Айкан өзүн Белек менен элестеткени менен Белекке өзү сыяктуу көптөгөн кыздардын ашык экенин билчү эмес.
Кышкы экзамендер башталып, Айкан да сессияга даярдана баштады. Белектин сабагы гастроэнтерологияга тиешелүү сабак эле. Ал айткан тапшырмалардын баарын аткарып, сынакка жөнөдү. Бирок жүрөгү эмнегедир уйгу-туйгу. Ал бардык сабактардан жакшы окугандыктан сынактарды жөн гана тапшырчу. Бул сапар андай болгон жок. Агай төрттөн-бештен студенттерди окуу бөлмөсүнө киргизип, сынактын билеттерин алдырып жатты. Айкан сынактын ортосунда кирип, билетти алды. Суроолорго бир сыйра көз чаптырды да, орундукка олтуруп даярдана баштады. Жооптун баарын билгендей, бирок кантип айтып берет, ушул суроо жүрөгүн эзгилеп, башы бир ордунда эмес. Кезек Айканга жетти.
- Кана, Айкан даярсыңбы? Жооп бере бер, - деди агайы.
Айкан “Даярмын” дегендей баш ийкеди да, суроону окуп, Белекти карады. Ал айта бер дегендей ишарат кылды. Бирок, Айкан аны карашына карап алып, кызарып кетти. Билеттин суроолорун билем деген ою заматта кайда учуп кетти, өзү да билбей калды.
- Айкан, жооп бербейсиңби эми! Эмне болду? Кызарып кеттиң го... Ушу сенин башың ооруп турат окшойт, - деди Белек.
- Жок, агай,жакшы элемин...
- Анда айта бер.
- Ммм...
Айкан суроонун башын кайталады да, кайрадан не дээрин билбей “Мен кайра даярданып келейинчи, агай?” – деди алдастап.
Агайы макул болгондой баш ийкеди. Айкан сыртка чыгып, терең дем алды. “Кандай баа алдың?” деп эшикте жабылып турган тайпалаштарынын суроосуна жооп бербей эле, эшикке чыгып кетти. Кайра сынакка киргиси келген жок. Эмне болсо ошол болсун деп, кайра тапшырууда тапшырам деп өзүн жооткотту. Бирок, кайра тапшырууда стипендия албай калат, ал эми окуудан алган стипендиясы жок дегенде жол акысына жарачу.
Ошентип, кайра сынакка кирбей, үйгө жөнөдү. Атасы кызынын эрте келгенине таң кала, ал-жайын сураганда, “Сизди дарылаган дарыгерден баа ала албай койдум”, -деди. “Кокуй, кызым, бул эмнеси? Сен бардык эле сабактардан жакшы окучу эмес белең ыя?”- деди атасы да кызынын мындай абалда келишине тынчсыздана
- Билбейм, ата, өзүм эмнегедир жооп бере албай койдум.Эми эртең суранып көрөм, балким, кайра тапшырсам, жакшы эле тапшырып калармын.
- Макул, кызым, тапшырасын. Белек деле жаман бала эмес көрүнөт. Ички дүйнөсү таза, жакшы жигит экен. Эртең даярданып барсаң,балким эң жакшы деген баа аларсын.
Атасы менен экөөнүн кеби мына ушинтип бүттү. Апасы, иниси жумуштан келгиче тамак-ашты даярдап, сабагына даярданууга киришти. Эртең Белектен сынакты кайра тапшырууну сурап көрөт. Эгер макул болсо, предметти кайсыл жеринен болсо да жооп берүүгө даяр экендигин билдирет. “Болду, -деди ичинен, - Мен мындан ары Белекти ойлобойм. Ал ким мага, мен киммин ага?. Демек, жөн гана сабагына жакшы даярданып, айтып берүүм кажет”, - деп ойлоду.
Ырас, Айкан колунан келишинче даярданып, эртеси Белек олтурган кафедрага жөнөдү. Агайы кабинетте жалгыз экен. Айкан эшикти тыкылдатып, уруксат сурап кирди.
- Саламатсызбы?
- Аа кел, Айкан! Саламатчылык! Эмне маселе менен келдиң?- деди күлүмсүрөп, алдында уялыңкы, ыйбаа кылып, жер карап турган кызга ичи жылып.
- Кечээги сынакты... эгер сиз уруксат берсеңиз, тапшырайын дегенмин...
- Ммм... Жакшы. Сен келбегениңден, бирок сабакта жакшы катышып, такай жооп бергениңден, сага баа коюп койдум эле, Айкан.
Айкан не дээрин билбей апкаарый түштү.
- Ракмат, агай. Сизге чоң ракмат!
- Эч нерсе эмес, эми баа алгандан кийин сен да менин тапшырмамды аткарасың да, Айкан?!
- Ии, макул агай, айта бериңиз...
- Эртең эс алуу күнү да, туурабы? Түштө мен сени чай ичүүгө чакырам. Менин тапшырмам ушул, - деди Белек Айканга жагымдуу жылмайып.
- Ммм...- Айкан не дээрин билбей, эми чындап өзүн ыңгайсыз сезип, уялып кетти. Же сүйүнөөрүн, же макул экендигин же эместигин билбей саамга ойлоно калды.
- Айкан, эмне болду? Кеттикпи анда эртең? Жакшы жерге барып чай ичели, анан мен сага дагы бир жерлерди көрсөтөм.
- Макул, агай. Бирок, үйдөгүлөрдөн уруксат сурап көрөм. Эгер макул болушса, макул, сиз менен чай ичип келем.
- Мына эми жакшы болду. Үйдөгүлөр албетте жооп беришет. Эми сен чоң кыз болуп калбадыңбы!
- Макул, агай, мен барайын.
- Макул, жакшы бар. Бирок, эртеңки тапшырманы унутпа, мейлиби?
- Унутпайм, агай!
Айкан сынакты агайынан ушинтип тапшырды. Мурда Белекти жөн гана элестеткен Айкан эми жүрөгү-уйгу болуп, анын элеси жүрөгүнө эле кирип алгандай. Ал баа алганына кубандыбы же эртеңки жолугушууга чакыруу алганына кубандыбы, айтор ошол күнү жүзү албырып, көздөрү бир башкача жайнап турду.
Үйгө келип, бардык үй жумуштарын бүтүргөндөн кийин, эрте эле жатып алды. Ал эч нерсени ойлогусу келген жок, бүгүн ал башкача көңүлүн алып учкан башкача сезимде эле. Белектин элесин көкүрөгүн сактап, жөн гана экөөнүн сүйлөшкөнүн элестеткиси келди. Ооба, бул сүйлөшүүнү ойлобоюн десе да, Белектин аны карап бир башкача күлмүңдөп карап турганын оюнан чыгара албады.
Мына жолугушууга бара турган саатка аз эле калды. Баса, экөөнүн жолуга турган жери, шаардын ортосунда жайгашкан калың бактуу Токтогул паркы эле.
Айкан өзүнүн эң жакшы көргөн көйнөгүн кийип, чачын жөн гана түрүп алды. Өзүн күзгүдөн караганда бир башкача сулуу көрүндү. “Мурун да ушундай белем?” деген өзүнүн суроосуна күзгүдөн жагымдуу жылмайып, “Билбейм, бирок бүгүн Айкан, абдан сулуусун!” деп жооп берди да, үйдөгүлөргө жолугушууга бара тургандыгын кабарлап, маанилүү жолугууга жол алды.
