16-БӨЛҮМҮ...
******
Жапжашыл, кооз, чакан бакчадагы түркүн гүлдөрдү аралап салынган жол аркылуу басып баратты. Артынан дайым калбай ээрчип жүргөн эки кызга бурулуп "кете бергиле" - дегендей белги кылып колун жаңсады. Алар не кылсак дегенсип бирин - бири карап калышты.
—Жалгыз болгум келет, - деди араб тилинде кыздарга буйрук бере.
Ошондо гана эки кыз башын жерге салып арты менен басып кетишти. Көзү гана көрүнүп оозунан бери тосулган жука жоолугун түшүрүп олтургучка олтура кетти. Жүзүн көккө созуп, көздөрүн жумуп терең - терең дем алып кандайдыр бир өзүнө тааныш жытка кумар болуп ошону издеп жатты. Ээх десең?! Гүлдөр канчалык кооз, түркүн түстө болгону менен буркурап, көмөкөйдү жарган жыты жок. Сумсая түштү аял. Ушул учурда өзүнүн айылдагы тамын эстеди. Апасынын ошол чоң бакчасындагы гүлдөрүн эстеди. Кандай гана жыпар жыт чачып турушчу эле. Ал жактагы күн да башкача чакчая тийип бактылуу болчу. Айылдагы үйлөр мынтип заңкайбаса да, тамы жепирейип эскилиги жетип турса да ошол үйлөрдүн ичинде өмүр, жашоо бар болчу. Булар менен кошо эски үйдө бейкуттук анан тынч бакыт кошо өмүр сүрөт. Азыр көз уялтып турган ак сарайда супсак өмүр сүрүп жаткандай. Күн бул жакта чакчайып тийсе да өтө эле бийиктен, анан жылуулугу жок тийет. Нурлары жетишпейт. Чыйрыккан денесин, үшүгөн жүрөгүн жылыта албайт бул нурлар. Бул өлкөнүн жада калса асманы да түшүнүксүз. Жылдыздарды акыркы жолу качан көргөнүн эстей да албайт экен. Ал эми Кыргызстанда баары башкача болчу. Күн да, ай да, жылдыз да өзгөчө. Таңдын атканы менен күндүн батканы бири бирине окшобогон керемет эле. Мына колуң созсоң жете калчу көкмөк асман, андагы аппак болгон булуттар. Түндөсу асман бетин жаап, жомок ааламдай көрүнгөн жыбыраган жылдыздарчы. Учу кыйыры көрүнбөгөн чексиз жолдо көк тиреген тоолор менен асман бириккендей көрүнчү. Ал жакта жашоо, дем алуу алда канча жөнөкөй.
—Жаннат айым, - деп чакырган үндөн селт этти.
—Түшкү тамактануу убактысы болду, - деген кыз жумшак сүйлөп алдыны колу менен көрсөттү.
Жаннат Саммит менен жашап жүргөн бул жылдар көз ачып жумганчалык тездикте өтүп кетиптир. Айжаннат эмес жөн гана Жаннат болду. Жарандыгын да алмаштырды. Жашоосу ордуна түшкөнү менен көөдөнүндө сагыныч айыкпай койду. Кыргызстан деген, кыргызмын деген сезимди жүрөк түпкүрүнөн ушунча жылдан бери жулуп сала албай келет. Көрсө туулган жерге болгон сүйүү ааламдагы башка сезимдерден такыр бөлөк экен. Аны мынтип Айжаннатка окшоп мекенден бүтүндөй алыста жашоо кечиргендер гана түшүнөт.
