Жалал-Абад шаарында 8-класстын окуучусун ата-энеси издеп жатат. 2005-жылы 18-декабрда туулган Шамсидинов Абдуло Давлатбекович ушул жылдын 30-октябрында үйүнөн чыгып кетип, кайра келген эмес. Үстүндө кара курткасы, башында кара кепкасы, бутунда кара кроссовкасы болгон.
Жоголгон баланын ата-энеси Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган.
Эгер ушул баланын дайынын билгендер болсо, төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюуну жоголгон баланын ата-энеси суранат.
Тел: 0555 102 853; 0222 535 717; 0772 877 769.
URL: http://ua.kg/society/703/
Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Комментарии 2