💎Анын бири, баардык ишти жакшы тилек, жакшы ниет менен баштоо.
💎Камыр жуурдун алдында сөзсүз колду таза жууп, унду элеп алуу.
💎Жакшы маанай менен жуурулган камыр көөп барпайып, заматта ачып, кызара бышкан балпайган нандын жыты баарынын табитин ачат.
💎Таң эрте үйгө ырыскы кирет. 💎Дасторкон жайганда да бөксөсү болсо, сөзсүз толтур.
💎Бирден койбой, насип кылып буюрган ырыскы түгөйү менен турсун.
💎Жадагалса, кумшекерди жаңыртып салып жатып ичиңден жакшы каалоо-тилек айт: “ Жашообуз таттуу болсун, ырыскыбыз ар убак толуп турсун”.
⠀
💎Аялдын энергетикасы зор күчкө ээ.
💎Канчалык ниетин оңдоп, жакшы тилегин айтса, ошончолук үй-бүлөнүн пайдубалы бекем болот.
⠀
💎Ичи тар, пейили да тар, көрө албас, ушактан колу бошобогон аялдарды салыштырып көргүлө.
Өмүрү камыры ачыбайт, бышырган наны же чала бышат же күйүп кетет.
⠀
💎Төтөн тойдун астында, нандын кандай бышканын төлгө кылып, энелерибиз айтып калаар эле: “ Боорсогу жакшы бышыптыр, иши оңолот”, “ Каап, жакшы ачыбай калыптыр, иши оң болбой турат”.
⠀
💎Тамакты куюп бөлүштүрүү да чоң өнөр.
💎Адегенде балаңдан баштабай, дасторкондо отурган улууларга узатып, өзүңдү да унутпа.
💎Мен анан ичем деп баш тартып койсоң, батадан, ырыскыдан кур каласың.
⠀
💎Жаратканга ыраазычылык билдирип бата кылып туруп, эң биринчи нандан ооз тийип анан башкасына өтөбүз.
💎Тамакты ичип бүтүп, чала-бучук бата кылып туруп кеткен да жарабайт.
💎 Дасторкондо отургандар баары кошулуп Бата кылуу зарыл.
💎Мына ошондо ЫРЫСКЫ тегиз тиет.
💎Ырыскысын көтөрө албаган;
💎 Ырыскы жукпаган;
💎 Ырыскыны арбыткандар бар.
💎Ырыскыбыз дайыма толуп турсун. 🤲🤲🤲
Автор Кумар Токоевна
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5