***
Жаннат ар жылы ушул күнү шаар айланып жүргөндү адат кылып алган. Бул күнү дүйнөнүн булун бурчунан Арабияга зыяратка адамдар агылып келишет. Көкүрөгүндө балким мекендештерин көрүп калам деген кыял менен адамдар селдей аккан жерлерди кыдырып, экиден кобураша кеткендердин сөзүн кокус жүрөгүнө тааныш тилде сүйлөп жатышабы деген үмүт менен тыншап кала турган. Бирок жыл сайын анын үмүтү таш каап мекендештерин кезиктире албай кетет. Хаким да жылдар аралыгында Жаннатка ишенип калгандыгы үчүн аны эч кандай тоскоолдуксуз сыртка жалгыз чыгара берчү. Жаннат жаш кезинде качып кетүү такыр оюна келбеген экен. Балким жаштыгына салып, балким чын эле Кыргызстанды унуткусу келип жашады. Бирок кээде сагыныч коодонун өйүп, ушул олтурган ордунан туруп белгисиз багытты көздөй жөнөп кеткиси, өз жерин көргүсү апасын издегиси келип түшүнүксүз сезимдин курчоосунда калат. Бирок эми кайра артка кайтуу мүмкүн эмес экенин эстеп тез эле өзүн сооротуп, азыркы жомок жашоосуна өзүн байлап алданып жашап кетет. Бара-бара жүрөктөгү күйүтү ал нерселерге, жасалма кооздукка алданбай кайрадан күч ала турган болду.
—Чын эле абдан кооз жер экен.
—Ооба апама деле жакты.
Жаннат шарт артын бурулуп карады. Азыркы сүйлөшүүнү чын уктумбу дегенсип эки жагын алактап издеп жатты. Азыр эле кулагына жаңырып өткөн добуштарды кайрадан таппай калганына ызаланып кетти. Балким жөн гана кулагына угулгандыр. "Жоок! Жок мен даана уктум. Мен бул тилди жүз жылдап болсо да унута албайм!" - деп жатты ич-ичинде.
—Карачы муну эле сатып алалы? - деген кыздын шынгыр күлкүсү дагы өзүнө жакын жерден жаңырды. Мына тапты. Тээ тигинде жаш жубайлар бир нерсе сатып алып жатышыптыр. Акырын алардын жанына басып келди да өзү да буюм тандап жаткандай алардан көз албай турду.
—Мындайлар азыр өзүбүздө деле сатылып жатпайбы? Кел андан көрө мындан башкача нерсе алып кетебиз.
—Бул жактыкы баары бир башкача. Билинет, - деген келинчегин жетелеп кеткен жигиттин артынан Жаннат да бара жатты. Аларга тең болуп жетти да кыздын колунан шарт кармады.
—Кыргызсынарбы? Мага жардам бергиле суранам?!
Капысынан билегинен бирөө кармап алганга чоочуп кеткен кыз алгач колун силкип алса, кийин көзүнөн башка бүт жүзү тосулган аялды тиктеп туруп калды. Капкара көздөрү жашка толуп өзүнөн жардам сурап жалооруп карап туруптур.
—Эже сизге эмне болду? - деди кыздын күйөөсү таң кала.
—Бул жерде айтып бере албайм. Силердин жардамга муктажмын, - деген Жаннат тамагына келген жашка муунуп жатып араң жооп берди.
—Эже биздин жашаган мейманканага бара аласызбы?
Жаннат көздөрүн ирмеп койду. Бул дегени макул дегени эле. Алдыда алар, артында Жаннат бара жатты. Мейманканага жетишип жаш жубайлардын бөлмөсүнө киргенде Жаннат жоолугун чечип ыйлап жиберди.
—Оо кудай! Рахмат сага кудайым! Өзүңө чексиз шүгүрлөр болсун! Менин үнүмдү укканын үчүн ыраазымын!
Тизелей олтура калып эки колун жогору көтөрүп ыйлап жаткан аялды Мээрим менен Максат таң кала карап тура беришти. Бир убакта барып басылган аялга стаканга суу алып келип берип ордунан турууга жардам берди Мээрим.
—Мен бир адашкан силердин мекендешинер болом, - деген Жаннат көз жашын сүрттү.
—Өзүм түштүк жергесинин кызымын. Бул жактарга сатылып кеткем.
