Кыргызда бейтааныш адамдар сураша келсе, тууган, куда, таяке, жок дегенде уруулаш болуп чыгат. Бүгүн кыргыз тилдүү окурмандарыбыздын бул жааттагы билимин текшерип көрүүсүн сунуш кылабыз.
Урматтуу Кыргыз элим сиздерден кечирим сурайм, кечиккеним учун жана анча мынча катачылыктар учун. бул тестти киргизип жатканда жумушум коптугуно байланыштуу шашылыш турдо киргизгем. Кийин ондоп койоюн десем киргенден кийин кайра ондолбойт экен!!!
Тесттин жыйынтыгы:
1)Өкүл ата, өкүл эне
келиндердин башчысы
келиндер менен күйөө балдар
жаш жубайларга үлгү катары шайланган үй-бүлө *туура жооп*
кыздын улуу туугандары
2)Бажа
коңшу-колоң
Эки ата өткөн туугандар
үйлөнө элек жигит
бир тууган кыздардын күйөөлөрү *туура жооп*
3)Куда-кудагый
аталаш туугандар
үйлөнгөн жаштардын инилери
үйлөнгөн жаштардын ата-энелери *туура жооп*
бир туугандар
4)Кайын-журт
бажалар
келиндин достору
үй-бүлө күткөн адамдын аялынын же күйөөсүнүн туугандары *туура жооп*
күйөө баланын достору
5)Кайненеңиздин жалгыз кызы сизге ким болот?
ички иштер министри
өкүл эне
балдыз
жар *туура жооп*
6)Таяке
жездемдин иниси
апамдын ага-инилери *туура жооп*
келинимдин бир тууганы
атамдын агасы
7)Таяке-жээн
Эки эркек бир туугандардын балдары
бир туугандардын эң кичүүсү
чоң куда
Эркек жана кыз бир туугандын балдары *туура жооп*
8)Төркүн
кудалардын жыйыны
күйөө баланын туугандары
келин алган тарап
келиндин үй-бүлөсү, туугандары *туура жооп*
9)Кудача
бир туугандар
үйлөнгөн жаштардын инилери
аталаш туугандар
үйлөнгөн жаштардын кыз бир туугандары *туура жооп*
10)Бел куда
наристе төрөлө электе эле ата-энелеринин кудалашып койгондор *туура жооп*
узак жолго чыккандагы кудалар
өкүл ата менен өкүл эненин статусу
куда болбой калганда ушинтип аташат
12)Жеңе
кичүү ининин жары
улуу эженин кызы
Ага бир туугандын жубайы *туура жооп*
күйөө баланын келинчеги
13)Күч күйөө
ажырашып кеткен күйөө
күчтүү күйөө
кайындары менен жашаган күйөө *туура жооп*
акылдуу күйөө
14)Күйөөңүздүн апасынын жубайы сизге ким болот?
кайната *туура жооп*
кайнене
кошуна
бел куда
14)Жото
жетинчи ата
алтынчы ата *туура жооп*
кайната
өкүл ата
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев