“Жарды жашоодо жашасам да жан дүйнө байлыгымды сактагым келет"
“5 жылдан бери ушул гаражда баш калкалап келем. Муну 2012-жылы 36 миң сомго сатып алгам. Өткөн жылы ажылык сапарга барып келдим. 2015-жылы 12-октябрь күнү Ош шаарындагы борбордук мечитти көздөй жолдон өтүп баратсам 122-маршруттук каттамдын унаасы коюп кетти. Жамбаш сөөгүм ажырап кетиптир. Айдоочу качып кетпей, ооруканага алып барды. Дарыгерлер операция жолу менен сөөгүмдү салышты. Коюп кеткен бала мен ооруканадан чыккандан кийин да үйүнө алып барып эки айкарады. Андан соң: "Гараж да болсо, өз үйүмө жеткирип кой", - деп сурандым. Ал баланын үй-бүлөсүнө ашыкча түйшүк болгум келген жок. Ошентип, кайра гараж үйүмө келип жашап калдым. Ошондон бери өз алдымча баса албай, таяк таянып калдым. Маанайыма жараша ыр жазам. Жарды жашоодо жашасам да, жан дүйнө байлыгымды сактагым келет. Эки жыл мурун «Ыраң-Көл» деген аталыштагы ырлар жыйнагым жарыкка чыкты. Ыраң-Көл - мен туулуп-өскөн жердин аталышы. Ал эми бул жыйнак менин алгачкы ырлар топтомум болуп саналат. Бул жыйнактан менин эне, сүйүү, махабат, Ош, Ак-Буура, селсаяктарга арнаган ырларым орун алган. Жөн жатпай, жетекчилерге айрым сунуштарымды айтып келем.
Ош жергеси - касиеттүү жер. Сулайман-Тоонун айланасына "Ош" деген жазууну чагылдырган көп кабаттуу имарат курууну сунуштадым. Ушундай имарат курулса, спутник аркылуу Сулайман-Тоону караганда Ош шаары экендиги так көрүнөт. Ошондой эле Чоң-Алай районунун Ачык-Таш айылында нефтинин чоң запасы бар. Иш эми эле башталып, бирок токтоп калган. Нефтинин батыш тарабы Өзбекстанга, чыгыш тарабы Кытайга, түштүк жагы Афганистанга барып такалат. Ушул кенди кайра иштетсек, күйүүчү майга болгон муктаждык азаймак. Мындай сунуш менен мурунку өлкө башчылары Курманбек Бакиевге, Аскар Акаевге кат жолдогом. "Кыргызнефть" ишканасынан "учурда каражат жетишпейт" деген жооп келген”
“Карылар үйүнө баргым жок, балдар үйү көңүлүмө көк таштай тийген"
“Мени таанып-билгендер “ушинтип кыйналбай, карылар үйүнө эле барбайсыңбы?”,-деп көп айтышат. Жаштайыман жетим калып, балдар үйүндө тарбиялангандыктан, ошол кез дагы деле эсимен кетпейт. Балдар үйүндө эч жакка чыкпай катуу тартипте чоңойгондуктан, көңүлүмө көк таштай тийген. Ошондуктан карылар үйүнө түк баргым келбейт. Андан көрө тирүүлүктүн күнүн өзүм каалагандай басып-туруп ушул гаражда өткөргөнүм жакшы. Тамагымды өзүм жасап жейм. Кээде жакын жердеги ашканага барып тамактанам. Кудайга шүгүр, көзүмдүн көрүүсү жакшы, Куран китеп окуйм. Зериксем сыртка чыгып ары-бери басам. Телевизор деле көп көрбөйм. Ошентип өзүмдү алаксытам. Гаражда кышкысын аябай суук болот. Электр печкасын колдоном. Аяз күндөрү такыр эле суук болуп баратса, меш куруп койгом, мешке көмүр жагып кыштан чыгам. Ушинтип тирүүлүктүн күнүн көрүп жатам, Кудайдын буйруганынан качып кайда бармак элем?..”
Авторлор:
Наргиза Канжарбекова,
Гулиза Маликова,
Дастан Осмонов.
Комментарии 3 200
Күнөө албетте балдарында да,себеп дегенде аларды канча деген мээнет менен чоңойтту,балдары акмак экен,байкуш карыган атаны мындай таштабаш керек да