Белгилүү жерге жеткенде айлананы карап, Белекти издеди. Көрүнбөйт, бирок кышкы парктын кооздугу анын көңүлүн буруп, көңүлү көккө көтөрүлдү. Айлана, чынында абдан кооз эле, дарактар жумшак, аппак мамыкка оронуп жаткандай, шактары ийилип, уктап жаткандай. Тегеректин баары акка боёлгон. Суук дейин десең суук деле эмес. Таза абаны дем алганда көкүрөгүң ушунчалык жеңилдей түшөт. Айкан окуу менен, үй менен алек болуп, мындай жаратылыштын кереметтерине дегеле суктанып көргөн эмес экен. Айтор азыр, ушул көрүнүш аны бир башкача сезимдерге жетелеп, өзүн ушунчалык бактылуу сезип жатты.
Бир маалда көзүн бирөө бекитип калды. Айкан көздөрүн беките калган колдорду колу менен кармады. Бул колдор ушунчалык жагымдуу эле.
- Сизди күттүрдүмбү, карындаш?-деди кулагына шыбырай колдордун ээси.
Ооба, бул Белек эле. Айкан бурулуп аны караганда, күнөөлүүдөй болуп, кармап турган роза гүлдөрдүн тутамын Айканга сунду.
- Көп деле күтпөдүм, агай! Келгениме эч канча болгон жок.
- Айкан койчу, агай дебе! Жөн гана байке де же болбосо Белек десең да макулмун.
- Чын эле, байке десем болобу?
- Ооба кантип болбосун, Белек десең андан жакшы болот.Жүрү мен кечиккенимдин себеби бар, экөөбүз олтуруп чай иччү жерди дагы бир текшерип келе калайын дебедимби...
- Аа, анчалык убаракерчилик көрбөй эле койбопсуз да...
Айкан ушул тапта Белектен бир аз тартынып, жөн гана суроолоруна жооп берип, же кыска гана бир нерселерди сүйлөп жатты. Алар парктын ортосунда жайгашкан чакан кафеге киришти.Кафенин ичи караңгылатылып, жагымдуу музыка ойнотулуп жатыптыр. Күйүп-жанып турган чырактар музыкага шайкеш келип, маанайыңды көтөрөт. Белек Айканды колунан жетелеп, четте атайын даярдалган эки адамдык орундукка олтургузду. Столдо шамдар жагылып, мөмө-жемиштер коюлуп туруптур. Андан башка шире куюлган айнек идиш, жана шампан ичимдиги бар экен.
- Айкан, бүгүн экөөбүзгө романтикалуу күн тартуулагым келди. Биз бүгүн сени менен эң сонун эс алабыз деп ойлойм.
Айкан Белектин мындай даярдыгына бир чети ыраазы болсо, бир чети ошол ыраазычылыгын кантип билдиришти билбей турду.
Тамактардын буюртмасы алдын ала берилгенине байланыштуу официант жигит баарын алып келип жатты.
Дасторкондо жеңил салаттар коюлуптур, ысык тамак да тооктун этинен башкача рецепт менен жасалыптыр.
Айкан эмнегедир Белектен тартынып жаттыбы, эмнегедир дасторкондо коюлган дүр-дүйүм тамак-аштан аз-аздан алып, жөн гана ширеден ичип олтурду.
Белек болсо Айканга ар кандай суроо берип, арасында өзү тууралуу айтып жатты. Белек үй-бүлөдө эң кичүүсү экен. Ата-энеси эки кыздан кийин, уулдуу болушат. Уул көргөнүнө кубанган алар Белек деп ат коюшуптур. Бирок, Белек мектепти аяктаарына үч-төрт ай калганда атасынын жүрөгү кармап каза болуп калат. Атасынын мындай күтүүсүздөн каза болгонун апасы көтөрө албадыбы же мурунтан ашказаны ооруп жүргөнбү, ал да тез эле ооруп, атасынын артынан кете бериптир. Эмнегедир апасынын каза болгону Белекке катуу тийип, өзүнө келе албай, араң сооронуптур. (уландысы бар)
#Байтикова_Бактыгүл
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1