Бегалиевдин үйүндөгү 4 майыптын бири да пенсия албайт.
Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн тургуну Каныбек Бегалиевдин үй-бүлөсүндө ден соолугунан мүмкүнчүгү чектелген 4 адам бар. Төртөө тең ушул күнгө чейин пенсия алышпайт. Жада калса дартты аныктап, майыптыгы тууралуу каттоого турууга каражат жок, деди үй ээси.
Бул үй-бүлө учурда оор абалда күн кечирүүдө. 55 жаштагы Каныбек Бегалиевдин 2 көзү 3 жылдан бери көрбөйт. Ал эми, жубайы Айзада Саматованын жаш кезинен бери кулагы укпайт. Алардын уулу дагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелип, жумушка жараксыз. Бул үй-бүлөнүн келини дагы ооруйт.
Каныбек Бегалиевдин 3 кыз, 1 уулу бар. 2 кызын турмуш жолуна узаткан. Учурда эң кичүү кызынын гана ден соолугу жакшы. Сиңдим мектеп окуучусу, деди үй-бүлөнүн улуу кызы Гүлзира Бегалиевa
«Менин 4 балам бар. Ата-энеме кээде жардам берип турам. Аларды пенсияга чыгарууга каражат жок. Чарбакта 3-4 түп алмабыз бар. Күзүндө алманын түшүмүн сатып тиричилик кылышат. Мамлекет тараптан жөлөк пул берилип калса аз да болсо жардам болмок», - деди Г.Бегалиева
К.Бегалиевдин үй-бүлөсүнө жардам берүүнү каалагандар 0779 742 380 номуру аркылуу байланышса болот.
Окмот социальний защита деген малдар кай жакта оттоп журушот, ушундай адамдарга жардам бербей э тобо кыргызстанда бийликтегилер козу корбу, же эмне акчасы барлардын байлардын эле проблемасын эле чечип калганбы!
Ооба атасы райондун баш врачы, баласы айыл окмот анан болбой эле фейсбукта макташа берет баласын бир уйбулого жардам бералбагандан кийин эмнесин мактайсынар айыл окмотунорду
бир досум өлүп калган кемпирге пенсия чыгарып коюп соттоло жаздадыле. Ушундай тирик төрт майыпка кантип эле бир айылдын эли пенсия чыгарып бере албасын кошуналарыда кичине өкмөтүн түртүп коюшса боло.
Тфу ушуга окшогон окмотко,жеп жаткан чиновниктерге,,кайдагы чындык,кайдагы акыйкаттык болсун,ушуларга колдоо бере албаган сон, байкуштарга кудайым куч кубат берсин
Нет комментариев
Новые комментарии
Бул жанагы Мариповдун бир ооз созу менен буто турган ищ соопту башка жактан издебей кошунага кара
Кечирестер бир нерсенин толугу менен билбей туруп жыйынтык чыгарыш кыйын. Бул байке Кыргыз-Атанын кайсы айылынан экен. Жардам сурап өкмөткө кайрылбаса керек да. Кыргыз-Атада 20000дей калк жашайт өкмөт кызматкерлери 20дай. Баардык кожолуктун жашоо шарттын аныктоо өтө кыйын иш. 20дай кызматкердин 2су гана социалдык аз камсыз болгон жана майыптар менен иштеген кызматкерлер. Айлыктары аз.
Каяктагы гумпомош. Ал жерде иштейин деп эч кимдин көзү учуп турган жери жок. Айлык аздыгынан эч ким өкмөткө ишке киришти каалабайт. Өкмөттө 90 пайыз пенсия жашындагы кызматкерлер
2100сом окладка бир айга ким иштейт жаштардан. Улгайган ага-эжелерибиз ошого каниет кылып СССРдин тарбиясын алып калышкандыктан иштеп жатышат. Аларга стажына бир аз кошулуп 5000 сомдун тегерегинде болот
Катту тийсе кечир.Ошол кызматкер болумуштардын иши болот айыл аралап жакындан жардам беруу деген.Ошо болумуштууларга сен экообуз айлык акы толойбуз билсен.
Анынызда туура. Бизде эл аралап иштөө үчүн айылдын калкынын санына жараша кызматкерлерди алуу жана айлык акысын көбөйтүү жолу менен чечилет. Айлык көбөйсө жаштар келет жаңы муундагы компьютердик технологиялар менен иш жүргүзүшөт эле. Кызмат орундар боюнча 10000 калкы бар айыл өкмөтүндө деле 20кызматкер 20000калкы барында деле 20 кызматкер
Ушундай майып адамдар ар бир айыл окмоттун каттосунда болууга тийиш.Ошол айыл окмоту куноолуу.Ошону менен катар эле Ноокат райондук,социалдык коргоо болумунун кызматкерлери да куноолуу.Ишти териштирип,мыйзам алдында жооп бериш керек.
Документ албаса катталбай калат да агатай. Документти өкмөт эмес ВТЭК (МСЭК) деген берет ооруканадан. Соц.пенсияны райондук соц.помош бөлүмү, пенсияны соц.фонд берет.
Ар бир кызматтын өзүнчө функционалдык милдеттери бар, алар ошол багыт боюнча иштешет. Өкмөт берсе ФПСтин жеринен аренда акысыз жер бере алат. Андада ал иштете алса и нолгун өзү төлөйт. Өкмөттүн функционалдык милдеттери чектелген
Урматту мекендештер бир тууган кыргыз элим биздин атка минип алган чиновниктер сот зашитадагылар акимдер айыл окмоттор эч качан бизге окшогол колунда жок оорукчан алсыздарды алардын козу корбойт бизге окшогон кембагалдардын тагдыры бир да чондорубузду кызыктырбай
Бизге окшогон бей бечараларга ыймандуу мекендештерибиз гана жардам берип кун коруп жашайбыз чиновниктерден умут жок. аллах раазы болсун сиздпрден муктаждарга жардам берген мекендеш бир туугандар акчан болбосо азыр
Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Комментарии 89
Бул байке Кыргыз-Атанын кайсы айылынан экен. Жардам сурап өкмөткө кайрылбаса керек да. Кыргыз-Атада 20000дей калк жашайт өкмөт кызматкерлери 20дай. Баардык кожолуктун жашоо шарттын аныктоо өтө кыйын иш. 20дай кызматкердин 2су гана социалдык аз камсыз болгон жана майыптар менен иштеген кызматкерлер. Айлыктары аз.
президенттике ат салышып жаткан чиновниктерге кайрылышса,биринен бири отуп чуркап келишет.
Кызмат орундар боюнча 10000 калкы бар айыл өкмөтүндө деле 20кызматкер 20000калкы барында деле 20 кызматкер