканып ыйлайт деп маани деле берген эмес экен, көрсө өз үйүңөн башка туурга конуу барыбир кыйын турбайбы. (уландысы бар)
#Байтикова_Бактыгүл
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2