—Азыр деле адам саткандар барбы? — деди Мээрим таң калганын жашырбай.
—Эже бул жакта жүргөнүнузго канча жыл болду?
—Жыйырма беш жыл, - деген Жаннаттын көзүнөн аккан жаш жаагынан ылдый кулады.
—Ошончо жылдан бери бир да барган жоксузбу Кыргызстанга?
—Жок, бара алган жокмун.
—Эже ыйлабанызчы биз сизге сөзсүз жардам беребиз, - деген Мээрим Жаннатты кучактап алды.
Өзүнүн мекендештерин жолуктурганы үчүн балким "жардам беребиз" - деген сөздү угуп мекенине кайтуу үмүтү кайра жанданганы үчүн өксүп ыйлап жиберди.
********
—Айпериииии, Шоола?! - эшиктен кубанычтуу кирип келген Арлен бөлмөнүн оозунда чачтары иретсиз чачылып, көзүнөн жаштары мөлтүлдөп бош болгон орогучту кучактап бир абалда олтурган Айперини көрүп чоочуп кетти.
—Сага эмне болду?! - деген жигит кызды ордунан тургузмакчы болду.
Айпери жооп бергендин ордуна кайра колундагы бала орогучту кучактап алып өксүп ыйлап жиберди.
—Шоола! - деди Арлен ошондо гана кызга бир нерсе болгонун сезгендей ымыркай жаткан керебетке чуркап. Бош турат керебет.
—Шоола кана?! - Арлен Айперини эки желкесинен жулкулдатып жиберди колдору калтырап
—Алып кетишти... - өксүп ыйлаган Айпери башка сөз айта албады.
—Кайда? Кимдер алып кетти?
—..... Айпери жооп бергендин ордуна шолоктоп ыйлай берди.
—Мен! Баарына мен күнөөлүүмүн! Кызымды менин айымдан алып кетишти! Эми кантип жашайм?! Арлен мен Шооласыз жашай албайм! Ооба бир убактары туура эмес кылдым! Бул менин кызым эмес деп кечип кетмекчи болдум! Бирок... атасы апасы башка болсо да Шоола менин төрөгөн кызым ! - чачын жазып бакырып ыйлап да, сүйлөп да жаткан кызды көрүп Арлен эч нерсе түшүнбөй турду. Түшүнгүсү да келбеди. Билгени Шооланы табыш керек. Арлен кудум өз кызын жоготуп алгандай көкүрөгү опкоолжуп, деми кысылып кетти.
—Айпери, - деген Арлен кызды колдон алып тургузду.
—Кел сүйлөшөбүз, азыр тынчтанып баарын айтып бер. Мен Шооланы табам! Сага сөз берем!
Жаштуу көздөрүн көтөрүп Арленди карап алган кыз башын ийкеди. Баарын айтып берди. Деги эле Москвага келген күнүнөн Арленге жолукканга чейинкисин баарын айтты.
—Каны кыргыз эмес болсо да ал менин кызым! - деди Айпери.
Арлен эми түшүндү неге Айперинин көздөрү капкара болсо да кызы Шооланын көздөрү асмандай көкмөк экенин. Чачтары сары экенин. Биринчи оруска алданып калган го деп болжооп койгон болчу.
—Мына номерге чалыш керек, - деди Айпери колундагы мыжыгып турган кагазын Арленге сунуп. Арлен башын мыкчып алып бөлмөнү айланып басып жүрдү. Шооланы эч эле кыя албай жатты. Эми эле бул жолдон тазаланып баратпады беле? Шоола үчүн, Айпери үчүн таза жашоо баштагысы келген. Бирок азыр Шоола үчүн кириш керек кайра. Анткени мындай тез убакытта ушунча чоң сумманы табуунун башка жолу жок экенин да билип турду. Бул жолдун башы бек, кууш экенин билсе да кайра кирүүгө аргасыз болду.
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2