Кызыкты ичке түнөтпө.
Кыз келин болот күн өтсө.
Көркөмдүү улуу тойуңда
Көңүлгө кайгы тилетпе
Кааломду айтам ыр менен
Кошулган эки жүрөкө.
Жакшылык жарчы бүт болсун.
Жайнаган бакыт кут консун.
Жомоктой жашоо тез өтөөр
Жоолуңар дайым түз болсун.
Үмүттөр бирге үй бирге
Үйлөнүү тойунар кут болсун.
Баардыгын бирдей көрөөрсүң.
Баарына бирге көнөөрсүң.
Наркыңаарды көтөрөр
Нааристелер төрөлсүн
Көз тийбей күлүн ачылып
Көшөгөңөр көгөрсүн.
Кайрымдуу болгун атаңа.
Кайрымдуу болгун апаңа.
Ээрчишип эгиз козудай
Эки үйдү бөлөк атаба.
Ободо кудай берет дейт
Оролуп жүрсөң батага.
Турмуштун татаал жагы бар.
Туурасын жолдун таанып ал.
Күйөө болуш оңой бу?
Күмүштөй жарды багып ал.
Келин болуш оңой бу?
Барган бир жерге жагып ал.
Бир татып таттуу жыргалды.
Бир катып жүрөк сырларды.
Өбөктөп экөң калганча
Өткөргүлө жыргалды
Болгончо каары ак сакал
Болгула дайым ыймандуу.
Той болсун дайым жергемде.
Толкуган майрам элдерде.
Ак ниет таза болгула
Ак батасын бергенге.
Нечен нечен тийсин дейм.
Эмгегиңер эл жерге.
Ж.Эсенбаев.
Каракол 27.12.17ж
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 6