Эр аял чогуу турмуш куруп барга да , жокко да чыдап, бирин бири өөдөдө өбөк , ылдыйда жөлөк болушту. Жан кейиткен жардылык жанга батып , өлбөстүн күнүн көруп , күнүмдүк тамак аш менен гана жашап жаткан убакта алыстан ат арытып Аялдын төркүн жагынан келген мейман айттырбай үйгө кирип келди .
Алапайын таппай , койоорго тамагы жок Аял сыртка чыгып , күйөөсүн чакырды да мындай деди :
- Сен Мейманды аябай жакшы маанайда кабыл алып , күлүп жайнап отур . Мага карап буйрук берип сүйлө . Карындагы сары майды аңтарып салып кел, сүрсүгөн чучук этти кесип кой , сандыктагы таттууну чач дей бер . Жаш малдын этинен тамак ас де . Мага ачууланып бол тез дей бер . Калганын мага кой дейт.
Күйөөсү аялы айткандай бапырап, мейманга күлүп жайнап сүйлөп жатты . Аялы айткандай тамактын түрүн айып, аялын шаштырды .
Аялы кебелбеген мүнөз көрсөтүп отура берди . Күйөөсү кыйкырган сайын ажылдап беттен ала каршылык кылган түр көрсөттү
Төркүндөн келген мейман экөөнүн урушу күчөп кетпесин деп арачы түшүп , бөлүштүрүп кеткиче шашты .
Төркүндөн келген мейман үйүнө келип Күйөө баласы тууралуу мындай дейт .
-. Күйөө бала абдан берешен, ак көңүл жакшы адам экен . Кызыбыз жакшы жерге түшкөн экен .Бирок аттиң Биздин кыздын пейили абдан начар тура - деген экен .
Көрсө Аял барган жердин кемтигин жаап, жакшысын ашырган кеменгер Зат тура #аял
Кадыралиева Ж
Адыр айылы .
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев